Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Санкт-Петербург: кыргыздар жарым финалда


22-октябрда Санкт-Петербургдагы жоокер өнөрү боюнча бүткүл дүйнөлүк оюндарында кыргыз жигиттери жарым финалга чыкты. Алматыда бокс боюнча дүйнө чемпионатында Эрмек Сакенов чейрек финалда.

Бул күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жоокердик искусство өнөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндар өтүүдө. Мында жүзгө жакын өлкөнүн эки миңдей спортчусу спорттун 15 түрү боюнча мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын спорттун 5 түрүнөн 13 спортчу коргоп жатат. Алар бокс, самбо, бел кур күрөшү, кикбоксинг, тай бокс боюнча күч сынашууда.

21-октябрда кыргызстандык тайбоксчу Данияр Кашкараев жарым финалдык таймашта орусиялык Александр Абрамовго 30:27 эсебинде жеңилип, үчүнчү орунга илинди. Кашкараев алгач 57 килограмм салмакта ооганстандык Нажав Таморини утуп, байгелүү орундарга талапкердин бири болгон.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, Кыргызстандын жараны Валентина Шевченко бул ирет Перунун намысын коргоп жатат. 21-октябрда Валентина Шевченко жарым финалда тайланддык Пимнипа Танаватпипатты утуп, баш байгеге талапкердин бири болду. 23-октябрда Шевченко биринчилик үчүн украиналык Анастасия Шарманова менен күч сынашат.

Кикбоксинг: эки жигит жарым финалда

Санкт-Петербургдагы жоокердик өнөр боюнча Бүткүл дүйнөлүк оюндарында кыргызстандык кикбоксчулардан экөө жарым финалга чыкты.

71 кило салмакта Сталбек Дарканбаев нигериялык Нил Нилди утуп, жарым финалга жолун ачты. 23-октябрда Сталбек орусиялык Никита Селянский менен таймашка чыгат. Аны жеңип алса гана баш байгеге талапкердин бири болот.

21-октябрда кикбоксингден 91 кило салмакта Рашид Аманкулов рингде мараколук Эл Беркани Радауан менен күч сынашып, атаандашын утуп, жарым финалда таймашууга укук алды. 23-октябрда Аманкулов дагы орусиялык Александр Дмитриенко менен күч сынашат. Эки жигит жарым финалда кокус жеңилип калса деле коло байгелүү болушат.

"Калыстар калыстыктан тайбай, орусиялык кикбоксчуларга жан тартпаса, Сталбек Дарканбаев менен Рашид Аманкулов финалга чыгып калышы мүмкүн",- деди “Азаттыкка” дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүнбаев.

81 кило салмакта өлкө намысын Азия чемпиону Кумар Жалиев коргоп, орусиялык Александр Дробининге жеңилип, күйөрмандардын ишеничин актай албады.

Эки жигит намыска жарайбы?

Бокс боюнча Санкт-Петербургдагы жоокердик өнөр оюндарына Кыргызстандан үч жигит катышууда. Жеңил салмакта Мирлан Түркбай уулу биринчи беттешүүдө орусиялык атаандашына утулуп калды.

22-октябрда 56 кило салмакта Бактияр Өтөгөновдун жарым финалдагы атаандашы өзбекстандык Захиджан Курбаев болмокчу. Ал эми 60 кило салмакта Адилет Бекиев жарым финалда америкалык Рамос Кресенкау менен рингде күч сынашат. Экөө тең кокус жеңилип калса, коло байге менен кайтып келишет.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндар 2010-жылы Бээжин шаарында өткөн. Мында командалык эсепте биринчи орунду Орусия ээлеген.
Санкт-Петербурдагы жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндар 18-октябрда башталган. Бул мелдеш 26-октябрда жыйынтыкталат.

Алматы: Сакенов чейрек финалда

Бул күндөрү бокс боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын Алматы шаарында курч мүнөздө өтүп жатат. Мында 116 өлкөнүн алты жүздөй ашуун мушкери мөрөй талашууда. Алматыда Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоп, алардын жетөө жеңилип, экөө гана таймашты улантууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Бокс федерациясынын президенти Абдубакыт Халмурзаев Алматыдан маалымдады.

64 килограмм салмактагы Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов үч жолу таймашка чыгып, атаандаштарын утуп, чейрек финалга чыкты. 21-октябрда Эрмек Сакенов тажикстандык Шавкотжан Рахимов 3:0 эсебинде жеңип алды. 23-октябрда чейрек финалда Сакенов Азия чемпиону, казакстандык Мерей Акшалов менен рингде күч сынашат.

Жигиттерди сүрөөнгө алып жатып, үнү бүтүп калган бокс боюнча СССР спорт чебери Ороз Евгачевдун пикиринде, калыстар казак жигитине тартпай калыстык кылса, Эрмек Сакенов байгелүү орунга илинип калышы мүмкүн.

22-октябрда кечинде Алматыда 52 кило салмакта быйылкы Азия чемпиону Азат Үсөналиев рингге чыгат. Бул жолу анын атаандашы, Азия чемпионатынын күмүш байге ээси, казакстандык Ильяс Сулейманов болмокчу.

21-октябрда 56 кило салмакта Өмүрбек Малабеков казакстандык Кайрат Эралиев менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четке чыгып калды.

Эгемен өлкө болгону чоңдор арасында кыргызстандык жигиттер дүйнө чемпиону наамына жетелек. Совет доорунда 1989-жылы Москвада өткөн биринчиликте кыргызстандык Андрей Курнявка дүйнө чемпиону аталган. Алматыдагы 14-октябрда башталган бокс боюнча дүйнө чемпионаты 26-октябрда жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG