Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстан менен Азербайжан тең чыкты

19-ноябрда Бишкекте футболдон Кыргызстан жана Азербайжан өлкөлөрүнүн курама командаларынын жолдоштук беттешүүсү болду.

19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан жана Азербайжандын тандалма командасынын жолдоштук беттешүүсү башталды. Жолдоштук беттешүүгө калыстык кылуу үчүн Казакстандан Артем Кучин баштаган калыстар тобу атайын чакырылды.

Кыргызстандын командасы эки ай ичинде бир нече жолдоштук беттешүүлөрдү өткөргөн. 11-октябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кувейттин тандалма командасы менен беттешип, анда 3:0 эсебинде жеңишке жетишкен. 15-октябрда Тажикстандын тандалма командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңилген. Андан кийин Катардын футболчулары менен беттешмек, бирок бул оюн кийинкиге калган.

1-ноябрда кыргызстандык футболчулар Индонезияга барып, Жакарта шаарындагы жолдоштук беттешүүгө катышкан. Анда 4:0 эсебинде Индонезиянын тандалма командасы кыргызстандык футболчуларды утуп алышкан. Андан кийин 11-ноябрда Кувейт өлкөсүнө барып, алардын жаштар тандалма командасы менен күч сынашты. Бул беттешүүнүн жыйынтыгы 1:0 эсебинде кувейттиктердин жеңиши менен аяктаган.

Кыргызстан жана Азербайжандын тандалма командасы алгач ирет 1993-жылы беттешип, 3:2 эсебинде азербайжандыктар уткан. 2007-жылы Чымкент шаарында өткөн Алма ТВ кубогунда Кыргызстандын командасы 1:0 эсебинде Азербайжандын футболчуларынан жеңилген.

Кыргызстандын мыкты чабуулчуларынын бири Мирлан Мурзаев жаракат алып калгандыктан беттешүүгө катышкан жок. Ошондой эле Африканын Гана өлкөсүнүн жараны Даниэл Тэго менен азербайжандык Ильгар Набиев да бул беттешүүгө катышууга акысы жок. Себеби алар учурда Кыргызстандын жарандыгын алыша элек.

Оюндун экинчи жарымында бир топ убакыттан бери дарыланып жүргөн чабуулчу Азамат Байматов футбол талаасына чыгып, өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алган жок.

Бул беттешүүгө чет өлкөлөрдө келишим менен ойноп жүргөн бир нече футболчу атайын чакыртылды. Мисалы, Казакстандын “Спартак” командасында ойноп жүргөн Анатолий Власичев, Киевдин “Динамосунда” ойногон Ахлетдин Исраилов, Орусиянын “Химик-Дзержинск” командасында ойноп жүргөн Валерий Кичин да беттешүүгө катышып, дурус ойноду.

19-ноябрдагы беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды, аны көрүүгө 15 миңдей күйөрман келди. Жолдоштук беттеште кыргызстандыктардан Вадим Харченко, Ахлидин Исраилов, Валерий Кичин, Дэвид Тете, азербайжандыктардан Жихан Озкара, Махир Шукюров, Вугар Надиров мыкты оюн көрсөттү.

15-октябрда азербайжандык футболчулар өз талаасында Орусиянын курама командасын кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Оюн курч мүнөздө өттү. Кыргызстандык футболчулардын чет өлкөлөрдө машыгуусу натыйжа берип, чеберчилиги жогорулаганы байкалды, - деди “Азаттыкка” “Алга” футбол клубунун ардагери, республикалык балдар футбол мектебинин жетекчиси Мехлис Кошалиев.

Кыргызстан-Азербайжан: эсеп тең болду

Достук беттешке Кыргызстан курама командасы төмөнкү курамда талаага чыкты: Павел Матяш (д), Валерий Кичин, Тахир Авчиев, Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Вадим Харченко (к), Макка Кум, Анатолий Власичев, Ахлетдин Исраилов, Хуршит Лутфуллаев, Дэвид Тетте.<br />
1/21 Достук беттешке Кыргызстан курама командасы төмөнкү курамда талаага чыкты: Павел Матяш (д), Валерий Кичин, Тахир Авчиев, Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Вадим Харченко (к), Макка Кум, Анатолий Власичев, Ахлетдин Исраилов, Хуршит Лутфуллаев, Дэвид Тетте.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Азербайжан командасынын курамы:&nbsp;<span style="text-align: justify; font-family: Helvetica, Arial, sans-serif; background-color: rgb(255, 255, 255);">Салахат Агаев, Махир Шукюров, Эльнур Аллахвердиев, Расим Рамалданов, Руслан Абышов, Рахид Амиргулиев, Илтер Ташкын, Джихан Озкара, Вагиф Жавадов, Руфат Дадашов, Рауф Алиев</span>
2/21 Азербайжан командасынын курамы: Салахат Агаев, Махир Шукюров, Эльнур Аллахвердиев, Расим Рамалданов, Руслан Абышов, Рахид Амиргулиев, Илтер Ташкын, Джихан Озкара, Вагиф Жавадов, Руфат Дадашов, Рауф Алиев
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Кыргызстан командасын колдоо үчүн стадионго 15000ге чукул күйөрман келген.
3/21 Кыргызстан командасын колдоо үчүн стадионго 15000ге чукул күйөрман келген.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Улуттук курама команданын &quot;Күйөрмандар биримдиги&quot; алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.
4/21 Улуттук курама команданын "Күйөрмандар биримдиги" алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Улуттук курама команданын &quot;Күйөрмандар биримдиги&quot; алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.
5/21 Улуттук курама команданын "Күйөрмандар биримдиги" алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Оюндун достук статусуна карабай кыргызстандык футболчулар жандуу оюн көрсөтүп, матчтын дээрлик биринчи бөлүгү Азербайжан командасынын жарым талаасында өттү.
6/21 Оюндун достук статусуна карабай кыргызстандык футболчулар жандуу оюн көрсөтүп, матчтын дээрлик биринчи бөлүгү Азербайжан командасынын жарым талаасында өттү.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
7/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
8/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
9/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Кыргызстандыктардан Вадим Харченко, Ахлидин Исраилов, Валерий Кичин, Дэвид Тете, азербайжандыктардан Жихан Озкара, Махир Шукюров, Вугар Надиров мыкты оюн көрсөттү.<br />
10/21 Кыргызстандыктардан Вадим Харченко, Ахлидин Исраилов, Валерий Кичин, Дэвид Тете, азербайжандыктардан Жихан Озкара, Махир Шукюров, Вугар Надиров мыкты оюн көрсөттү.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Стадионго өз улуттук командасын колдоо үчүн Азербайжан күйөрмандары да келишкен.
11/21 Стадионго өз улуттук командасын колдоо үчүн Азербайжан күйөрмандары да келишкен.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
12/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
13/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
14/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
15/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы эң мыкты оюн көрсөтүп, бир нече ирет голдон куткарып калды.
16/21 Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы эң мыкты оюн көрсөтүп, бир нече ирет голдон куткарып калды.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
17/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Оюндун аягында футболчулар күйөрмандарына ыраазычылык билдирүшүүдө.<br />
<br />
18/21 Оюндун аягында футболчулар күйөрмандарына ыраазычылык билдирүшүүдө.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
19/21
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Улуттук курама топтун башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков командасынын оюнуна купулу толгондугун жана бул достук беттеште улуттук команда үчүн теңме тең чыгуу да жакшы жетишкендик экендигин белгиледи.
20/21 Улуттук курама топтун башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков командасынын оюнуна купулу толгондугун жана бул достук беттеште улуттук команда үчүн теңме тең чыгуу да жакшы жетишкендик экендигин белгиледи.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Азербайжан курама командасынын машыктыруучусу Берти Фогтс салтка айлангандай эле ар бир барган шаарында карылар жана балдар үйлөрүнө жардам көрсөтөт. Бишкекте да бир нече азербайжандык жана кыргызстандык оюнчулар менен бирге ал карылар үйүнө барып, материалдык жардам көрсөттү.
21/21 Азербайжан курама командасынын машыктыруучусу Берти Фогтс салтка айлангандай эле ар бир барган шаарында карылар жана балдар үйлөрүнө жардам көрсөтөт. Бишкекте да бир нече азербайжандык жана кыргызстандык оюнчулар менен бирге ал карылар үйүнө барып, материалдык жардам көрсөттү.
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды. (Улан Асаналиев)
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Куржундар
XS
SM
MD
LG