Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Азия футбол фестивалынын алтын байгеси


8-октябрда cамбо чеберлери Болгариядагы дүйнө чемпионатынан олжолуу келди. Венгрияда өткөн эл аралык турнирде 6 кыргыз балбаны Гран-при мелдешине жолун ачты.

8-октябрда Болгариянын Бургосе шаарында өткөн самбо боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынан кыргызстандыктар олжолуу кайтып келди. Мында 15 өлкөнүн эки жүздөн ашуун ардагер балбаны мөрөй талашты.

Болгарияда өлкө намысын 7 спорт ардагери коргоп, 62 кило салмакта Эркинбек Үмөталиев финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болду. Ильичбек Чокеев коло медал тагынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Нурлан Токоноев кабарлады.

Былтыр Абакир Рысов менен Эркинбек Үмөталиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болушкан.

6 балбан баш байгеге талапкер

Венгриянын Шомбатели шаарында грек-рим күрөшүнөн Golden Grand Prix-2013 турниринин биринчи этабы жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык 5 балбан бул эл аралык абройлуу мелдештин финалына жолдомо алды. Алар: Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Каныбек Жолчубеков, Атай Койчукулов, Руслан Царев, Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Кулболду Исаев билдирди.

Мындан сырткары быйыл Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиадада Элдияр Бегалиев да Golden Grand Prix-2013 турниринин финалына жолун ачкан. Финалдык күч сынашуулар Азербайжандын борбору Баку шаарында 24-октябрда болмокчу.

Жеткинчектер Азия футбол фестивалында жеңди

8-октябрда Түштүк Кореянын Инчон шаарында футбол боюнча жеткинчектер, өспүрүмдөр арасында Азия фестивалы улантылды. Мында 16 өлкөнүн 60 командасы мөрөй талашууда.

Кыргызстандын намысын 11 жана 13 жаштагы жеткинчектер командасы коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев Кореядан кабарлады.

11 жаштагы жеткинчектер В-5 тобунда Лаос, Кытай жана Түштүк Кореянын үч командалары менен беттешти. Жыйынтыгында эки жолу утуп, бир ирет тең чыгып, бир жолу жеңилүү ызасын тартып, өз тобунда экинчи орунду ээледи.

13 жаштагы уландар С-4 тобунда Монголия жана Кытайдын дагы үч командалары менен мөрөй талашты. Алар эки команданы утуп, эки ирет тең чыгып, өз тобунда биринчи болду. Кыргызстандык жаш футболчуларга Азия фестивалынын алтын медалы ыйгарылды.

Дзюдочу Дашков жаштар олимпиадасына барат

Кыргызстандык дзюдо чебери Ростислав Дашковго дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады.

- Дашков АКШнын Майами шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 81 кило салмакта жетинчи орунга жетип, бул көрсөткүч 2014-жылы Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштар олимпиадасына жол ачкан.

Дүйнөлүк жаштар олимпиадасына 14 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар, жаштар катышат. Мында оюндар 2010-жылы Сингапур өлкөсүндө алгач ирет өткөрүлгөн. Кыргызстандан 8 спортчу катышып, грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медал утуп, биринчи жаштар олимпиадасынын чемпиону аталган. Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов коло байге утуп, дзюдочу Болот Токтогонов да коло медал тагынган.

Футзал: Суперлига башталды

8-октябрда Бишкекте футзал боюнча өлкөнүн Суперлига чемпионаты башталды. Биринчи оюнда "Дордой секьюрити" жана "Беловодск" командалары беттешүүдө. Өлкө чемпиону "РСК-Налоговик" менен "Ленин району" командалары да күч сынашат. Быйылкы атаандаштар тууралуу “Азаттыкка” футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаев айтып берди.

Суперлига чемпионатына "Булат", Бишкектин "Дордой", "Жетиген" катышууда. Жеңүүчүлөр келээрки жылдын апрелинде аныкталат.

Топ-Лига: Оштун "Алайы" алдыда

Футбол боюнча өлкө чемпионатынын кезектеги оюнунда Оштун "Алай" командасы Канттын "Абдыш-Атасын" кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн эле талаа ээлери оюнду колго алып, гол жаратууга аракетин күчөттү. Мындай кадам 10-мүнөттө өз жыйынтыгын берди. "Абдыш-Ата" оюнчулары өз айыптык талаасынан жакын жерде оюн эрежесин бузушту. Айып тобун "Алайдын" жарым коргоочусу Шерзат Шакиров тээп, анын 25 метрдей аралыктан сол буту менен тепкен тобу "Абдыш-Ата" дарбазасынан орун алды.

Бул оюндан кийин "Алай" клубу 39 упай топтоп, учурда биринчи орунда баратат. Экинчи орундагы "Дордой" командасы 33 упайга ээ. Бирок өлкөнүн 8 жолку чемпионунда дагы эки оюн өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Дастан Конокбаев маалымдады.

Кезектеги турда Оштун "Алайы" 19-октябрда Бишкектин "Алга" командасын кабыл алат. Эгер оштук футболчулар "Алганы", андан кийин "Дордойду" утуп, өз кезегинде "Дордойдо" бир жеңилүүдөн сырткары тең чыгуу катталса, "Алай" тарыхында биринчи жолу өлкө чемпиону болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG