Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Ысык-Көл оюндары: алгачкы жеңүүчүлөр


Быйыл кара тумоого байланыштуу окуяны шылтоо кылып, бул ирет эл аралык Ысык-Көл оюндарына 4 өлкөдөн спортчулар келген жок.

Ысык-Көл оюндарына Азербайжандан, Түркмөнстандан, Монголиядан, Кытайдан спортчулар келген жок. Ошондой болсо да Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан эки жарым миңдей спортчу катышып, мөрөй талашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана Бостери айылындагы “Каприз” эс алуу жайларында 5-сентябрдан 12-сентябрга чейин XIII эл аралык Ысык-Көл оюндары өткөрүлүп жатат. Быйылкы оюндарга спорттун улуттук түрлөрү, кум үстүндөгү күрөш да кошулуп, спорттун 18 түрүнөн күч сынашуулар болууда. Аталган иш-чара "Азия - байланыш жана тынчтыктын аймагы" деген ураан менен уюштурулууда.

Быйылкы Ысык-Көл оюндарына Бишкек шаарынын командасы толук курамы менен катышпай, айрым жамааттар гана баш калаа намысын коргоп жатат.

"Себеби Бишкекте шаар тургундарынын спартакиадасы жана шаар күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлөт. Ошондой болсо да командалык эсепте бишкектиктер биринчи орунда келүүдө", - деди “Азаттыкка” шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Быйылкы оюндардын өзгөчөлүктөрү жана алгачкы жыйынтыктары тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл эл аралык оюндарынын башкы катчысы Канат Арпачиев билдирди:

- Оюндар мурда эки топ менен өткөрүлүп келген эле. Биринчиси - 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдеш болчу. Быйыл спорт коомчулугунун суранычы менен 45 жаштан өйдөкүлөр арасында кичи футбол, волейбол боюнча мелдештер болот. Ошондой эле жамбы атмай, оодарыш сыяктуу элдик оюндар да кирди. Бул оюндар салтка айланып баратат.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын кол күрөш боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Мында чүйлүк Никита Баснин, Канат Молдогазиев, Кудрет Имаров, таластык Бактыбек Байдыралиев биринчи орунду ээледи. Кыз-келиндерден казакстандык Зоя Ананьева жана чүйлүк Марина Ахмадиева жеңүүчү деп таанылды.

Быйыл Ысык-Көл оюндарынын жадыбалына жаңы кошулган кум үстүндөгү күрөштөн да жеңүүчүлөр аныкталды. Мында 35 жашка чейинкилерден бишкектик Дмитрий Чупранов, чолпонаталык Жакшылык Жукеев алгачкы чемпион аталды.

35 жаштан жогорку курактагы балбандардан бишкектик Илим Байсырахманов, токмоктук Кубаныч Идинов, таластык Замирбек Эшенкулов, канттык Сааданбек Ниязов биринчи орундарды камсыз кылышты. Кыз-келиндер да кум үстүндө күрөшүп, оштук балбан кыздар Айжан Садыкова, Бүбүсара Абилманап кызы жана Чынара Жамалова Ысык-Көл оюндарынын чемпиону деп таанылды.

Канттын “Абдыш-Ата-1” командасы кичи футбол боюнча кыз-келиндер командасы арасында жеңүүчү болду.

Мелдештер 35ке чейинки, 35тен жогорку жана 45тен жогору жаш курактары боюнча өткөрүлүп, ага жалпы 74 команда катышып жатканын башкы калыс Ырыскелди Мусаев маалымдады.

Ысык-Көл оюндарынын сууда сүзүү боюнча мелдеши аяктады.

Эркектер арасында 35 жашка чейинки куракта 50 жана 100 метрлик аралыкка сүзүүдө бишкектик Станислав Карнаухов 8 алтын медал утуп, чемпион аталды. Кыз-келиндер арасында дагы бишкектик Виолетта Погиба менен Валерия Уварова жеңүүчү деп таанылды.

35 жаштан жогорку куракта орусиялык Олег Морозов менен Валерия Половкина, казакстандык Игорь Горбач, бишкектик Лилия Шаяхметова жана Михаил Клименко айырмаланды.

Жалпы командалык эсепте бишкектиктер биринчи орунду камсыздашты.
Ысык-Көл оюндарынын эркектер арасындагы кум үстүндөгү футболу боюнча мелдеш аяктады. Биринчи топто алдыңкы орундарды Ысык-Көл облусунун футболчулары ээледи. Баш байгени "Жети-Өгүз" командасы утуп алды. Ошондой эле 35тен жогорку жаш курагы боюнча биринчи орунду Ысык-Көл районунун өкүлдөрү утуп алды.

Аркан тартмайдан баш байгени ысыккөлүктөр жеңди. “Ысык-Көл баатыры” сынагында таластык Замир Эшенкулов жеңүүчү деп таанылды. Кум үстүндөгү волейбол мелдешинде казакстандыктар биринчи, экинчи орундарды ээледи.
Ысык-Көл оюндарынын катарына жаштарды кошсо гана таасирдүү болорун Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кабыркулов белгиледи.

- Бул оюндардын масштабын кеңейтип, коңшулаш Кытай Эл Республикасы, Ооганстан, Индия, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да көбөйтсө дурус болот эле.

Быйылкы Ысык-Көл оюндарын өткөрүүгө кыргыз өкмөтү 7 млн. сомдон ашуун каражат бөлдү. Эл аралык мелдештерге, дүйнө чемпионаттарына катышууга каражат табылбай, машыгууга шарт түзүлбөй жатканда, спорт чиновниктеринин Ысык-Көлдө оюндарды шылтоо кылып, каражат чыгымдалып жатканын айрым спорт адистери сынга алышууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG