Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Балбан кыздар кыйын чыкты


13-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды.

Эркин күрөштөн тандалган алтымыш балбан кыз килем үстүндө күч сынашып, сегиз салмак боюнча өлкө чемпиондору аныкталды.

Өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, кыздардын башкы устаты Нурбек Изабековдун айтымында, жыл өткөн сайын күрөшкө кызыккан кыздар көбөйүп, жаштардын чеберчилиги өсүүдө.

- Мени кыргыз кыздарынын эркин күрөшкө болгон кызыгуусу артып, эл аралык аренада өлкө намысын коргой баштаганы кубандырат. Алыскы Ак-Талаа районунан келген балбан кыздар үмүт жандырды. Алардын катарында тубаса балбандыгы байкалган кыздар бар экен. Айрыкча Гүлина Эсенбаева, Айзада Жаналиева, Нестан Кыязованын чеберчилиги жыл өткөн сайын жогорулап, эркин күрөштүн сырларын үйрөнүп жатышат. Жаштарга жол ачып, аларды чоң мелдештерге алып барып, такшалдырып, намыстандыруу керек.

Эң жеңил салмакта токмоктук Нуржанат Бекматова өлкө чемпиону аталды.

46 кило салмактын баш байгесин Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Михрнисо Нурматова утуп, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.

ми апрелде Индияда өтө турган Азия чемпионатына даярдык көрөм", - дейт Михрнисо Нурматова. Бул салмакта токмоктук Шахноза Нишанова экинчи орунду ээледи.

51 кило салмакта Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Розалия Тилегенова былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Самбо, дзю-до күрөшүнөн өлкө чемпиону Айзаада Жаналиева финалда Розалияга аз упай менен алдырып койду.

55 кило салмакта жаштар арасында Азия биринчилигинин жеңүүчүсү, таластык Айша Акпарованын чеберчилигин калыстар жогору баалады. Ал финалда бишкектик Жазгүл Жоробек кызын утуп, чемпион аталды.

59 кило салмакта Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова бардык атаандаштарын утуп, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Бейбаштык кылды деп, 2 жылга шарттуу соттолгон Тыныбекова жакында эле Швецияда өткөн эл аралык турнирде коло байге утуп келген.

63 кило салмакта Нестан Кыязова табында экенин айгинелеп, өлкө чемпиону аталды. Ал “Азаттыкка” машыгууга аз каражат бөлүнүп, шарт жоктугун айтып, эл аралык турнирлерге баралбай жүргөнүн, айылдагы таланттуу кыздар күрөшкө кызыкпай жатканын айтып берди.

67 жана 72 кило салмактарда “Беш-Сары” спорт клубунун өкүлдөрү Кундуз Берди кызы менен Элзат Абыласан өлкө чемпиону болуу менен спорт чеберинин таламдарын аткарды.

Кожомкул атындагы спорт ордосуна күрөш күйөрмандары балбандарды сүрөөнгө алып турушту.

Балбан кыздар үчүн быйылкы эң маанилүү мелдештер апрелде Индияда өтө турган Азия чемпионаты, күзүндө Алматыда өтө турган дүйнө чемпионаты болгону турат. Себеби мында байгелүү орунга жеткен балбан кыздар келээрки жылды 17-Азия оюндарында намыс талашат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG