Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:10

Көкбөрү боюнча Азия чемпионаты башталды


11-сентябрда Астанада көкбөрү боюнча биринчи Азия чемпионаты башталды. Мында 9 өлкөнүн улакчылары мөрөй талашууда.

Чемпионатта 9 өлкөнүн улакчылары мөрөй талашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбеков билдирди.

Көкбөрү боюнча Азия чемпионатынын катышуучулары чүчүкулак кармашып, атаандаштары аныкталды. Кыргызстандык улакчылар В тобунда Кытай, Өзбекстан жана Түркиянын командалары менен беттешмей болду. 11-сентябрда өзбекстандык улакчыларды утуп, чеберчилигин көрсөтө алды. Көкбөрү боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Азарматов.

- Азия чемпионатындагы эң негизги атаандаш Казакстандын командасы болмокчу. Кыргызстандын тандалма командасынын курамын Ысык-Көлдүн “Кабылан”, Сокулуктун “Кожомкул”, Чүйдүн “Суусамыр” жана Бишкектин “Бөрүлү” командаларынан тандалган жигиттер түздү. Алар Азиядагы күчтүү команда болуп эсептелет.

Көкбөрү боюнча Азия чемпионаты Астанада алгач ирет өтүп жаткандыктан жалпы байге фонду 150 миң долларды түздү. Биринчи орунду ээлеген команда алгачкы Азия чемпиону аталып, 70 миң доллар менен сыйланат. Күмүш байге үчүн 45 миң доллар, үчүнчү орунга 35 миң доллар ыйгарылат.

Кыргызстандын командасын "Көкбөрү" федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев баштаган делегация, күйөрмандар сүрөөнгө алып жүрөт.

“Бүткүл дүйнөлүк ынтымак жүрүш” марафону

Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстандан тандалган 15 жөө күлүк “Бүткүл дүйнөлүк ынтымак жүрүш” факелдик марафонуна катышууда. Эстафета Дүйшөмбү шаарынан 5-сентябрда старт алып, Хожент, Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларын аралап өттү. 10-сентябрда Ош шаар тургундары, спорт күйөрмандары салтанат менен тосуп алышты.

11-сентябрда эстафетанын катышуучулары Жалал-Абад шаарына барышты. Аларды жергиликтүү жөө күлүктөр коштоп чуркады. Эми алар андан ары Каракол, Кара-Балта шаарларын көздөй чуркап келет. Ынтымак жүрүшүнүн катышуучулары 15-сентябрда түштөн кийин Бишкекте болушат. 16-сентябрда Бишкектен Алматын көздөй чуркап, жүрүш Кытайды көздөй уланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов маалымдады.

- Бул факелдик олимпиадалык эстафета - эң узун аралыкты чуркап өтүү менен ынтымак, тынчтык жана гармонияга умтулуу символу катары факел колдон колго өткөн марафон. Күйгөн факелди колдон колго, шаардан шаарга, өлкөдөн башка мамлекетке өткөрүү менен катышуучулар бүткүл дүйнө жүзүндөгү достукка жана ынтымакка тилектештигин билдиришет. Бул бүткүл дүйнөлүк факелдик эстафетанын демилгечиси коомдук жана спорт ишмери, философ Шри Чинмой болгон.

Арыбаган, талыбаган 15 жөө күлүк 3 миң километрдей аралыкты марафон катары чуркап өтүшөт. Алардын катарында кыргызстандык жөө күлүктөр 74 жаштагы Равил Нагаев, 31 жаштагы Жанаргүл Ниазова жана Эрик Дүйшеев да бар.

Эл аралык факелдик эстафета 1987-жылдан бери ар жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Быйылкы факелдүү эстафетанын финалы 23-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарында аяктайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG