Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Футбол фестивалынан алтын медал


Бишкекте жаштар арасында дзюдо боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Бишкек шаардык спорт комитети мыктыларды аныктады.

9-октябрда Түштүк Кореядан кыргызстандык жеткинчектер Азия футбол фестивалынан алтын байге утуп келди. Инчон шаарында футбол боюнча жеткинчектер, өспүрүмдөр арасында Азия фестивалы жыйынтыкталды. Мында 16 өлкөнүн 60 командасы мөрөй талашты.

Кыргызстандын намысын 11 жана 13 жаштагы жеткинчектер командасы коргоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Кыргызстандык жаш футболчуларга Азия футбол фестивалынын алтын жана күмүш медал ыйгарылды.

Сурабалдиевди эскерүү турнири

9-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстандын Дзюдо улуттук федерациясынын алгачкы президенти, СССРдин спорт чебери, эмгек сиңирген машыктыруучу Жыргалбек Сурабалдиевди эскерүүгө арналган жаштар арасында дзюдо боюнча эл аралык мелдеш башталды.

Бул мелдеш жана устаты тууралуу “Азаттыкка” Дзюдо федерациясынын башкы катчысы Эмил Рыскулов мындай деди:

- Эгемен өлкө болгону Жыргалбек Сурабалдиев Дзюдо федерациясын жана Бишкек шаардык спорт мектебин жетектеген. Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, өлкөнүн ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси болгон. Ондогон спорт чеберлерин тарбиялап, дзюдо, самбо спортунун өнүгүшүнө салым кошкон. 2005-жылдын 10-июнунда Бишкекте буйрутма менен өмүрү кыйылган.

Эл аралык дзюдо мелдешине 18 жашка чейинки кыргызстандык жана казакстандык эки жүздөй спортчу катышууда.

Мелдештин алгачкы жеңүүчүлөрү да аныкталды. Жеңил салмакта кыздардан караколдук Күмүшай Саскеева баш байгенин ээси болду. 63 кило салмакта финалга казакстандык Айгерим Алмукашева менен бишкектик Асел Мусабекова чыкты. 78 кило салмакта казакстандык Актолкун Смаганбетова биринчи орунду ээледи. Жигиттерден 100 кило салмакта жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Болот Токтогоновго теңдеш чыкпады.

Аталган эл аралык мелдеш 10-октябрда да уланат.

Шаардык спорт кызматкерлери ардакталды

9-октябрда Бишкек шаардык спорт комитети дене тарбия кызматкерлеринин майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Спортко салым кошкон кызматкерлер, машыктыруучулар жана Универсиаданын, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

Шаарда быйыл 42 кичи футбол аянтчасы, 20 спорт аянча курулуп, 280 миң шаар тургуну “Ден соолук” спартакиадасына катышканын Бишкек мэри Иса Өмүркулов “Азаттыкка” айтып берди.

Өлкөнүн тандалма командасынын 80-90 пайызын шаардык спортчулар түзөөрүн, быйыл Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк универсиада оюндарында, Азия, дүйнө чемпионаттарында бишкектиктер байгелүү орундарды ээлегенин шаардык спорт комитеттин төргасы Шейшенкул Бакиров белгиледи.

Кадыров вице-президент болду

Жогорку Кеңештин депутаты Бахтияр Кадыров өлкөнүн баскетбол федерациясынын вице-президенти болуп дайындалды.

Баскетбол боюнча спорт чебери Бахтияр Кадыров 2008-жылы Бишкек - Тегеран аба каттамында кыйроого учураган "Боинг-737" үлгүсүндөгү учакта тирүү калган жүргүнчүлөрдүн бири. Ал учактын ичинде баскетбол боюнча өлкөнүн уландар тандалма командасы да бар эле. Бахтияр Кадыров аларды куткарууга жардам берип, өзү да жаркат алган.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG