Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Жаш балбандар Румыниядан байге алды


31-майда Румыниядан кыргыз балбандары 1 күмүш,1 коло байге утуп келди. Алматыда акробатика турниринде бишкектиктер 5 алтын, 2 күмүш медаль утту.

31-майда жаш балбандар Румыниядан олжолуу келди. Бухарест шаарында өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирге Кыргызстандан 2 жаш балбан барган. Беш жүздөн ашуун балбан катышкан турнирде 74 кило салмакта Максат Сагынтаев финалга чейин жетип, аз упай айырма менен күмүш медаль тагынды. 66 кило салмакта күч сынашкан Адилет Үсөнканов коло байгелүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдады.

Акробаттар алдыда

Алматыда өткөн акробатика боюнча Казакстандын ачык чемпионатында кыргызстандыктар 5 алтын, 2 күмүш медаль утту. Уландардан Карек Абылгазиев айырмаланып, алтын медалга татыды. Кыздардан - Елена Берхтольд, Юлия Губанова Юлия, Анастасия Шифельман жана Кристина Болдырева биринчи орундарды камсыз кылды.

Жаза аткан мергендер

Германиянын Мюнхен шаарында ок атуу боюнча дүйнө кубогу жыйынтыкталды. Мында өлкө намысын коргогон 9 мерген ийгилик жарата албады.

Азербайжан, АКШдан утулуп

Азербайжанда өтүп жаткан футболдон “Каспий кубогу” эл аралык турниринде кыргызстандык өспүрүмдөр командасы өз тобунан чыгалбады. Алгачкы оюнда талаа ээлери азербайжандыктарга 7:0 эсебинде утулса, 30-майда АКШнын футболчуларынан 11:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. "Бул көрсөткүч кыргыз футболунун ал-абалынан, деңгээлинен кабар берет. Футболду өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алып,жаш балдарга көңүл буруу зарыл", -дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Чоюн билек балбандар сыналат


1-июнда Бишкекте чалкасынан жатып оордук көтөрүү боюнча өлкө чемпиондугу үчүн таймашуулар башталат. Бул күч сынашуулар тууралуу “Азаттыкка” федерация жетекчиси Бакыт Керимбеков билдирди.

Мексикада тай бокс таймаштары башталат

1-июнда Мексиканын борбору Мехикодо тай бокс боюнча дүйнө чемпиондугун сактоо үчүн кыргызстандык бир туугандар Антонина жана Валентина Шевченко рингге чыгат. 60 кило салмакта дүйнөлүк атак-даңкын сактап калуу үчүн Валентина Шевченко мексикалык Тании Гонзалес менен күч сынашат. Валентина тай бокстун бир нече түрү боюнча дүйнөнүн 9 жолку чемпиону болуп саналат. Ал эми 63,5 кило салмакта дүйнөнүн көп жолку чемпиону Антонина Шевченко да мексикалык Зое Родригез менен рингде беттешет.

Айыл жаштары мелдешүүдө

31-майда Чолпон-Ата шаарында айыл жаштарынын “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” аттуу мелдештери улантылды. Финалдык оюндар “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди.

Финалдык мелдештерде 7 облустун 600дөн ашык спортчусу футбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика, ордо, күрөш, кол күрөш сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мөрөй талашууда.

Балдарга арналды

31-майда Бишкекте 1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө карата шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында президенттин кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Мында 8, 10 жана 12 жаштагы жеткинчек шахматчылар мөрөй талашты. Бул акыл таймашы тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Самбодон Азия чемпионаты

1-июнда Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат. Күч сынашуулар Түштүк Кореянын борбору Сеулда 3-июнга чейин өткөрүлөт. Мында өлкө намысын 6 спортчу коргойт. Бул тууралуу федерациянын президенти Нурлан Токоноев билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG