Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Футбол: үмүт жанды


21-январда Санкт-Петербургда футболдон Шериктештер кубогунда Кыргызстандын жаштар командасы өзбек курама командасы менен тең чыкты. 23-январда кыз-келиндер арасында волейболдон өлкө чемпионаты башталат.

18-январдан бери Санкт-Петербургда футболдон Шериктештер кубогу өтүүдө. Ага 12 жаштар тандалма командасы катышууда. В тобунда Кыргызстандын жаштар командасы Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен беттешти.

21-январда кыргызстандыктар Өзбекстандын жаштар командасы менен мөрөй талашты. Оюндун 25-мүнөтүндө өзбекстандык Ихтияр Ташпулатов эсепти ачты. Биринчи таймдын акырында Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын капитаны Валерий Кичин эсепти теңдөөгө жетишти. Экинчи таймдын 57-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Каюмжан Шарипов командасын алдыга сүрөп, эсеп 2:1ге өзгөрдү.

- Ушул эсеп сакталып турганда Кыргызстандын командасы чейрек финалга чыкмак, - дейт футбол серепчиси Табылды Асыгалиев.

Экинчи таймдын 71-мүнөтүндө өзбекстандык Тимур Хакимов эсепти теңдеп, оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул жагдай Өзбекстандын командасына чейрек финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Кыргызстан-Өзбекстан беттешүүсүндө адистердин көңүлүн бурган канттык Азиз Сыдыковго мыкты оюнчу деген сыйлык ыйгарылды.

Оюн ээси орусиялыктар Казакстандын командасынын 7:3 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Учурда Орусия, Өзбекстан, Беларус, Тажикстан, Украина жаштар командалары чейрек финалга чыкты.

18-январда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Казакстандын жаштар командасына 3:1 эсебинде утулган эле. Мында бир топ киргизүү менен Канттын “Абдыш-Ата” командасынын өкүлү Саламат Мамбеталиев гана айырмаланды. 20-январда орусиялык футболчулар менен беттешип, аларга туруштук бере алды. Биринчи жана экинчи таймда эсеп ачылбай, оюн 0:0 болуп аяктаган.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чейрек финалга да чыккан эмес.

Санкт-Петербургдагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 27-январда жыйынтыкталат.

Бийчилер багындырууда

Алматы шаарында өткөн спорттук бий боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандыктар 3 алтын, 3 күмүш жана 5 коло байге утуп алды.

Бишкектик бийчи жуптар Максим Сусликов менен Кристина Беликова, Владислав Пашин менен Тамара Мун жана Фарух Мамажанов менен Рамина Бикбаева биринчи орунду ээледи.

Волейбол: өлкө чемпионаты

23-январда волейбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкөнүн ачык чемпионаты башталат. Мында Кыргызстандан 4 команда жана Казакстандан 2 команда мөрөй талашат. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков “Азаттыкка” билдирди.

Өлкө намысын “Салам-Алик", “Улар”, “Алай-Датка” жана жаңы түзүлгөн “Намыс” командасы коргойт. Ачык чемпионатка Казакстандын жаштар тандалма командасы менен Темиртау шаарынын “Спартак” клубу катышат.

Волейбол чемпионатына жаңы түзүлгөн “Намыс” аттуу команда да катышат. Бул команда мурдагы “Ардагер” клубу менен Кыргыз-Славян университетинин тандалма командасынын оюнчуларынан куралды.

"Алга" алдыда

Кант шаарында өтүп жаткан футболдон кышкы биринчиликте Бишкектин “Алга” командасын Чүйдүн “НСК” командасын 8:3 эсебинде утуп алды. Сокулуктун “Химик” жана Канттын “Наше пиво” командалары да кезектеги утушка ээ болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG