Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Алматыдан кыргыз балбандары олжолуу кайтты


8-апрелде Алматыдан кыргыз балбандары олжолуу келди. 9-апрелде Ташкентте оор атлетчи уландар арасында дүйнө чемпионаты уланат.

Алматы шаарында Грек-рим күрөшүнөн казактын даңазалуу балбаны, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстан жана Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, олимпиаданын күмүш медаль ээси, Азия оюндарынын чемпиону Даулет Турлыхановдун байгесине арналган эл аралык турнир өттү. Мындай чоң мелдеште кыргыздын жаш балбандары 1 алтын, 1 күмүш, 3 күмүш байге утуп, күйөрмандарды сүйүнттү.

16-17 жаштагы уландардын таймашында 85 кило салмакта Узур Жусупбеков баш байгенин ээси болуп, адистердин көңүлүн бурду. Бишкектик Лука Орлов экинчи орунду камсыз кылды.

Чолпонбай Жыргалбай уулу (46 кг), Эльмар Таланбек уулу (58 кг) жана Рустам Рахматуллаев (63 кг) коло медаль утуп алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчиси Төлөсүн Ысыралиев билдирди.

- Даулет Турлыхановду дүйнө коомчулугу, спорт күйөрмандары жакшы тааныйт. Ал 1988-жылкы Сеул олимпиадасында күмүш, 1992-жылкы Барселона олимпиадасында коло медаль уткан. Даулет Европанын жана дүйнөнүн эки жолку чемпиону, СССРдин жети жолку чемпиону аталып, 1994-жыл Хиросимада өткөн 12-Азия оюндарында финалда биздин Раатбек Санатбаевди утуп, алтын медаль тагынган. Ал кыргыз балбандары үчүн да камкордук көрүп, чеберчилигин жогорулатууга зор салым кошкон. Учурунда Казакстандын спорт министри, парламент депутаты да болгон. Учурда Эл аралык күрөш федерациясынын Аткаруу комитетинин мүчөсү болуп саналат. Далай жаш балбандар Даулет Турлыхановдой ийгиликке жетүүнү самап келишет. Анын байгесин утуп алуу да чоң сыймык. Биздин окуу жайдын жаш балбандары Даулеттин батасын алып, колунан сыйлык, байге алып келишти. Бул жакшы төлгө, башталыш жана жөрөлгө деп кубанып турабыз. Себеби жаш балбандарды Алматыдагы мелдешке даңазалуу балбан, Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновдун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Ратбек Мамбетов баштап, ак жолтой болуп, жеңиш менен келди.

Азия чемпионаты чоң сабак болду

8-апрелде Бириккен Араб Эмираттарынын Шардже шаарында шахматтан жаштар арасында Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын намысын 2 кыз, бир жигит коргоду. Тез ойнолуучу шахматтан Айжаркын Шыңгыз кызы алтынчы орунду ээледи. Жаш жигиттер арасындагы акыл таймашында Жохар Жанбай уулу жетинчи орунга илинди. Айжан Алымбай кызы болсо тогузунчу орун менен чектелди.

Ал эми салттуу шахмат мелдештеринде кыргызстандыктар 11-16 жана 18- орундарга илинди. Командалык биринчи орунду эркектерден Индия, кыздардан Вьетнам ээледи.

"Азия чемпионатында ийгиликке жетүү үчүн жаштарга шарт түзүп, эл аралык мелдештерге катыштырып, чеберчилигин жогорулатуу зарыл. Бул акыл таймашы деле марага чабылган күлүктөрдөй. Таланттуу жаштар арбын, аларды таптап, сыноолордон өткөрүп, чоң мелдештерге катыштырып туруу керек. Чемпион болуу - ийне менен кудук казгандай эле көрүнүш", - деди "Азаттыкка" жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаев.

Азия чемпионун эскерүү турнири

8-апрелде Бишкекте самбо күрөшүнөн дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Азия чемпиону Бекболот Рахатбековду эскерүүгө арналган эл аралык турнир алгач ирет өткөрүлдү.

Бул мелдеш былтыр 21 жашында кырсыктан каза болгон уулун эскерүүгө арналып, жаштарды спортко үгүттөө максатында өткөнүн Бекболоттун атасы Рахатбек Байсариев "Азаттыкка" айтып берди. Мында Кыргызстандын жана Казакстандын 13-15 жаштагы 350 өспүрүмү мөрөй талашты.

Жаныш Рахатбеков, Асылбек Иса уулу, Тимур Жусубакунов,Фархат Абжалиев, Дастан Кылычбек уулу, Эрлан Шариев жана башкалар биринчи орунду ээледи.

Кытайдагы таймаш

Кыргызстандык теннис чебери Данияр Дулдаев Кытайда өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда. Мелдеш Чэнду шаарында 8-апрелде башталды.

Жеңүүчүлөрү 14-апрелде аныкталат. Мөрөй талашууга 12 өлкөнүн тандалган сексендей спортчусу катышууда.

Ташкентеги дүйнө чемпионаты

9-апрелде Ташкентте оор атлетчи уландар арасында дүйнө чемпионатынын күч сынашуулары улантылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" федерациянын вице-президенти, Азия чемпиону Улан Молдодосов маалымдады.

Бул дүйнөлүк таймашка 63 өлкөнүн жаш балбаны катышууда. Алар 2014-жылы Кытайда өтө турган 2-жаштар олимпиадасына жолдомо алуу үчүн күч сынашып жатышат. Мында кыргызстандык 8 оор атлетчи улан да мөрөй талашууда. Дүйнө биринчилиги 8-апрелде башталды. 13-апрелде жыйынтыкталат.

16 өлкөдөн Кыргызстан 9-орунда

8-апрелде Орусиянын Тверь шаарында дзю-до күрөшүнөн уландар арасында Европанын ачык кубогу аяктады. Мында кыргызстандык 7 жаш спортчу да намыс талашты. Алардын катарында жаш болсо да эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүргөн Эрмек Сариев, Алибек Чороев жана Апсамат Абдилашимов 7-9-орунга илинди. Бул тууралуу "Азаттыкка" федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады. Европа кубогуна 16 өлкөнүн 260 спортчусу катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG