Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Кыргыз шахматчылары дүйнөлүк олимпиадага барат


12-апрелде спорттун азыркы беш түрүнөн Венгрияда дүйнө кубогунун таймашуулары башталды.

Мында өлкө намысын Антон Новиков, Никита Кузнецов баштаган жигиттер коргоп жатат.

Бул дүйнөлүк таймашта жеңип чыккандарга Лондон олимпиадасына жолдомо берилет. Мурда кыргызстандык спортчулар каражаттын тартыштыгынан АКШда жана Бразилияда өткөн дүйнө кубогунун мелдештерине барбай калышкан.

Кыргызстандык спортчулар Венгриядан кийин Орусиянын Ростов шаарында өтө турган дүйнө кубогунун кезектеги мелдешине катышат. Эгерде кыргызстандык спортчулар арбын упай топтоого жетишип, алдыңкы орундарга ээ болушса Лондон олимпиадасына жолу ачылышы ыктымал.

Бокс: Азиянын олимпиадалык сыноосу

12-апрелде Казакстандын борбору Астанада бокс боюнча жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Бул турнирде кыргызстандык 9 бокс чебери күч сынашты. Бирок олимпиада үчүн таймашууларда сегизи утулуп, бирөө гана үмүттү жандырып турат.

Астанада финалда тажикстандык Жакон Курбанов индиялык Сумит Сангванды утса гана үчүнчү орунга илинген кыргызстандык Сергей Скляровго Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылышы мүмкүн. Бишкектеги бокс мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачев:

- 81 кг. салмакта Лондон олимпиадасына үч орун үчүн жолдомо берилет. Ошондуктан финалда тажикстандык Жокан Курбанов утса гана, кыргызстандык Сергей Скляровго Лондон олимпиадасына жол ачылат. Бокс күйөрмандары "тажикстандык жигит утса экен" деп тилек кылып турабыз.

Жарым финалда Сергей Скляров Азия чемпиону, тажикстандык Жакон Курбановго 12:7 эсебинде жеңилип калды.

Астанада 52, 64 жана 75 кг.салмактарда ар биринде Лондон олимпиадасына төрттөн жолдомо ойнотулду. Ал эми 56, 69 жана 81 кило салмактарда үч орунга жолдомо ыйгарылды.

Адистердин баамында, Астанадагы мелдеште кыргызстандык Азат Үсөналиев, Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков, Асадулла Баймурадов, Ислам Далибаев жарым финалга эле чыкса, Лондон олимпиадасына жолдомо алышмак. Бирок Астанада спорт күйөрмандарынын үмүтүн кыргыз боксчулары актай алышкан жок.

Астанадагы олимпиадалык турнирде 28 өлкөнүн 130 бокс чебери мөрөй талашты. Бул мелдештин жеңүүчүлөрүнө Лондон олимпиадасына 25 жолдомо ыйгарылды.

Таэквондо: Өзбекстандын беш чемпиону

Таэквондо ITF боюнча Өзбекстандын ачык чемпионатында кыргызстандык спортчулар 29 медаль утуп алышты. Алардын бешөө алтын, төртөө күмүш жана жыйырмасы коло байге болуп саналат.

Биринчи орунду ээлеп, Өзбекстандын чемпиону аталгандар - Карина Нажимова, Ыса уулу Арсен, Азиз Исаев, Бактыбек уулу Ильязбек жана Мейржан Тугамбеков. Бул мөрөй талашууга Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын төрт жүздөй спортчусу катышты.

Шахмат: Чемпиондор аныкталды

12-апрелде Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Кыз-келиндер арасында кимдер жеңишке жетип, августта Стамбулда өтө турган дүйнөлүк шахмат олимпиадасына кимдер барышаарын федерациянын аткаруу комитетинин мүчөсү Бактыгүл Тиленбаева “Азаттыкка” айтып берди.

- Кыздардан биринчи орунду Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Нуриса Оторбаева жеңип алды. Александра Самаганова экинчи, 12 жаштагы менин шакиртим Диана Өмүрбекова үчүнчү орунду ээледи. Эркектерден жана кыз-келиндерден бештен шахматчы август айында Стамбулда өтө турган бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына барышат.

Эр-азаматтардын акыл таймашында Алис Шүкүралиев өлкө чемпиону аталды. Сапар Эмил-экинчи, былтыркы чемпион Андрей Мазницин-үчүнчү орунду камсыз кылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG