Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Кыргыз мушкерлери жарым финалда


28-мартта бокс боюнча Украинада өтүп жаткан эл аралык турнирде кыргыз жигиттери жарым финалга чыкты.

Бокс: Украинадагы таймаш

28-мартта Украинанын Херсон шаарында өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык турнирде кыргыз мушкерлери 60 кило салмактагы Адилет Бекеев менен 56 кило салмактагы Медер Мамакеев жарым финалга чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” балдар спорт мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачев маалымдады.

29-мартта 64 кило салмакта Эрмек Сакенов жарым финалга чыгуу үчүн таймашка чыгат. Кыргызстандык 5 жигит рингге чыгып, чейрек финалдык беттешүүлөрдө жеңилүү ызасын тартып калды. Бул турнирге 11 өлкөнүн жүздөн ашуун тандалган спорт чеберлери мөөрөй талашууда.

Аскага чыгуу: Бийиктикти багындырган бишкектик айым

Алматы облусундагы Тамгалы-Таш капчыгайында аскага чыгуу боюнча эл аралык фестивалдын жеңүүчүсү бишкектик Фарида Кузьменко болду. Бул фестивал тоо-альпинизм спортун кеңири жайылтуу, сергек жашоого үндөө, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Эр кармаш: Алматыдагы атаандаштык

Кыргыз эр жигиттери Актилек Жумабек уулу менен Кылычбек Саркарбаев Казакстанда өтө турган эрежесиз кармаш таймаштарына аттанып жатышат.
31-мартта Алматыда өтө турган жекеме-жеке эрежесиз таймашка Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Украина, Грузия, Азербайжан жана Орусиядан тандалган 20 жигит күч сынашат.

72 кило салмакта Актилек Жумабек уулу дагестандык Магомед Алхасов менен жекеме-жеке кармашка чыгат. Эске сала кетсек, былтыр Алматыдагы ушул турнирде Актилек Жумабек уулу атаандашын 25 секундда эсин оодарып, жеңишке жеткен.

93 кило салмактагы Кылычбек Саркарбаевдин атаандашы украиналык самбо чебери Богдан Савченко болмокчу. Бул мелдеш тууралуу “Азаттыкка” федерация президенти Эмил Токтогонов маалымдады.

Күрөш: Жаш балбандар сыналат

Келаткан ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкекте коомдук жана мамлекеттик ишмер Шералы Сыдыковду эскерүүгө арналган грек-рим жана эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” эркин күрөш федерациясынын башкы катчысы Айбек Акматов билдирди.

Грек-рим күрөшү Свердлов районундагы Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде өтөт. Эркин күрөш боюнча таймаштар Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайында болмокчу. Бул турнирге Борбор Азия өлкөлөрүнүн 14-15 жаштагы жеткинчек балбандары катышат.

Шахмат: "Атын атаса куту сүйүнөт"

Бул күндөрү Бишкекте шахматтан балдар арасында өлкө биринчилиги өтүүдө. Мында 6 жаштан 18 жашка чейинки 7 курак боюнча 260 шахматчы мөрөй талашууда.
Дагы бир жагымдуу жаңылык - кыргызстандык шахматчыларды колдоо максатында Азия шахмат федерациясы жогорку сапаттагы 150 шахмат жана 10 шахмат саатын белек кылды. "Бул саамалык өлкөдө бул оюнду жайылтууга кичине болсо да салым", - дейт федерация президенти Милан Турпанов.

Баскетбол: Универсиада оюндары

Бишкекте студенттердин Универсиада оюндары өтүүдө. Баскетбол мелдешине биринчи лигада 12 жогорку окуу жайдын командалары мөөрөй талашууда. Бул таймаштар тууралуу “Азаттыкка” мелдештин башкы калысы Алмаз Абдырахманов билдирди.

Бул күндөрү мектеп окуучуларынын жазгы каникул убагында баскетбол федерациясынын кубогуна арналган мелдештин финалдык оюндары өтүүдө. Мында Бишкек, Ош, Кара-Балта жана Токмок шаарларынын тандалма командалары мөрөй талашууда. Жеңүүчүлөр 29-мартта аныкталат.

Футбол: Улуу устаттын урматына

Бишкекте уландар арасында футболдон өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, “Алга” командасынын оюнчусу Ревгат Бибаевди эскерүү мелдеши өтүүдө. Мында Кыргызстан жана Казакстандын 6 командасы беттешүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG