Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Спорт темасына мамиле салкын


2-июль - Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү.

Совет доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына жеңил карашчу. Гезит-журналдарда, телерадиодо куш тилиндей жаңылыктар кеткени болбосо, спорт тармагынын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.

“Эркин тоо” гезитинин спорт баяндамачысы Асан Жунусовдун пикиринде, жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорт темасын жазган журналисттерди даярдоого чамасы жетпей, атайын курстарды уюштурууга көңүл бурулбай келет.

- Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү ириде, дене тарбияны, спортту жайылтууга жана генофондду сактоо үчүн керек. Бул үчүн спорттук гезит-журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Себеби учурда бир дагы спорттук журнал жок. Кыргыз телерадиосу деле спорттук берүүлөргө маани бербейт. Адистер да жокко эсе.

1991-жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет «Байге» аттуу кыргыз жана орус тилинде спорттук гезит жарык көргөн. Бирок жетекчилер колдоого албагандыктан бир жылдан кийин жабылып калган. Мындан үч жыл мурда «Спортивный Кыргызстан» аттуу гезит пайда болуп, ал деле каражаттын айынан чыкпай калды. Учурда кыргыз тилинде “Топ.kg” аттуу жаңы гезит бар. Ал эми орус тилинде 2 жылдан бери “Sport.kg” аталыштагы гезит чыгып келатат

Бул экөөнөн башка маалымат каражаттары деле акыркы кезде эгемен өлкөнүн туусун Азия жана дүйнө чемпионаттарында, Азия оюндарында, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарда көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштүктөрүн кененирээк чагылдыра баштаганы байкалат.

Анткен менен спорт баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде, өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Өзбекстандан кыйла төмөн.

Ал эми дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында, Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп бербейт.

- Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого алышпай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине анализ кылынбайт. Журналисттер борбордогу мелдештерди жазуу менен гана чектелип, региондордогу спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Кыргыз спортунун башаты айыл, райондордогу көйгөйлөрдү талдоого алышса дурус болмок. Көп ката кетирип, чалакайымдык болууда. Адистерден сурап, билип алууну намыс көрүшөт.

Мындай пикирге ЭлТР телерадио компаниясынын спорт баяндамачысы Мирлан Бекболотов да кошулуп, спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар-кеңешмелерди өткөрүүнүн, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруунун зарылдыгын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда спорт журналисттеринин федерациясы 1995-жылы түзүлгөндөн бери спортту, дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымдарын кошуп келүүдө. Федерация президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын Кой-Таш эс алуу комплексинде же “Космопарк” эс алуу жайында спорт журналисттери арасында кичи футбол, боулинг мелдештерин өткөрүү салтка айланган.

Спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелет. AIPS олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. Учурда AIPSти Италиянын атактуу La Gazzetta delo Sport басылмасынын баяндамачысы Жани Мэрло жетектейт.

Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы Эл аралык ассоциацияга (AIPS) 1995-жылдан бери мүчө. Спорт журналисттери жыл сайын өткөрүлүүчү AIPSтин конгрессине барып турушат. Быйыл апрель айында Орусиянын Сочи шаарында 76-конгресс болду. Кийинки 77-конгресс эмдиги жылы Азербайжандын Баку шаарында өтөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG