Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Кыргыз балбандарынын жеңиши


16-декабрда Кытайда өткөн дзюдо боюнча уландар, жаштар арасында Азия чемпионатынан кыргыз балбандары олжолуу кайтып келди.

Азияда таанылган дзюдочулар

16-декабрда Кытайдын Хайян шаарында өткөн дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Азия чемпионатынан кыргызстандык балбандар 4 күмүш, 1 коло медал утуп келди. Бул тууралуу "Азаттыкка” Дзюдо боюнча федерациянын президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.

Уландар арасындагы таймаштарда оор салмактагы Азамат Бектурсунов, 73 кг. салмакта Эрмек Сариев финалга чейин жетип, күмүш медал тагынды. Жаштар арасындагы таймашта кыздардан Асел Мусабекова, жигиттерден Артур Те экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду. Кыздардан да Күмүшай Соскеева үчүнчү орунду ээледи.

Кытайда өткөн өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпионатында өлкө намысын 21 спортчу коргоп, командалык эсепте тогузунчу орунга илинди.

Казак президентинин байгеси

16-декабрда Казакстандан да кыргыз балбандары жеңиш менен келди. Астана шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Казакстандын президентинин кубогу эл аралык турнирде кыргыз балбандары Арсен Эралиев менен Каныбек Жолчубеков алтын, Элдияр Бегалиев коло медалды жеңип келди.

Грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн башкы устаты, Бээжин олимпиадасынын күмүш байге ээси Канатбек Бегалиевдин айтымында, табында турган балбандар бул турнирде командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Турнирге 9 өлкөнүн жүздөн ашуун балбаны катышууда. Мелдештин байге фонду 77 миң АКШ долларына барабар болду. Биринчи орун алгандарга 5 миң, экинчи орун үчүн 3 миң доллар жана коло байге алгандарга 1,5 миң доллардан сыйлык ыйгарылды.

Тогуз коргоол: Акыл таймашы уланууда

16-декабрда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш улантылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” тогуз коргоол федерациясынын президенти Камчыбек Касымов билдирди.

Мелдешке Кыргызстан жана Казакстандан 200гө жакын спортчу катышууда. Акыл таймашы өздүк эсепте 13 айлампа да швейцариялык түрдө ойнолууда. Учурда эр-азаматтардан Азия чемпиону, кыргызстандык Анарбек Жамакеев менен дүйнө чемпиону, казакстандык Галымжан Темирбаев алдыңкы орунда келатышат. Кыз-келиндерден Алтынай Шамбетова, Гүлжамал Сарыкеева жана башкалар топ баштап келүүдө. Турнирдин жеңүүчүлөрү 18-декабрда аныкталат.

Бокс: Кыздар кыргызды таанытты

Казакстандын Алматы шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде кыргыз мушкерлери 1 күмүш, 2 коло байге утуп келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн башкы устаты Адылхан Бекболотов маалымдады.

Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Менгерей Хайрутдиновду эскерүү эл аралык мелдешинде 64 кило салмакта Ыктияр Шабданбеков күмүш байге, кыздардан 69 кило салмакта Уркуя Эшмамбет кызы жана 80 кило салмакта Бегимжан Касымова коло медал тагынды. Бул турнирге Куба, Орусия, Түштүк Корея, Азербайжан, Өзбекстан баштаган онго чукул өлкөнүн мушкерлери катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG