Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Эсен Калиев Лондондогу паралимпиадага катышат


Эсен Калиев 52 килограммдык салмакта күч сынашып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алып жүрөт.
Эсен Калиев 52 килограммдык салмакта күч сынашып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алып жүрөт.

Лондон паралимпиадасына Кыргызстандан жалгыз жолдомо алган майып спортчу Эсен Калиев барат. Ооруну жеңип, Кыргыз туусун көтөргөн Калиевдин даярдыгы кандай?

29-августта Лондон шаарында баштала турган паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан оордук көтөрүүчү, эл аралык спорт чебери, майып балбан Эсен Калиев гана катышат.

Эсен - эгиздин түгөйү

Эсен Калиев 29 жашта, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айылында туулган. Учурда ата-энеси Кара-Балта шаарында жашайт. Калиев беш бир туугандын улуусу, эки карындашы, бир иниси бар. Эсен эгиздин түгөйү. Түгөйү Асандын алты саны аман, учурда Москва шаарында эмгек мигранты.

Эсен Калиев жатак мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги финансы техникумун бүткөн. Жети жылдан бери Бишкектеги “Яшар” фирмасында сатуучу болуп иштейт. 2003-жылдан бери спорт менен машыгат. Ал 12 жолу Кыргызстандын чемпиону аталып, 7 ирет өлкөнүн рекордун жаңырткан. 52 килограммдык салмакта күч сынашып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алып жүрөт.

Эмгекчил, өжөр жигит

Эсен Калиев ооруга да жеңдирбей, өлкө намысын коргоп келатканын жана Лондон паралимпиадасына даярдыкка мамлекет каражат бербей койгонун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Аднан Жабраилов “Азаттыкка” айтып берди:

Эсен Калиев машыгуу учурунда.
Эсен Калиев машыгуу учурунда.

- Эсен абдан эмгекчил, өжөр жигит. Колу кыска болгондуктан чалкасынан жатып оордук көтөрүүгө абдан ыңгайлуу. Машыгуу учурунда күнүнө жалпысынан 10-12 тонна оордук көтөрөт. Чынын айтсам, Лондон паралимпиадасына даярдык үчүн мамлекет каражат бөлгөн жок. Бишкек шаардык спорт комитетинин жардамы менен Орусияга барып, машыгып келдик. Ал 160-165 кило оордукту оңой көтөрүп жүрөт. Лондонго жалгыз өзү кетип баратат. Эсен өзү майып болсо, балдак менен араң басып жүрсө, Лондондо кандай болот деп кабатыр болуп турам. Машыктыруучусу катары мен жанында болсом, кеп-кеңешимди айтып, колдоп турат элем. Тилекке каршы, менин ордума паралимпиада федерациясынын жетекчиси Роман Өмүрбеков котормочусун алып баратат.

Паралимпиада федерациясынын президенти Роман Өмүрбеков болсо Эсен Калиевдин даярдыгы жакшы экенин, бирок Лондондо алтынчы-жетинчи орун менен чектелиши мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Майыптарга мамлекет да көз кырын салса...

Эл аралык спорт чебери, майып балбан Жыргал Балбаков мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларга мамлекет тарабынан колдоо жоктугуна айтып, кыйынчылыктарга карабай Эсен Калиев Лондон паралимпиадасына жолдомо жеңип алганы эрдик экенин белгиледи.

Эл аралык спорт чебери Эсен Калиев паралимпиадага алгач ирет катышканы турат. Ал Лондондо 52 кило салмакта пауэрлифтингу боюнча күч сынашат.

Паралимпиадага жолдомону быйыл февраль айында Орусиянын ачык чемпионатында күмүш байге утуп алуу менен жеңип алган. Калиев дүйнөлүк балбандардын деңгээли боюнча 10 мыктынын катарында турат. Быйыл дүйнө чемпионатында 9-орунду камсыз кылган.

Эсен Калиев машыгуу учурунда.
Эсен Калиев машыгуу учурунда.

Ал Лондондо 30-августта күч сынашууга чыгаарын, негизги атаандаштары Кытай, Орусия, АКШ, Улуу Британия, Иран, Польша өлкөлөрүнүн спортчулары болоорун “Азаттыкка” айтып берди.

Паралимпиадалык оюндар Лондондо 29-августта башталып, спорттун 16 түрү боюнча өткөрүлөт. Паралимпиадага 160 өлкөнүн мүмкүнчүлктөрү чектелген беш минге чукул спортчулары катышып, 9-сентябрда жыйынтыкталат.

Паралимпиадалык оюндар - катышуучулары мүмкүнчүлүктөрү чектелген майыптар болгон спорт оюндары. Спорттун отузга жакын түрлөрү (футбол, оор атлетика, сууга сүзүү, лыжа ж.б.) боюнча мелдештер өтөт. Бул оюндар 1960-жылдан бери спорттун жайкы, 1976-жылдан бери кышкы түрлөрү боюнча ар бир төрт жылда Олимпиада оюндарына чейин же ал бүткөндөн кийин өткөрүлөт.

Кыргызстанда 1992-жылы паралимпиада федерациясы (ИСФ) түзүлгөн ( учурдагы президенти Р. Өмүрбеков). ИСФ майыптар спортунун 5 түрү (оор атлетика, теннис, сууга сүзүү, жеңил атлетика, сокурлар үчүн кол топ оюну, топ оюн мезгилинде үн чыгаруу) боюнча жумуш жүргүзөт. Айрыкча оор атлетикада жакшы ийгиликтер бар. Мында Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу А.В.Качалов СССРдин, КМШ өлкөлөрүнүн төрт чемпионун даярдаган (Б.Бакчиев, 1990, 1991; Р.Өмүрбеков, Э.Гисов, С.Логачев, 1992), өзү да КМШ өлкөлөрүнүн чемпиону болгон (1992). Эл аралык спорт чебери Р.Өмүрбаевди даярдаган, ал Барселонадагы паралимпиадалык оюндарда (1992) 6-орунга ээ болгон.

1994-ж. В. Брезгунов кресло-коляскачандардын эл аралык марафонуна катышып, Алматы - Санкт-Петербург маршруту боюнча 9 миң км. өткөн, 1995-ж. "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата кресло-коляска менен 1000 км. аралыкка жеке жүрүш жасаган. Кыргызстандын майып спортчулары 1996-жылдан бери Атланта, Сидней, Афина жана Бээжин шаарларында өткөрүлгөн паралимпиадалык оюндарга катышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG