Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Балбандар ишеничти актады


Орусиядагы кыргызстандык балбандар, 9-сентябрь, 2013-жыл
Орусиядагы кыргызстандык балбандар, 9-сентябрь, 2013-жыл

13-декабрда Кытайда дюздо боюнча жана Казакстанда грек-рим күрөшүнөн кыргыз балбандары жеңишке жетти.

Учурда Кытайдын Хайян шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана улан-кыздар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар үч күмүш, 1 коло медал утуп алды. Бул тууралуу "Азаттыкка” Дзюдо боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов билдирди.

Оор салмактагы Азамат Бектурсунов чемпионаттын финалына алтын байге үчүн кытайлык спортчу менен чыгып аз упай менен утулуп, күмүш байгелүү болду.

73 кг. салмакта Эрмек Сариев тажикстандык спортчу менен финалда беттешип, ага утулуп, экинчи орунду ээледи. Уландар арасындагы таймашта Артур Те финалга чейин жетип, күмүш медал тагынды. Кыздардан Күмүшай Соскеева үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Кытайда өтүп жаткан өспүрүмдөр жана улан-кыздар арасында Азия чемпионатында өлкө намысын 21 спортчу коргоп жатат.

Балбандар деле табында

Астанада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын президентинин кубогу эл аралык турнирде кыргыз балбандары Арсен Эралиев менен Каныбек Жолчубеков алтын, Элдияр Бегалиев коло медалды жеңип алды.

Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаевдин айтымында, табында турган балбандар ишеничти актады.

Азия чемпиону Каныбек Жолчубеков жеңил салмакта бардык атаандаштарын утуп, финалда казак балбаны Мейрамбек Айнагулов жеңип, баш байгенин ээси болду. Элдияр Бегалиев коло медал үчүн болгон таймашта казакстандык Жансерик Сарсенбаевди 11:0 эсебинде утуп, 3-орунду ээледи.

Азия чемпиону, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Арсен Эралиев 60 кило салмакта белорусиялык Солан Даубов менен финалда беттешип, аны артыкчылык менен жеңип алды.

Байге алган балбандардан тышкары кыргызстандыктар Урматбек Аматов жана Самат Шырдаков да медал үчүн күч сынашат. Бул турнирге 9 өлкөнүн жүздөн ашуун балбаны катышууда.

Мелдештин байге фонду 77 миң АКШ долларына барабар. Биринчи орун алгандарга 5 миң, экинчи орун үчүн 3 миң доллар жана коло байге алгандарга 1,5 миң доллардан сыйлык ыйгарылууда.

Чыңгыз Айтматовду эскерүү акыл таймашы

13-декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш улантылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов билдирди.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан 200гө жакын спортчу катышууда. Акыл таймашы өздүк эсепте 13 айлампада швейцариялык түрдө ойнолууда. Учурда эр-азаматтардан Азия чемпиону, кыргызстандык Анарбек Жамакеев менен дүйнө чемпиону, казакстандык Галымжан Темирбаев, кыз-келиндерден Алтынай Шамбетова, Гүлжамал Сарыкеева жана башкалар топ баштап келүүдө. Турнирдин жеңүүчүлөрү 18-декабрда аныкталат.

Баяман Эркинбаевди эскерип...

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда алыш бел күрөшү боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты аяктады. Мелдеш Баяман Эркинбаевди эскерүүгө арналды.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдиргендей, мелдешке Кыргызстан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн эки жүзгө жакын балбан катышты.

Алыш күрөшү боюнча мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык Бектурсун Төлөш уулу, Санжарбек Аманов, Руслан Табалдиев, Урмат Манапбаев, Канимет Барпыбеков жана Чыңгыз Аканов өлкөнүн чемпиондору деп таанылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG