Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Футзал: Кыргызстандын баркы жогору


Футзал боюнча Кыргызстандын тандалма командасы ФИФАнын рейтинги боюнча 37-орунда, Азияда 6-орунда турат.

Эл аралык футбол федерациясы 14-январда футзал боюнча дүйнө жүзү боюнча тандалма командалардын кадыр-баркын, деңгээлин аныктаган тизме жарыяланды. Мында Польшадан кийин турган Кыргызстандын тандалма командасына 1 миң 71 упай берилип, Кытай менен катар 37-орун ыйгарылган. Борбор Азиядан Өзбекстан 24-орунда турса, Казакстан 35-орунда.

Азия аймагында Кыргызстан 5-6-орунда турганын федерациянын бөлүм башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” маалымдады.

Азия футбол конфедерациясынын рейтинги боюнча Иран биринчи, Жапония экинчи, Тайланд үчүнчү орунда турат. Кыргызстандын тандалма командасы Өзбекстан менен Австралиядан кийинки 6-орунда ишенимдүү келатат. "Бул көрсөткүч өлкөдө футзалдын таасири артып, өнүгүп баратканы", - дейт мелдештерди уюштуруу комитетинин төрагасы Ырыскелди Мусаев.

Бахадыр Кочкаров Бахрейнде

ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров Бахрейнде өтүп жаткан Перс булуңунун Кубогуна арналган мелдешке калыстык кылууда. Мында 8 өлкөнүн тандалма командасы беттешүүдө.

Жарым финалга Бириккен Араб Эмираттары менен Кувейт, экинчи жарым финалда Ирак менен Бахрейндин футболчулары беттешет. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” билдирди.

Турнир 18-январда жыйынтыкталат.

Бишкектиктер Казакстандын чемпиондору

Алматыда таэквондо боюнча Казакстандын ачык чемпионаты өттү. Мында Кыргызстандын намысын 13 спортчу коргоп, 3 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль утуп келди.

Бишкектик Дилшан Донцова, Валерий Сердюков жана Темирлан Тойгонбаев Казакстандын чемпиону аталды.

Сочи кышкы олимпиадасынын тамызгысы

2014-жылы Орусиянын Сочи шаарында өтө турган кышкы олимпиадалык оюндарды уюштуруу комитети олимпиада отунун тамызгысынын (факелинин) үлгүсү менен тааныштырды.

Факелдин салмагы 1 кило 800 грамм, бийиктиги бир метрге жакын. Кышкы олимпиада үчүн 14 миң, паралимпиада үчүн миңден ашуун факел даярдалганын уюштуруу комитети маалымдады. Сочи олимпиадалык оюндарынын тамызгысын 14 миң адам эстафеталык жүрүш менен колдон колго берет.

Факел жүрүшү 65 миң чакырымга созулуп, 2 миң 900 айыл-кыштак, шаарды аралап 2014-жылдын 7-февралында Сочи шаарында кышкы олимпиаданын ачылыш аземинде стадиондо жандырылат. Олимпиадалык тамызгынын эстафеталык жүрүшү быйыл 7-октябрда башталат.

"Сочи кышкы олимпиадасынын факелинин эстафеталык жүрүшүнө кыргызстандык спортчу да катышуусу мүмкүн", - дейт Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов.

Бабанов федерация президенттигинен баш тартты

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенттигинен баш тартып жатат. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Нурдин Самаков “Азаттыкка” билдирди. Президенттиктен расмий түрдө кетүү боюнча билдирүү федерациянын 26-январда Бишкекте өтө турган курултайда жарыяланат.

"Бабанов кызматтан кете турганын айтып, съезд чакырылды", - дейт Нурдин Самаков.

Андан сырткары, съезде Кыргызстандын шахмат федерациясы менен Кыргыз шахматы федерациясын бириктирүү маселе каралат.

Шахмат чөйрөсү эки жаатка бөлүнүп, учурунда Бабановдун федерация президенти болгону мыйзамсыз деп сындагандар болгон.

2012-жылдын 13-апрелинде Өмүрбек Бабанов федерациянын президенти болуп шайланган. Анын талапкерлигин Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов сунуш кылган. Бирок шайлоо учурунда ал убактагы премьер-министр жыйынга катышкан эмес.

Ошол шахматчылардын курултайы мыйзам бузуу менен өткөнүн, жетекчилер отчет бербей, атүгүл добуштар саналбай, эсептөө комиссиясы түзүлбөгөнүн, Бабанов мыйзамсыз президент болгонун шахмат устаты Төлөгөн Исаев айтып берди.

- Шахмат федерациясына учур талабын туура түшүнгөн менеджер, иш билги жетекчи зарыл болуп турган эле. Эл аралык мелдештер өтпөй турат. ФИДЕге да мүчөлүк акы көп жылдан бери төлөнбөй, рейтинг баракчабыз жабык турат. Кийинки жылдары өлкөдө бирөө да гроссмейстр боло элек. Коңшу өлкөлөрдөн да артта калып, уят болуп жатабыз. Шахмат - акыл-эсти өстүрүүгө жаштар үчүн абдан керек оюн экени баркталбай, бааланбай турганы өкүндүрөт.

Өлкөдө эки шахмат федерациясы түзүлүп, алар бийлик талашып келишкен. Бири - Кыргыз шахмат федерациясы деп аталып, мындан 20 жыл мурда түзүлгөн. Экинчиси - бардык аймактардын колдоосу менен 2010- жылы уюшулуп, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы деп аталган. Ал федерациянын президенти болуп шахмат чебери, өлкөнүн көп жолку чемпиону Милан Турпанов шайланган. Ушул убакытка чейин эки уюм бирдей “биз мыйзамдуубуз” дешип, бири-биринен тизгин талашып келүүдө.

Кыргыз ССРинин шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Эгемендик алганы федерация: Кыргыз шахмат уюму деп кайра катталып, Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев, Алишер Сакебаев президент болушкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG