Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Кыргызстандык жаш шахматчылар Румынияда


Жаш шахматчылардын Бишкектеги мелдеши, 1-июнь, 2010.
Жаш шахматчылардын Бишкектеги мелдеши, 1-июнь, 2010.

Румынияда шахмат боюнча мектеп окуучуларынын дүйнө биринчилиги өтүүдө. Тайландда кыргызстандык бийчилер Азия чемпиону аталды.

Дүйнөлүк акыл таймашы

3-майда Румыниянын Иаси шаарында шахмат боюнча мектеп окуучулары арасында дүйнө биринчилигинин акыл таймашы улантылды. 15 жашка чейинки кыздар арасында өлкө намысын Элина Самүдин коргоп жатат. Алгач азербайжандык Фатима Ахмедовадан утулса, экинчи беттешүүдө монголиялык Ганчимег Батсайханды жеңди.
13 жаштагы өспүрүмдөрдүн акыл таймашында Айдар Кененбаев ирандык Савош Вождани жана перулук Кевин Кори менен тең чыкты.

15 жаштагы өспүрүмдөрдөн Тагир Таалайбеков эки упай топтоп, жоон ортодо келүүдө. Жакшылык Нурланов колумбиялык жана азербайжандык атаандаштарын жеңип, 3 упайга ээ болуп, алдыңкы топко кошулду.

Устаттар да билимин өркүндөтөт

1-майдан бери Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн шахмат устаттарынын усулдук семинар кеңешмеси өтүүдө. Эл аралык шахмат федерациясынын демилгеси менен өтүп жаткан кеңешмеге Кыргызстандан белгилүү машыктыруучулар Бактыгүл Тиленбаева менен Азиз Умарбеков катышууда. Жыйын 4-майда жыйынтыкталып, атайын даярдыктан өткөндүгү тууралуу күбөлүк тапшырылат.

Бийлеп Азия чемпиону болсо жарашат

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин басма сөз катчысы Жазгүл Аликееванын айтымында,Тайланддын борбору Бангкокто спорттук бий боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын 3 жуп бийчилер коргоп, 6 медаль жеңип алышты. Натыйжада кыргызстандык Алексей Кибкало менен Виктория Качалко спорттук бийлердин бир нече түрүнөн 3 алтын жана 1 күмүш медаль утуп, Азия чемпиону аталды. Бишкектик Михаил Камарда менен Александра Ким Азия чемпионатынын күмүш жана коло байгесин жеңип, адистердин көңүлүн бурду.

Азия биринчилигинин 22 медалы

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө таэквондонун ИТФ түрүнөн Азия чемпионаты соңуна чыкты. Бул азиялык таймашка 16 өлкөнүн үч жүздөй спортчусу катышты. Өлкө намысын тандалган 14 спортчу коргоду. Бул Азия чемпионатында кыргызстандык спортчулар 22 медаль утуп алышты. Алардын үчөө алтын, ону күмүш жана тогузу коло байге болду. 14 жаштагы Алай Жамбоев, 16 жашар Олег Югай жана Кыдыр Кадырбеков Азия чемпиону болуп, адистердин купулуна толду.

"Салам-Аликке" теңдеш чыга элек

Волейболдон кыз-келиндер арасында Бишкек шаарынын биринчилиги соңуна чыкты. Федерациянын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев биринчиликке 8 команда катышып, “Салам-Алик” командасы жеңүүчү болгонун “Азаттыкка” билдирди.

Алты өлкөдөн алдыга чыкты

Алматы шаарында каратенин шинкиокушинкай түрүнөн Евразия биринчилиги өттү. Мында кыргызстандык 4 спортчу барып, 1 алтын, 2 күмүш байгелүү болушту. Алты өлкөнүн жүз элүүдөн ашуун спортчусунун таймашуусунда 15 жаштагы Арсланбек Асылбек уулу баш байгенин ээси болду. Кыздардын мелдешинде Нуска Үмүтбек кызы күмүш медаль тагынды. Ардагерлердин атаандашуусунда Сергей Шевченко экинчи болду.

Илья Игнатьев олимпиадага жолун ачабы?

Дене тарбия, спорт агентигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев 3-майдан 10-майга чейин Германиянын Больтенхаген шаарында парус спорту боюнча дүйнө чемпионаты болоорун “Азаттыкка” маалымдады.
Мында өлкө намысын Илья Игнатьев коргойт. Быйылкы дүйнө чемпионатынын өзгөчөлүгү - жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылат. Илья Игнатьев “Лазер” үлгүсүндөгү кайык жарыштарына катышат.

Баралына келгенде, баарын утат суучулдар

Астанада өткөн сууда сүзүү боюнча Казакстандын ачык чемпионатында кыргызстандык суучулдар 7 медаль утуп алышты. Бул мелдеште Кыргызстан, Орусия жана Казакстандын 20 спорт клубунун өкүлдөрү мөөрөй талашты. Кыргызстандан барган 4 спортчу ар кыл аралыктардагы сууда сүзүү жарыштарында 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байге утуп алышты. 50, 100, 200 метрге эркин сүзүүдө Станислав Карнаухов марага биринчи келди. 400 метрге сүзүүдө Султан Букеев Казакстандын чемпиону аталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG