Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Оор атлетикадан Азия чемпионаты өтөт


1-июлдан 8-июлга чейин Бишкекте алгач ирет жаштар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Кыргызстандын тарыхында алгач ирет улан-кыздар арасында оор атлетика боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өткөнү турат.

Азия чемпионатына жыйырмага жакын мамлекеттен жыйырма жашка чейинки оор атлетчилер катышаары күтүлүүдө. Мелдешти жогорку деңгээлде уюштурууга Дене тарбия жана спорт агенттиги, Оор атлетика федерациясы кызуу даярдык көрүүдө. Азиялык таймашка камылга, даярдыктар тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти, Азия чемпиону Улан Молдодосов айтып берди.

- Аталган чемпионат улан-кыздар арасында (20 жашка чейин) жыл сайын эле ар кайсы өлкөлөрдө өткөрүлөт. Тактап айтканда оор атлетика спорту боюнча Азия федерациясына таймашты өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттер кайрылып, алардан уруксат алат. Биринчиден, чемпионаттын ачылыш аземинде ар кандай театралдык шоу көргөзмөсү иш-чаранын көркүн ачыш керек. Андан соң белгилүү ырчылары, бийчилери сахнага чыгып, өзгөчө концерт тартуулашат. Учурда Түштүк Кореянын балбандары Бишкекке келип, машыгууларын өткөрүүдө.

Ири масштабдагы иш-чарага Кожомкул атындагы спорт ордосунун аренасы даярбы? Мындай Азия чемпионатын өткөрүүгө шарты барбы? Себеби мурдагы жылдары күрөш боюнча Азия чемпионатын өткөргөндө адистер имараттын шарты учур талабына жооп бербейт дешкен. Ошондуктан учур талабына ылайык жабдуулар алынып, балбандарга шарт түзүлгөнүн Спорт имараттар башкармасынын жетекчиси Болот Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Бул үчүн мелдешти уюштуруучулар менен бирге программа иштеп чыгып, спорт ордосунун жасалгасын өзгөртүп, эскилиги жеткен шаймандарды жаңыртып, жаңы жабдууларды алдык.

ор атлетика боюнча Азия федерациясынын башкы катчысы Али Моради жазында Кожомкул спорт ордонун абалы менен таанышып, федерациядагы шаймандарды көрүп чыгып, таң калганын жашырган эмес. Ошондуктан эл аралык талаптарга ылайык жабдууларды жана 50 штанга сатып алдык. Бул Азия чемпионатын өткөрүү үчүн 16 млн. сом каражат чыгымдалат", - дейт Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралинов.

Оор атлетика федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков:

- Бул Азия чемпионатын Бишкекте өткөрүү менен бул спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бишкектеги оор атлетика Азия биринчилигинин күч сынашуулар КТРК жана ЭлТР боюнча түз алып көрсөтүлөт.

Оор атлетика спорту 19-кылымда Франция, Англия, Германияда пайда болгон. 1900-жылы аны биринчи жолу спорттун түрү деп расмий таанып, Эл аралык олимпиада комитети Олимпиада оюндарынын катарына киргизген.

Учурда 1980-жылкы Москва олимпиадасында Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, олимпиада чемпиону болгон Каныбек Осмоналиевдей бийиктикти багындырган кыргыз спортчулары чыга элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG