Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Кыргызстандык жөө күлүк байге алды


Жөө күлүк Гонконгдо Азиянын марафон чемпионатында, Бакуда өткөн дзю-до боюнча уландардын дүйнө кубогунда балбандар мөрөй алды.

26-февралда Азербайжандан кыргызстандык дзюдочулар олжолуу кайтып келишти. Бакы шаарында өткөн уландар арасында дүйнө кубогунда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш байге утуп келди.

90 кило салмактагы балбандардын таймашында Азамат Бектурсунов алтын медаль тагынды. Жеңил салмакта Баяман Сагынбай уулу финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.

Бакыдагы дүйнө кубогунда Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Орусия жана Грузиядан тандалган 450 балбан күч сынашты. Мында өлкө намысын 7 жаш балбан коргоду.

Марафондо марага үчүнчү келди

26-февралда Гонконгдон жөө күлүк, марафончулар Бишкекке кайтып келди. Гонконгдогу 42 км. 195 метр марафондук жарыш боюнча Азия чемпионатында Лондон олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык спорт чебер Юлия Андреева-Архипова марага үчүнчү болуп келди. Ал бул аралыкты 2 саат 39 мүнөт 49 секундада чуркап өтүп, коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Канат Аманкулов маалымдады.

Марафон боюнча Азия чемпионатында өлкө намысын эки жөө күлүк коргоду. Коло байге уткан Юлия Андреева-Архипова Лондон олимпиадасына караганда Гонконгдо 3 мүнөт 48 секундага ылдам чуркады. Анын өнөгү Мария Коробицкая марага бешинчи болуп келди.

Бул жолу Азия чемпиондугун түндүк кореялык Кум Ок Ким жеңип алды. Ал марафондук аралыкты 2 саат 32 мүнөт 21 секундада чуркап өттү. Ошентип Гонконгдо Юлия Андреева-Архипова быйыл августта Москвада өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды.

Теннистен баш байге

Чымкентте өткөн теннис боюнча эл аралык турнирде бишкектик Ксения Палкина баш байгени утуп алды. Ал Орусиянын,Өзбекстандын, Казакстандын спортчуларын утуп, финалда да өзбекстандык Сабина Шарипованы жеңди.

Алматыдан мөрөй алгандар

Алматыда өткөн каратэ боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн кубогунда кыргызстандык улан-кыздар 7 медаль утуп келди. Мында алты өлкөнүн үч жүздөй жаш спортчусу таймашты. Мелдеште өлкө намысын коргогон 11 улан-кыз 5 күмүш, 2 коло байгелүү болду.

Жаш курагына жараша Нурсултан Шамансуров, Байэл Шерматов, Амангелди уулу Арсен, Роман Банько жана Элнур Гайнутдинов экинчи орунду ээледи. Артем Носарев менен Асылбек уулу Арсланбек коло байгелүү болду.

"Ала-Тоо кубогун" Оштун "Алайы" утту

Кант шаарында футболдон “Ала-Тоо кубогу” турнири соңуна чыкты. Мында баш байге үчүн Оштун “Алай” жана Казакстандын “Лашын” командасы беттешти.

Финалда негизги жана кошумча убакытта эсеп ачалбай, оюн 0:0 менен аяктады. Жекеме жеке топ тебүүдө оштук футболчулар “Ала-Тоо кубогунун” ээси болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.

Жарым финалда Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен Оштун “Алай” командасы эсепти ачалбай оюн 0:0 менен аяктаган. Жекеме жеке топ тебүүдө оштук футболчулар алдыга чыкты. Ушундай эле көрүнүш кийинки жарым финалда дагы кайталанды. Жекеме жеке топ тебүүдө казакстандыктар Бишкектин “Алга” командасын утуп, финалга чыкты.

Футбол турнирине Кыргызстандын 6 командасы жана Казакстандын 2 клубу катышты.

Шахматтан жаңы чемпион

Жохар Жанбай уулу шахмат боюнча уландар арасында өлкө чемпиону аталды. Акыл таймаштын жыйынтыгында 3 шахматчы бирдей упай топтоду. Ошондуктан жеңүүчүнү аныктоо үчүн кошумча дагы 4 оюн өткөрүлдү.

Натыйжада Жохар Жанбай уулу атаандаштары Бакай Эсенбек уулун жана Тагир Таалайбековду жеңди. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Милан Турпанов билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG