Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Дүйнөлүк акыл таймашы башталды


18-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Ага кыргызстандык 25 шахматчы катышууда.

18-декабрда кыргызстандык спортчулар шинкекушинкай карате чыгыш өнөрү боюнча Казакстандын кышкы чемпионатынан 3 алтын медал утуп келишти.

Астана шаарында өткөн мелдешке Кыргызстандан, Орусиядан, Тажикстандан жана Казакстандан төрт жүздөй жаш спортчу катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Кыргызстандын намысын 8 спортчу коргоп, 9 жаштагы Баэл Шерматов, 13 жаштагы Медер Үсөнбаев жана 15 жаштагы Артем Носарев алтын медал утуп келди. Андан тышкары сегиз жаштагы Нурсултан Шамансуров күмүш байгеге татыган.

Кыргызстандыктар дүйнө чемпионатында

18-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Ал-Айн шаарында шахмат боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпионаты башталды. Ага 25 кыргызстандык жаш шахматчы катышууда.

Алардын катарында Азия чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген Элдияр Орозбаев, Руслан Сьездбеков, Дария Ли, Артур Жакыпов жана башкалар бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Милан Турпанов маалымдады.

Жаш шахматчыларга таанымал устаттар Бактыгүл Тиленбаева менен Болот Такырбашев баш-көз болуп жүрөт. Дүйнөлүк акыл таймашы 29-декабрда жыйынтыкталат.

Василий Баканачтын байгеси

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Василий Баканчты эскерүүгө арналган жогорку окуу жайлар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча командалык турнир өттү.

Командалык мелдешке Бишкек шаарындагы, Ош, Баткен, Чүй жана Талас облустарынын жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Финалдык мелдеште Дене тарбия академиясынын студенттери 29 упай менен биринчиликти ээледи. Экинчи орунду Архитектура, курулуш жана транспорт университети, үчүнчү орунду Ош мамлекеттик университети камсыз кылды.

"Алдыңкы үч орунга илингендер миң доллар акчалай байге, медал жана кубок менен сыйланды", - дейт башкы калыс Эмил Алыкулов.

Айлык бар, сыйлык жок

Айрым массалык маалымат каражаттары "Алга" футбол клубунун оюнчулары 3 айдан бери айлыгын алыша элек деп жазып чыккан. Бул маалыматты такташ үчүн футбол клубдун директору Эмил Бусурманкуловго кайрылдык:

- Шаардын финансылык кызматы айлык акыны убагында эле төлөп берген. Сыйлык катары төлөнүүчү каражат гана кечигип жатат. Мэрия “Алганын” футболчуларын ар тараптан колдоп келген. Айрым маалымат каражаттары аныгын тактабай, жалган кабар таратышкан. Жыл аягына чейин сыйлык катары берилүүчү акча да төлөнүп берилет. Эмдиги жылы да “Алга” командасы Жогорку жана Биринчи лигада ойнойт.

Ала-Тоодон айырмалаган алты футбол калысы

14-декабрдан бери Кыргызстандын алты футбол калысы Азия футбол конфедерациясынын окуу курстарына катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди.

Алатоолук 6 калыс Дубай шаарында өтүүчү жогорку даражадагы калыстардын окуусуна 18-декабрга чейин катышат. Футбол калыстарынын окуусуна Түштүк, Батыш жана Борбор Азиядан өкүлдөр катышып, теориялык, практикалык сабак алышууда.

Аталган окууга Кыргызстандан ФИФАнын калыстары Тимур Файзуллин менен Дмитрий Мащенцев жана ФИФА калыстарынын жардамчылары Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков жана Исмаил Талипжанов атайын чакырылган.

Окутуу курстарынын соңунда калыстар эрежелерди билүү боюнча сынактарды тапшырат.

Хоккей: "Илбирстин" жеңиши

Бишкектин шаардык муз айдыңында хоккей боюнча "Илбирс" жана "Локомотив" командалары жолдоштук беттешүү өткөрдү.

Жаш хоккейчилердин таймашында "Илбирс командасы 5:4 эсеби менен жеңишке жеткен. Мыкты оюнчу деп Данил Ожогин таанылса, мыкты коргоочу деп Кристиан Дайк аталды. Мыкты дарбазачы Темир Мухтарбек болсо, мыкты чабуулчу деген сыйлык Мамед Сейфуловго ыйгарылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG