Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Ысык-Көл оюндары башталууда


4-сентябрда эл аралык Ысык-Көл оюндары 13-ирет башталганы турат. Канча өлкөдөн спортчулар келет? Быйылкы оюндардын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Кара тумоого байланыштуу чет элдик айрым командалар гана эл аралык Ысык-Көл оюндарына катышуудан баш тартууда. Ошондой болсо да 5 өлкөдөн спортчулар келээри күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

- Монголия менен биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан менен Казакстандын командасы келмек болду. Кытай болсо келбей тургандыгын так билдирди. Баш тартууну башкы себеби Ысык-Көл облусуна киргизилген карантинге байланыштуу деле эмес. Кытай жергесинде өздөрүнүн Спартакиадасы өткөрүлөт экен.

22-августта Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылынын тургуну 15 жаштагы Темирбек Исакунов кара тумоодон көз жумган. Учурда аны менен жакындан байланыш түзгөн адамдар дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, мындай дартка чалдыкпагандары такталды.

Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында 4-12-сентябрь күндөрү XIII Ысык-Көл спорттук оюндары өткөрүлөт. Аталган иш-чара "Азия - байланыш жана тынчтыктын аймагы" деген ураан менен уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралинов билдирди.

- Ысык-Көл оюндарынын жадыбалында волейбол, кум үстүндө волейбол, кум үстүндө күрөш, гиря спорту, жеңил атлетика, кичи футбол, үстөл тенниси, теннис, сууда сүзүү, пауэрлифтинг, аркан тартуу, кол күрөш, стритбол, спорттук үй-бүлө, кум үстүндө футбол, дартс, жамбы атмай, оодарыш, "Ысык-Көл баатыры" жана "Ысык-Көлдүн чүрөгү" сынактары кирди.

Мелдешке жети облустан жана чет өлкөлүк командалар катышмакчы. Быйылкы Ысык-Көл оюндарына Бишкек шаарынын командасы толук курамы менен катышпайт. Себеби Бишкекте шаар тургундарынын спартакиадасы жана шаар күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлөт, деди “Азаттыкка” шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбанбек Шерматов.

Учурда меймандардын алды Чолпон-Атага келе баштады. Спорт уюмдарынын эл аралык конфедерациясы жетекчилери да кыргыз жергесине келди. Быйылкы оюндардын өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл эл аралык оюндарынын башкы катчысы Канат Арпачиев билдирди:

- Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Оюндар мурда эки топ менен өткөрүлүп келген эле. Биринчиси 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдеш болчу. Быйыл спорт коомчулугунун суранычы менен 45 жаштан өйдөкүлөр арасында кичи футбол, волейбол боюнча мелдештер болот. Ошондой эле жамбы атмай, оодарыш сыяктуу элдик оюндар да кирди. Бул оюндар салтка айланып баратат.

Ысык-Көл оюндарын үч топ боюнча өткөрүп, катарына жаштарды кошсо гана таасирдүү болоорун таластык спорт ардагери Шаршенбек Конгантиев буларды кошумчалады:

- Бул оюн менен Ысык-Көлдү рекламалап, туризмдин өсүп-өнүгүшүнө салым кошсок деген тилек. Ошондуктан 21 жашка чейинки куракты дагы кошуп, үч топ боюнча өткөрсөк, натыйжалуу болмок. Бул оюндардын масштабын кеңейтип, коңшулаш Кытай Эл Республикасы, Ооганстан, Индия, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да көбөйтсө дурус болот эле.

Быйылкы Ысык-Көл оюндарын өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 7 млн. сомго жакын каражат бөлдү. Эл аралык мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга каражат табылбай, машыгууга шарт түзүлбөй жатканда, спорт чиновниктеринин Ысык-Көлдө оюндарды шылтоо кылып, эс алып жатышын айрым спорт адистери сынга алышууда. Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысык-Көл эл аралык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Азия мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок дешет адистер.

13 жыл мурда эл достугуна данакер болсун деген тилек менен уюшулган Ысык-Көл оюндары быйыл Чолпон-Атада он үчүнчү ирет өткөрүлгөнү турат.

Алгач Ысык-Көл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлүп, 35 жаштан жогорку ар кыл кесиптеги спорт ардагерлери катышкан. Оюндун кадыр-баркын арттырган учурлар Орусиянын экс-президенти, маркум Борис Ельциндин, орусиялык олимпиада чемпиондору Надежда Раджевич, Лидия Логинова, Светлана Кунышева, дүйнө чемпиондору Игорь Бугров жана Андрей Поландын Чолпон-Атага келиши болгон.

Ысык-Көл оюндарынын алгачкы рекордун казакстандык чоюн көтөрүүчү Николай Гаврилко койгон. Ал 25 кг чоюнду 160 ирет башынан бийик көтөрүп, алтын медаль тагынган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG