Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Кыргызстандык мушкер байге алды


11-декабрда Кытайда ушу боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандыктар 22 медаль утуп келди. Орусиядагы дүйнө Кубогунда кыргыз бокс чебери үчүнчү болду.

Орусиянын Белоярск шаарында бокс боюнча мунайлуу өлкөлөрдүн дүйнө кубогу жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык 5 мушкерден 52 кило салмактагы Азат Үсөналиев коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу башкы устат Адылхан Беколотов “Азаттыкка” кабарлады.

Ушу дүйнө чемпионатынан 22 медаль

Кытайдын Хуаншан шаарында чыгыш өнөрү ушу боюнча 5-дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында 55 өлкөдөн 245 команда катышып, 3 миң спортчу өнөрүн көрсөттү.

Кыргызстандын намысын 15 спортчу коргоп, алар 2 алтын, 7 күмүш жана 13 коло медаль утуп келди. Кыргызстандык спортчулардан Дан жана Цзянпин Ли ушу боюнча Азия чемпиону аталды. Күмүш, коло байге утуп алгандардын катарында Евгений Лопаткин, Наталья Нещерет, Айсалкын Ташматова, Рустам Ланимамов жана башкалар бар.

Стамбулда дүйнөлүк суучулдар таймашууда

11-декабрда кыргызстандыктар суучулдар Түркиянын Стамбул шаарында башталган дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев маалымдады.

- Кыргызстандыктар Василий Данилов, Станислав Карнаухов жана Дамир Давлетбаев чемпионатта өз чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө.

Шахматтын мекени Индияда Азия биринчилиги

11-декабрда кыргызстандык 13 жаш шахматчы Индияга Азия чемпионатына жөнөп кетишти.

Шахматчыларды Азия таймашына баштап бараткан эл аралык спорт чебери, устат Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында, былтыр Азия чемпионатында коло медаль уткан жеткинчектерден үмүт кылса болот.

Азия мергендеринин сыноосу

Бул күндөрү Кытайда ок атуу боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Мында өлкө намысын 4 мерген коргоп жатат.

Улуулар арасындагы мелдешке Бактыгүл Махмадова катышып жатса, жаштар арасындагы мергендерди сыноо таймаштарына Аида Мамыралиева, Дмитрий Гутник жана Бермет Иманалиева катышууда.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча боюнча мамагенттиктин басма сөз катчысы Айгүл Сыдыбаева “Азаттыкка” маалымдады.

Жеңүүчүлөр Москвага саякаттайт

Бишкекте СССРдин спорт чебери, мекенчил жоокер Жылдыз Айнакуловду эскерүүгө арналган өспүрүмдөр арасында самбо боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Бул турнир тууралуу федерациянын президенти Нурлан Токонов “Азаттыкка” билдирди.

- Турнирге Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана өлкөбүздүн бардык аймактарынан жаш балбандар катышууда. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Москва шаарына саякатка баруу жолдомолору тапшырылмакчы.

Акыры Алишер Якупбаев жеңди

Бишкектеги “Карвен" спорт борборунда "ТОП-16" үстөл теннис турнири жыйынтыкталды. Таймашка жылдык рейтингдин жыйынтыгы боюнча мыкты эсептелген 16 спортчу катышты.

Быйылкы жылы жыйынтык турнир абдан курч мүнөздө өттү, анткени 3 оюнчу тең бирдей 11 упайга ээ болду. Натыйжада "ТОП-16" турниринин жеңүүчүсү деп кыргызстандык спорт чебери Алишер Якупбаев аталды. Ал бул турнирдин өткөн жылкы жеңүүчүсү Кыргызстандын спорт чебери Руслан Култаевди жеңип алды. 3-орунга Түркмөнстандын спорт чебери Рашид Ахмедов ээ болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG