Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

"Дордой" атаандашын 9:0 эсебинде утту


10-майда Филиппиндер өлкөсүндө “Дордой” клубу Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун кезектеги мелдешинде жеңишке жетти.

"Дордойдун" жеңиши

10-майда Филиппиндер өлкөсүнүн кубанычтуу кабар келди. Себу шаарында “Дордой” футбол клубунун АФК президентинин кубогунун мыктыларды тандоо мелдешиндеги экинчи беттешүүсү аяктады. Бул күнү “дордойчулардын” атаандашы Бутандын чемпиону “Йездин” командасы болуп, аларды 9:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш тууралуу “Азаттыкка” Филиппиндер өлкөсүнөн “Дордой” клубунун президенти Аскар Салымбеков телефон аркылуу билдирди.

8-майда "Дордой" Пакистандын чемпиону КРЛ командасы менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан эле.

12-майда Филиппиндер өлкөсүнүн чемпиону “Глобал” командасы менен ойнойт.
Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу катышкан бирден бир команда болуп саналат.

"Дордой" клубу 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон.

Грекияда дүйнөлүк акыл таймашы

Бул күндөрү Грекиянын Халкидики шаарында шахмат боюнча мектеп окуучулар арасында дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мында 42 өлкөнүн беш жүздөн ашуун жаш шахматчылары акыл таймашына катышып жатат. Кыргызстандык 8 жаш шахматчыны белгилүү устат, эл аралык спорт чебери Бактыгүл Тиленбаева баштап барды. Жети жашка чейинки жеткинчектерден Азия чемпионатынын коло байге ээси, бишкектик Артур Соломко эки оюнда тең утуп, 48-атаандашынан азырынча 9-орунда келатат. Алты жаштагы Элдияр Орозбаев менен Атай Алыбаев бирден утушка ээ. 15 жаштагы Айдар Кененбаев да өлкө намысын коргоп жатат.

Кыздардан 9 жаштагы Азалия Мирлан кызы эки оюнда утуп, учурда 9-орунда.
Азырынча 11 жаштагы Дарья Ли, 15 жаштагы Элина Самудин жана 17 жаштагы Диана Өмүрбекова жоон ортодон жогору көрсөткүчтөргө ээ.

Кайыкчыларды Александр Пароль баштап жүрөт

10-майда Венгериянын Сегеде шаарында гребля калак кайык жарыштары боюнча дүйнө кубогунун биринчи этабы башталды. Мында алтымыштан ашык өлкөнүн спортчулары мөөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль баштаган 4 жигит коргоп жатат. Дүйнө кубогунун мелдештери 13-майда жыйынтыкталат.

Дарья Таланов дүйнө чемпионатына жолун ачты

Учурда Темир-Тоо шаарында өтүп жаткан Казакстандын ачык чемпионатына кыргызстандык 14 суучул катышууда. Алардын катарында Лондон олимпиадасынын катышуучусу Дарья Таланова, Дмитрий Александров, уландар арасында Азия чемпиону Султан Букеев жана башкалар бар.

Бул Казакстандын ачык биринчилигинде жеңүүчүлөргө июлда Испаниянын Барселона шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо берилип жатат. Азырынча Дарья Таланова Казакстандын чемпиону аталып, дүйнө биринчилигине жолдомо алды. Суучулдар мелдеши 11-майда жыйынтыкталат.

Футзал адистери окуп жатат

10-майда Бишкекте Кыргызстандын футзал машыктыруучулары үчүн семинар-кеңешме өз ишин улантты. ФИФАнын адиси, ирандык Хоссейин Шамс 11-майга чейин өлкө аймагынан тандалган 30 машыктыруучуга сабак өтүп жатат,-дейт футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев.

Улуттук оюндар унутулбайт

9-майда Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында Жеңиш күнүнө жана коомдук ишмер Райкан Алкановдун 80 жылдык юбилейине карата көк бөрү баштаган ат оюндары өттү. Көк бөрүнүн баш байгесин Чүйдүн “Суусамыр-Тынай” командасы жеңип, 150 миң сом байге алды. Алар финалда Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасын 6:4 эсебинде утту. Үчүнчү орун таласттык улакчыларга ыйгарылды. Кунан, бышты, жорго салдыруу, топ байге, аламан байге жана көк бөрү оюндары үчүн бир миллион сомго чукул байге сайып, элге майрамдык маанай тартуулаганын “Азаттыкка” Райкан Алканов айтып берди.

Генералдын урматына

9-майда Бишкекте генерал Иван Панфиловду эскерүүгө арналган грек-рим күрөшүнөн эл аралык турнири жыйынтыкталды. Эки күнгө созулган мелдеште Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстан жана Түштүк Кореянын үч жүздөн ашуун балбаны күч сынашты. Жыйынтыгында 8 салмак боюнча биринчи орундардын баарын кыргыз балбандары утуп алышты. Эл аралык калыс Нуржан Сейитбековдун айтымында, быйыл Түштүк Кореядан дагы балбандар келип, турнирдин деңгээли жогору болду.

Шериктеш өлкөлөрдөн Кыргызстан экинчи

Орусиянын Самара шаарында жекеме-жеке таймаш боюнча Шериктеш өлкөлөрдүн биринчилиги аяктады. Мында Кыргызстан, Казакстан, Белорусия, Тажикстан жана Орусиянын тандалган жоокер спортчулары күч сынашты. Жыйынтыгында командалык баш байгени орусиялыктар утса, кыргызстандык жигиттер экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орун казактарга ыйгарылды. Эмки 2014-жылкы Шериктеш өлкөлөр биринчилиги Кыргызстанда өтмөк болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG