Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Мушкерлер Казакстандан байгелүү кайтты


Бокс жана карате-до боюнча Казакстанда кыргызстандыктар 6 алтын, 1 күмүш, 4 коло байгелүү болду.

5-апрелде Казакстандын Уральск шаарынан кыргыз мушкерлери кайтып келишти.

Казакстандын бокс федерациясынын ардактуу президенти Аскар Кулибаевдин байгесине арналган турнирде кыргызстандык Ильяс Ахмедов менен Александр Панарин коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөгө эмгек сиңирген устат Адылхан Бекболотов билдирди.

Мелдешке 10 өлкөнүн тандалган эки жүздөй мушкери катышты. Кыргызстандын намысын 9 жигит коргоду.

Шахмат: Азиянын чемпионаты

Бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Шардже шаарында шахматтан жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө.

Кыргызстандын намысын 2 кыз, бир жигит коргоп жатат. Тез ойнолуучу шахматтан Айжаркын Шыңгыз кызы 6-орунду ээледи. Жигиттер арасындагы акыл таймашында Жохар Жанбай уулу 7-орунга илинди. Айжан Алымбай кызы болсо тогузунчу орун менен чектелди.

"Салттуу шахмат мелдештеринде кыргызстандыктар жоон ортодон жогорку орундарда турушат. Азия чемпионаты 7-апрелде жыйынтыкталат", - деди “Азаттыкка” федерация жетекчиси Милан Турпанов.

Карате-до: Казакстандын алты чемпиону

Казакстандын Петропавловск шаарынан кыргыз спортчулары олжолуу келишти. Карате-до чыгыш өнөрү боюнча Казакстандын ачык чемпионатында оштук спортчулар 6 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль утуп алышты.

Нусуп Жолдошбаев, Самарбек Дөлөнбаев, Саидамир Абдуллаев, Айгерим Приева жана Жавлон Эргашев Казакстандын чемпиону аталды.

Теннис: Кытайдагы таймаш

Кыргызстандык теннис чебери Данияр Дулдаев Кытайда өтө турган эл аралык турнирге аттанып жатат.

Мелдеш Чэнду шаарында 7-апрелде башталып, 14-апрелде жыйынтыкталат.

Мөрөй талашууга 12 өлкөдөн тандалган сексендей спортчу катышат.

Волейбол: "Салам-Алик" - жеңүүчү

Бишкекте эр-азаматтар арасында волейболдон өлкө чемпионатынын таймаштарынын экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Мында өлкө аймагынан тандалган 6 команда күч сынашты.

Федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаковдун айтымында, Бишкектин "Салам-Алик" командасы биринчи, Ысык-Көлдүн “Жаңы муун” командасы экинчи орунду ээледи.

Оор атлетика: Ташкенттеги дүйнө чемпионаты

5-апрелде кыргызстандык 8 оор атлетчи уландар арасындагы дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Ташкентке жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов кабарлады.

Бул дүйнөлүк таймашка 63 өлкөнүн жаш балбаны катышып, 2014-жылы Кытайда өтө турган 2-жаштар олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашат.

Дүйнө биринчилиги Ташкенте 7-апрелден 13-апрелге чейин өтөт.

Дзю-до: Европанын ачык кубогу

6-апрелде Орусиянын Тверь шаарында дзю-до күрөшүнөн уландар арасында Европанын ачык кубогу башталат. Мында кыргызстандык 7 жаш спортчу да намыс талашат.

Алардын катарында жаш болсо да эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүргөн Азамат Бектурсунов, Эрмек Сариев, Алибек Чороев, Баяман Сагынбай уулу жана башкалар бар.

15-17 жаштагы балбандарды эл аралык калыс Марс Акеров менен улук машыктыруучу Азамат Жасыбаев баштап барды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG