Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Шахмат: мыктылар аныкталды


Бишкекте бир аптадан ашык убакыт акыл таймашы болуп, шахматтан балдар арасында өлкө биринчилиги соңуна чыкты.

Бишкекте 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар-кыздар арасындагы шахмат боюнча өлкө чемпионаты 9 күнгө созулду. Мында өлкөнүн бардык аймагынан тандалган 264 жаш шахматчы мөрөй талашты.

Акыл таймашы швейцардык тутум боюнча 9 турда өткөрүлдү. Балдар 7 курак, кыздар да жети курак боюнча өзүнчө мөрөй талашып, жаш өзгөчөлүгүнө жараша 14 чемпион аныкталды.

Алты жаштагы жеткинчектерден бишкектик Атай Алыбаев менен Айжан Эсенбек кызы өлкө чемпиону аталды. 8 жаштагылардан да бишкектик Мирлан кызы Азалия менен Азия чемпионатынын эки жолку коло медаль ээси Артур Саломко биринчи орунду ээледи. Он жаштагылардын акыл таймашында нарындык Алтай Акматов менен бишкектик Дарья Ли баш байгенин ээси болду. 12 жаштагылардан чүйлүк Нурита Кулсариева жана бишкектик Руслан Съездбеков бардык атаандаштарын утуп, чемпион болду.

"Шахматтан Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деген тилегим бар. Бул оюнду ойногон балдардын акылы өсүп, ойлонуу жөндөмү артат", - дейт Руслан Съездбеков.

14 жаштагылардан дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын катышуучусу Диана Өмүрбекова жана Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Айбек Исакжанов чемпиондук наамын сактап калды.

Быйылкы өлкө чемпионатында шакирттери 6 алтын, 3 алтын жана 2 коло байге уткан эл аралык спорт чебери, белгилүү устат Бактыгүл Тиленбаева таланттуу балдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин белгиледи. 16 жаштагы улан-кыздардан дагы бишкектик Елена Самудин жана Тагир Таалайбеков айырмаланды.

Он сегиз жашка чейинкилер арасында Бакай Эсенбек уулу менен Айжан Алымбай кызы өлкө чемпиону деп таанылды. Мелдеш аяктаары менен Айжан Алымбай кызы Бириккен Араб Эмираттарында башталган Азия чемпионатына аттанып кетти.

Мыкты ойноп, өнөрү менен таанылган айрым жеткинчектерге демөөрчүлөр баалуу сыйлыктарды тартуулады. Алардын катарында беш жаштагы Бекназар Кубандыков өзүн болочок чемпиондой салабаттуу алып жүрдү.

"Бойтойгон балдардын шахматка кызыгып, акыл жөндөмү өсүп жатканы келечекке ишенимди жаратат. Айыл жергесиндеги таланттуу балдарга көңүл бурулбай келатат", - дейт федерациянын вице-президенти Алмаз Кененбаев.

Акыл таймашынын жеңүүчүлөрү июнда Иранда өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргойт. Быйылкы дүйнө биринчилиги декабрда Бириккен Араб Эмираттарында болмокчу.

"Эки федерация биригип, ынтымакка келгени балдардын да көңүлү өсүп, чемпионат уюшкандыкта жакшы өттү", - дейт нарындык устат Болот Такырбашев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG