Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Спорттук жайлардын абалына ич толбойт


Борбордук стадион
Борбордук стадион

Кыргызстанда эл аралык мелдештерге ылайыкташкан спорт жайы жокко эсе. Эгемендик жылдары бир дагы спорт имараты курулган жок.

1-августта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өлкөнүн ири спорт имараттары – Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайынын, анын сууда сүзүү бассейндин, Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондун жана анын аймагындагы бокс залынын абалы менен таанышты. Ошондой эле премьер-министр Улуттук олимпиада комитетинин имаратын да көрүп чыкты.

Аталган спорт имараттарынын бүгүнкү абалы жана сууда сүзүү бассейнди реконструкциялоо зарылчылыгы тууралуу өкмөт башчыга Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов маалымат берип, спортчулар жардамга муктаж экенин белгиледи.

Мурат Саралиновдун айтымында, спорт сарайынын бассейнин заманбап жабык жайга айландыруу боюнча баасы 147 млн. сомду түзгөн эскиздик долбоор иштелип чыккан. Мындан тышкары Спорт сарайынын кире беришиндеги аянттын авариялык абалы, бүтүндөй имараттын кулап калышына коркунуч жараткан чатырынан тамчы өтүп жатышы өзгөчө белгиленди.

Башкы спорттук аренага баруу учурунда Жантөрө Сатыбалдиевге борбордук стадионду реконструкциялоонун долбоору көрсөтүлдү.

Спорттук имараттардын абалы менен таанышкан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине бир айдын аралыгында Спорт сарайынын жана стадиондун абалын толук текшерип чыгууну тапшырды.

- Спорт сарайынын имараты жана анын сууда сүзүү бассейни, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион жана бокс залы бүгүнкү талапка жооп бербейт. Ошондуктан тийиштүү мекемелер иликтеп чыгып, сунуштарын айтышат. Каражат таап, ремонттоо, реконструкциялоо иштерин колго алабыз. Спорт ордосун тезирээк калыбына келтирүү зарыл. Себеби көпчүлүктүн пикири боюнча масштабдуу иш-чараларды өткөрүү өтө кооптуу болуп калды.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулган. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянты, 8 спортчуга ылайык чуркоо жолу, 19 миң күйөрманга сыйган трибунасы, спорт ийримдери үчүн жайлары бар.

"Келечекте анын үстүн жаап, учур талабына ылайык реконструкциялоо пландалууда", - дейт Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов.

- Эксперттер эсептеп бүтөөрү менен курулушка кете турган каражат бюджетке киргизилет, андан кийин акырындык менен баштай берсе болот.

Күзүндө эл аралык деңгээлдеги беттешүүлөр өткөрүлүшүнө байланыштуу стадиондун абалына көңүл буруу зарыл. Ага чейин отургучтарды жана чуркоого ылайыкталган жол сызыктар алмаштырылат. Футбол федерациясы Катардын адистери менен бирге кечки жарыкты берүү системасын оңдошот.

Учурда стадиондун оңдоого эле 100 миң доллар керектелет. Андан тышкары Спорт ордосундагы өлкө боюнча жалгыз 50 метрлик бассейн да текшерилди.

"Учурда ал бассейндин абалы жараксыз болуп калгандыктан аны колдонуу мүмкүн эмес. Спорт имараттары кароосуз калып, спортчулар жардамга муктаж", - деди “Азаттыкка” Бишкек мэри Иса Өмүркулов.

Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы 50 метрлик бассейнди кайра оңдоо үчүн 3,5 млн. доллар керек. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов билдирди.

Бүгүнкү күндө спортчулар эл аралык мелдешке даярдануу үчүн 25 метрлик бассейнде машыгып келет. Бирок алар эл аралык мелдештерде, Азия, дүйнө чемпионаттарында 50 метрлик бассейнде сүзүп, ийгиликке жетпей жүрүшөт.
Өлкө боюнча жалгыз 50 метрлик бассейн 1979-жылы курулган. Учурда 10 жылдан бери иштебейт.

Мурда Ленин атындагы деп аталып, эгемендиктен бери Кожомкулдун ысымын алып жүргөн Спорт ордосу 1976-жылы курулуп, ири спорттук мелдештер, көргөзмөлөр, маданий иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG