Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Кыргыз балбандары Бакыда 4 коло байге утту


Бакыдагы мелдеште коло байгеге татыган балбандардын бири, Азия чемпиону Рустам Тейишов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 9-август, 2011.
Бакыдагы мелдеште коло байгеге татыган балбандардын бири, Азия чемпиону Рустам Тейишов "Азаттыктын" студиясында. Бишкек, 9-август, 2011.

26-августта Азербайжандын Бакы шаарында уландар арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык жаш балбандар 4 коло медал утуп алды.

Эркин күрөшчүлөр жайдак калышты

21-августтан бери Бакы шаарында улан-кыздар арасында эркин жана грек-рим күрөшүнөн дүйнө биринчилиги курч мүнөздө өтүп, 26-августта жыйынтыкталды. Мында 39 өлкөнүн тандалган жаш балбандары мөөрөй талашты. Кыргызстандын намысын 20 жаш балбан коргоду. Эркин күрөш боюнча уландар жана кыздар байгелүү орундарга жетпей калышты.

9 балбандын 4 коло байгеси

Бакы шаарындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашууларда өлкө намысын 9 жаш балбан коргоду. Алардан: 46 кило салмакта Балбай Дардаков, 54 кило салмакта Азия чемпиону Рустам Тейишов, 58 кило салмакта Бек Коңурбаев жана 69 кило салмакта Атабек Азизбеков үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болушту.

Грек-рим күрөшүнөн өлкөнүн башкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкулов “Азаттыкка” “Эмки олимпиадалык оюндарда ушул жигиттер өлкө намысын коргойт, уучубуз куру эмес”- деп айтты.

46 кило салмакта Балбай Дардаков алгач өзбекстандык Исламжан Вахрамовду артыкчылык менен утуп алды. Чейрек финалда да Балбай украиналык Богдан Коверничукту жеңип, жарым финалга чыкты. Бирок жарым финалда азербайжандык Михаил Рахмановго утулуп калды. Балбай Дардаков үчүнчү орун үчүн таймашта америкалык Даниэл Бовчукту жеңип, коло байгелүү болду.

50 кило салмакта күрөшкөн Үсөн Кадыркулов да жапондук аттандашын утканы менен ирандык Реза Хайрулахка алдырып койду. Сооротуучу мелдеште фин балбаны Рами Перини утканы менен коло байге үчүн таймашта өзбекстандык Мирзобек Рахмановдон утулуп калды.

54 кило салмакта Азия чемпиону Рустам Тейишов биринчи беттешүүдө индиялык Анкуш Анкушту утуп, чейрек финалда дагы белорусиялык Александр Ауксенсевейди жеңип алды. Бирок Рустам жарым финалда азербайжандык Карим Жафаровго аз упай айырма менен утулуп калды. Рустам Тейишов 3-орун үчүн күч сынашууда молдовиялык Жон Лафтерди утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды.

58 кило салмакта өлкө намысын коргогон Бек Коңурбаев да биринчи атаандашы - украиналык Сергей Козубду артыкчылык менен утуп алганы менен чейрек финалда орусиялык Азамат Тахаевге алдырып койду.

Бек Коңурбаев сооротуучу мелдештерде болгариялык жана германиялык атаандаштарын жеңип, коло байге үчүн таймашууга укук алды. 3-орун үчүн Бек израилдик Ревен Зимкинди утуп, коло байгелүү болду.

69 кило салмакта Атабек Азизбеков алгач белорусиялык Руслан Недашковскийди утуп, чейрек финалда орусиялык Мансур Жубаевден жеңилүү ызасын тартып калды. Орусиялык балбан финалга чыккандыктан Атабек соортуучу мелдешке катышып, анда израилдик Николай Зупичевди жеңди. Коло байге үчүн таймашууда Азизбеков грузиялык Герги Чхарашвилини утуп, 3-орунду камсыз кылды.

Бул уландардын көбү дүйнө биринчилигине алгачкы ирет катышты. Алардын арасында Азия чемпиону болгон эки балбан Рустам Тейишов менен Атабек Азизбеков тажрыйбалуу болуп саналат.

Жаш балбандарды дүйнөлүк таймашка Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновдун устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов баштап барды. Ал Бакы шаарына атаанар алдында дүйнө бириничилигине чоң мелдештерге катыша элек жаштарды сыноо үчүн алып баратканын “Азаттыкка” айтып берген эле.

Грек-рим күрөш федерациянын вице-президенти Алмаз Касеновдун пикиринде, дүйнөлүк биринчиликке алгач ирет катышкан жаш балбандардын келечеги кең.

Бакы шаарындагы уландар арасында грек-рим күрөшүнөн дүйнө биринчилиги 26-августта кечинде жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG