Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстандык балбан байгелүү болду


Түштүк Кореяда кулагы начар уккандардын Азия оюндарында кыргыз балбаны коло байге утту.

1-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында футзал боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталат. Бирок мында Кыргызстандын тандалма командасы жарым финалга чыкпай калды. Кыргызстандык футболчулар жарым финалга чыгуу үчүн Жапониянын тандалма командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде утулуп калышты.

Футболдон өлкөгө эмгек сиңирген устат Бообек Кадыркуловдун пикиринде, кыргызстандык жигиттер дурус ойноду.

- Бирок жапондорду утуп алса, дүйнө чемпионатына жолдомо алышмак. Ошондуктан футзал боюнча атайын адистер зарыл. Футзал боюнча атайын спорт мектебин ачуу керек. Себеби чоң футбол менен футзалдын айырмасы абдан чоң. Жаштарды тарбиялап, футзалга көңүл бурмайын Азияда мөрөй алып, дүйнө чемпионатына баруу кыйын.

Футзал Азия чемпионаты 25-майда башталып, 1-июнга чейин төрт топто 16 команданын мыктылары иргелди.

1-июнда финалда Жапония менен Тайланд өлкөлөрүнүн футболчулары беттешет. Футзалдан Азиянын 10 жолку чемпиону Ирандын командасы үчүнчү орун үчүн Австралиянын командасы менен ойнойт.

Максат Бейшенкулов таанылды

31-майда Түштүк Кореяда кулагы начар уккандардын Азия оюндарынан кыргыз балбаны олжолуу келди.

Мында кыргызстандык 9 спортчу мөрөй талашты. Жыйынтыгында 66 кило салмакта күрөшкөн Максат Бейшенкулов коло байге утуп, Кыргызстандын туусу ободо желбиреди.

Кезектеги Азия оюндары 2015-жылы Тайвандын Таоюан шаарында өтмөк болду.

Бардыгы балдар үчүн

31-майда Бишкекте Балдарды коргоо күнүнө карата “Бардыгы балдар үчүн!” ураанынын алдында кыздар жана өспүрүмдөр арасында теннис боюнча эл аралык турнир улантылды. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Жазгүл Аликеева буларды айтты:

- Мелдеш 1-июнга чейин Панфилов атындагы парктын "Тай-Брэк" теннис кортунда өтүүдө. Ага Кыргызстанда расмий катталган АКШ, Түркия, Казакстан, Тажикстан жана Кытай өлкөлөрүнүн консулдар менен элчиликтердин кызматкерлери катышууда. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, турнирдин жабылышына өкмөт мүчөлөрү да катышат.

Бишкек шаарында Балдарды коргоо күнүнө карата кыздар менен өспүрүмдөр арасында спорттук гимнастика боюнча ачык чемпионат өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров “Азаттыкка” билдирди.

- Бул мелдеш Бишкек шаарында спорттук гимнастиканы өнүктүрүү жана жайылтуу, спорт менен машыккандардын санын көбөйтүү, нормативдик разряддарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Турнир Ш.Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдер окуу жайынын базасында өтүп, ага Бишкек жана Чымкент шаарларынын курама командалары катышты.

Бишкекте үстөл тенниси боюнча балдар үйлөрүнүн жана атайын балдар борборлорунун жеткинчектери катышкан мелдеш соңуна чыкты. Командалык эсепте атайын адистештирилген 21-мектептин өкүлдөрү биринчи орунду камсыз кылышты. “Келечек” балдарга жардам берүү борбору экинчи болду.

Жеке таймашта уландардан “Келечек” борборунун тарбиялануучусу Бакберген Жумагул уулу баш байгенин ээси болду. Кыздардан 21-мектептин окуучусу Диляра Мамина биринчи болду.

Спорттук бийчилер

Бишкекте спорттук бий боюнча өлкө чемпионаты өттү. Эгемен өлкө болгону жаштардын бул спортко болгон кызыгуусу артып баратат. Латын америкалык бийлерди аткарууда Азия чемпиондору Алексей Кибкало - Виктория Качалко жаштарга үлгү болуп, алтын байгелүү болду.

Түрдүү спорттук бийлерди аткарууда Валерий Иванов менен Арина Когадей, Алексей Чебаков менен Ирина Лысенко эки ирет жеңишке жетти.

Казакстандан келишкен меймандар Кирилл Шамардин менен Анна Дятлова жана Роман Мельченко менен Карина Абдрахманова Кыргызстандын чемпиону аталып, олжолуу кетишти.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG