Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Балбандардын жеңиштүү таймаштары


23-декабрда Орусиядагы бильярд турниринен Каныбек Сагынбаев коло медаль утуп келди. 23-декабрда дзюдо боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогунун таймаштары жыйынтыкталды.

23-декабрда Канаданын Лейк-Луиз шаарында сноубординг боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери соңуна чыкты. Мында кыргызстандык спортчулар ийгилик жарата алышпады. Кыргызстандык Алексей менен Павел Вакуриндер сноуборд-кросс мелдештерине катышты.

Бул дүйнө кубогу 2014-жылы Сочи шаарында өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоо мелдештери катары өттү.

Каныбек Сагынбаевдин коло байгеси

23-декабрда Орусиядан бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев олжолуу келди. Ал Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык турнир коло байгелүү болду.

Мында дүйнө жүзүнөн тандалган 64 спортчу мөрөй талашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” спорт чебери Ильяс Адамов кабарлады.

Ноябрь айында Москвада өткөн "Кремль Кубогу-2013" эл аралык турниринде да Каныбек Сагынбаев коло медаль тагынган.

Дүйнөлүк акыл таймашы

23-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Ал-Айн шаарында шахматтан дүйнө чемпионаты улантылды. Мында кыргызстандык 25 жаш шахматчы акыл таймаштарына катышууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” шахмат боюнча өлкө чемпиону Нурдин Самаков маалымдады.

Дүйнө биринчилигинде 8 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүм, улан-кыздар акыл таймашына катышууда. 8 жаштагы Элдияр Орозбаев, 10 жаштагы Дарья Ли, 14 жаштагы Чыңгыз Исаев, 18 жаштагы Айжан Алымбай кызы жакшы ойноп, алдыңкы топто келатышат.

Шахматтан дүйнө биринчилиги 29-декабрда жыйынтыкталат.

Балбандар сыналды

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча өлкө кубогу үчүн күч сынашуулар өттү. Мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын, Ала Тоонун 7 облусунун эки жүздөй балбаны катышты. Федерациянын вице-президенти Кулболду Исаев маалымдагандай, мелдеш Эл аралык күрөш федерациясынын (FILA) жаңы эрежелери боюнча өткөрүлдү.

59 кило салмакта финалда Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков Азия чемпиону, Лондон олимпиадасынын катышуучусу Арсен Эралиевди утуп алды.

66 кило салмакта бишкектик Руслан Царев, 71 кило салмакта жалалабаддык Кайрат Түгөлбаев биринчи орунду ээледи.

75 кило салмакта жаштар арасында Азия чемпиону Самат Шырдаков өлкө кубогунун ээси болду. 80 кг. чейин салмакта Бекзат Малаканов баш байгенин ээси болду.

85 кило салмакта Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү Азат Бейшебеков табында экенин айгинеледи. 98 кило салмакта оштук балбан Бексултан Махмудовдун жылдызы жанды. Оор салмакта Мурат Рамонов биринчи болду.

Дзюдо боюнча "Дордой" ассоциациясынын кубогу

22-декабрда Бишкек шаарындагы “Дордой” спорт комплексинде дзюдо күрөшү боюнча “Дордой” ассоциациясынын кубогуна арналган эл аралык турнирдин командалык таймаштары жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов маалымдады.

Таймашка Бишкек, Ош шаарларынын жана Ала-Тоонун 7 облусунун, мындан тышкары Казакстандын 8 командасынын спортчулары катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында 12 команданын мыктылары иргелип, кыз-келиндер жана эр-азаматтар арасындагы баш байгени Кыргызстандын тандалма командасы утуп алды. Казакстандын жана Алматы шаарынын өкүлдөрү экинчи жана үчүнчү орундарды ээледи.

20-21- декабрда жеке таймаштар өтүп, мында дагы байгелүү орундардын көбүн кыргызстандык балбандар утуп алышкан. Алардын катарында Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Лондон олимпиадасынын катышуучулары Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий жана башкалар бар.

Кыз-келиндердин күч сынашууларында кыргызстандык Күмүшай Соскеева, Ксения Бельдягина, казакстандык Анна Казюлина, Севара Нишанбаева жана башкалар баш байгени утуп алышты.

“Дордой” ассоциациясынын кубогуна арналган турнир быйыл биринчи ирет өткөрүлүп, келечекте ар жыл сайын өткөрүү, эл аралык деңгээлге жеткирүү максаттары алдыга коюлду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG