Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Көк бөрү - улуттук оюндардын пири


22-ноябрда да Бишкекте көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты уланат. Орусия, Казакстанда өткөн мелдештерде байге уткандар болду.

Алматы шаарынан кыргызстандык жаш таэквондочулар 23 медаль утуп келди. Алардын 8и алтын, алтоо күмүш жана 9у коло байге болуп саналат.

“Алматы гран-при” эл аралык турнирдин баш байгесин Нурсултан Бактыбеков, Азизбек Назарбаев, Линар Михайлов, Азиз Исаев, Жанболот Жолдошов, Бактыбек уулу Ильязбек утуп келди.

Бул мелдешке Кыргызстандан 19 жаш спортчу катышты. Бул ийгиликтерди федерациянын басма сөз катчысы Гүлжан Турдубаева “Азаттыкка” сүйүнчүлөдү.

Бийлеп, бийиктикке жеткендер

Спорттук бий боюнча Алматыда өткөн “Күзгү вальс” эл аралык мелдешинде бишкектик Салтанат Сейдалиева менен Богдан Коминарец баш байгени утуп алды.

Жаштар арасында Рамина Бикбаева менен Фарух Мамаджанов да биринчи орунду камсыз кылды. Алар латынамерикалык бийде күмүш байгелүү болушту. Кыргызстандык бийчилер бул мелдеште 2 алтын 2 күмүш жана 2 коло байгени олжолоп келишти.

Он жаштагы чемпион

Орусиянын Самара шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык жаш суучулдар 4 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.

Бул мелдешке Кыргызстандан 8 суучул катышса, алардан он жаштагы Никита Пауков 2 алтын, 1 күмүш байгелүү болду. Ал эми 12 жаштагы Артем Камарда менен Владислав Шулико да бирден алтын, бирден коло медаль тагынды. Азиз Сансызбаев менен Денис Петрашов марага экинчи болуп сүзүп келишти.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агентигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев маалымдады.

Көк бөрүнүн кызыгы эми башталды

22-ноябрда Бишкектеги жааган карга карабай “Аккула” ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын таймаштары улантылат. Быйылкы чемпионатка өлкө аймагынан тандалган 6 команда катышууда. Биринчилик Жогорку Кеңештин депутаты, Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаевдин демилгеси менен өтүп жатат.

Бул мелдештин жүрүшү тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев кабарлады.

- “Кабылан” командасы эки жолу атаандаштарын утуп, жарым финалга чыкты. “Суусамыр” командасы да мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтүүдө. “Бөрүлү” командасы да дурус ойноп жатышат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG