Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Футболдон мыктылар тандалууда


Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча уландар арасындагы Эл аралык “Достук кубогу” турнири өтүүдө.

4-августта Болгариянын борбору София шаарында кулагы укпагандардын дүйнөлүк олимпиадасы жыйынтыкталды. Анда өлкө намысын коргогон 7 спортчу ийгилик жарата албады.

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Арам Акопяндын жолу болгон жок. Ал 96 кило салмакта бешинчи орун менен чектелди. Ошондой эле грек-рим боюнча мелдеште 74 кило салмакта Закир Турдиев 7-орунга, оор салмакта Габит Айдарбеков 9-орунга илинди.

Сурдлимпиадага Кыргызстандын атынан 2 дзюдочу Ильгиз Каналбек уулу менен Максат Бейшенкулов катышты.

90 кило салмакта Ильгиз Каналбек уулу венгриялык спортчу Ференц Чижи менен беттешкен. Кийинки таймашта польшалык Марчин Антосту утуп, украиналык Владимир Маклаковго алдырып, коло байгеден куру калды. Жыйынтыгында кыргыз балбаны 5-орунга татыды. 66 кило салмактагы Максат Бейшенкулов биринчи күч сынашууда утулуп, оюндан четтеп калды.

Үстөл теннисинен 50 метрге брасс жана эркин ыкмада сууда сүзүү мелдештерине спорт чебери Денис Онищенко катышып, ийгилик жарата албады. Ал 10 метрге тапанча атуу мелдештеринде да өлкө намысын коргоп, бирок байгелүү орундарга илинбеди.

Үстөл тенниси боюнча таймаштарга Мирбек Аалиев катышып, эл аралык мелдештер кандай болоорун өзү көрүп, чеберлерден сабак алды.

"Дүлөйлөрдүн дүйнөлүк оюндары 1924-жылы Парижде алгач ирет өткөрүлүп, ар бир 4 жыл сайын өтүп келатат. Майып спортчуларга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп, аларга да көз кырын салган адистер болсо", - дейт Дүлөйлөр жана азиздер бирикмесинин жетекчиси Калык Мамбетакунов.

Кыргызстандык дзюдочулар АКШда

Учурда Кыргызстандын дзюдо боюнча уландар арасындагы тандалма командасынын мүчөлөрү АКШнын Майами шаарында машыгууларын өткөрүп жатат. Алар ушул Майами шаарында 8-августтан 11-августка чейин дзюдо боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады.

Кыргызстандын намысын коргой турган 9 спортчунун катарында өлкө чемпиондору, эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү Рыскул уулу Эртабылсын, Алибек Чороев, Эрмек Сариев жана башкалар бар.

Кыргызстандын делегациясын федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов жетектеп барды. Балбандар 7-августка чейин америкалыктар менен бирге машыгып, АКШнын жаратылыш шартына ыңгайлашып, ден соолуктарын чыңдап жатышат.

- Жаш балбандар байгелүү орундарды ээлеп, эмдиги жылы Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган дүйнөлүк жаштардын Экинчи олимпиадасына жолдомо алып келүүгө аракет кылышат.

Футбол: “Достук кубогу” өтүүдө

3-августтан бери Бишкек жана Кант шаарларында футбол боюнча уландар арасындагы Эл аралык “Достук кубогу” турнири өтүүдө. Мында Кыргызстандын, Беларустун, Азербайжандын жана Тажикстандын жаш футболчулары катышууда. Алгачкы оюндардын жыйынтыктарын “Азаттыкка” федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов айтып берди.

Бишкекте биринчи беттешүүдө Азербайжан менен Беларустун тандалма командалары ойноп, 5:3 эсебинде азербайжандык футболчулар жеңди. Кант шаарында болсо Кыргызстан менен Тажикстандын жаш футболчулары беттешти. Жыйынтыгында 7:2 эсебинде тажикстандыктар утуп алды. Былтыр тажикстандыктар бул турнирде баш байгени уткан эле.

"Быйыл кыргызстандык футболчулар Азербайжандын, Тажикстандын жана Беларустун командасына каршы турушу кыйын. Атаандаштардын чеберчилиги жогору. Ушундай мелдештерден гана балдар сабак алат", - дейт өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Ниязбек Алиев.

5-августта Кант шаарында Кыргызстан менен Беларустун командалары беттешет. Тажикстан менен Азербайжандын беттешүүсү Бишкектеги “Дордой” стадионунда болот. 7-августта кыргызстандык футболчулар Азербайжандын командасы менен ойнойт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG