Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргызстандык футболчулардын куну канча?


Kyrgyzstan -- Football, Stadium, Bishkek, November 19, 2013.
Kyrgyzstan -- Football, Stadium, Bishkek, November 19, 2013.

15-январда кыргызстандык ат спортунун чебери жайында Кытайда өтчү жаштар олимпиадасына жолдомо алды. Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 18 жашка чейинки улан-кыздардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги өтөт.

Кыргызстандык жаш ат спорт чебери Игорь Козубаев быйыл жайында Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын экинчи олимпиада оюндарына жолдомо алууга жетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Козубаев жолдомону былтыркы жылдагы ийгиликтеринен соң колуна алды. Ал "Челендж" деп аталган турнирлерде баш байгеге татыган. Жаш чабандести атактуу спортчу Валентина Дуболазова машыктырат.

Бильярд: Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтөт

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 18 жашка чейинки улан-кыздардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн биринчилиги өтөт. "Биринчиликти Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү чечими кабыл алынды",- деп билдирди “Азаттыкка” федерациянын аткаруу комитетинин мүчөсү, машыктыруучу Ильяс Адамов.

Бильярд боюнча эл аралык уюм Кыргызстанга дүйнө биринчилигин өткөрүүгө ишеним көрсөттү жана аны ушул жылдагы мелдештердин жадыбалына киргизди.
Уюштуруучулардын айтымында, улан - кыздар арасындагы бильярд боюнча дүйнөлүк биринчилик 16-августтан18-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.

Футбол: эң кымбат кыргыз оюнчусу

Бишкектин "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Каюмжан Шарипов Кыргызстандын эң кымбат футболчу деп таанылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов маалымдады.
Жакында эле Германиядагы transfermarkt.de интернет-булагы кыргызстандык футболчулардын баасын жаңылады. Тизменин башында 300 миң еврого бааланган Каюмжан Шарипов турат. Ошондой эле бул тизмеде учурда Орусиянын "Химик" (Дзержинск) клубунда ойноп жаткан Валерий Кичин да бар. Кичин өз баасына 50 миң евро кошуп 200 миң евро деп бааланган.
"Дордойдун" жарым коргоочусу Вадим Харченко 175 миң еврого, Мирлан Мурзаев, Мака Кум жана Руслан Сыдыков 50 миң еврого бааланышкан.
Немистердин transfermarkt.de порталы толугу менен дүйнөдөгү футболдордун трансферинин баалары боюнча маалыматтарды берип келет.

Жеңил атлетика: Кышкы сыноо

Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жабык имаратта жеңил атлетика боюнча мелдеш өттү. Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаковдун айтымында, бул убакта салт болуп калган шаардык чемпионат өтүшү керек эле.

- Бул убакта салт болуп калган шаардык чемпионат өтүшү керек эле. Бирок Бишкек шаардык спорт комитетинде каражат жок болгондуктан өтпөй калды. Балдар атайын даярданышкан. Ошондуктан федерациянын демилгеси менен мелдеш өттү. Себеби, февралда өтчү жабык имараттарындагы Азия чемпионатына жаштарды сындан өткөрдүк,- деди Иван Щербаков.

Мелдешке Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан эки жүздөй спортчу катышты. Мындан сырткары орусиялык жеңил атлетчилер дагы күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында, бийиктикке секирүү боюнча кыз-келиндер арасында орусиялык Алена Кавешникова биринчи болсо, эркектер арасында Николай Поповдун чеберчилиги бааланды.

Узундукка секирүүдө бишкектик Анна Буланова менен Кутман Жапаров алдына эч кимди чыгарган жок.

3000 метрге чуркоодо жеңишти Бердигул Айтбай уулу камсыз кылса, 800 метрдик аралыкка чуркоодо Алексей Намуратов менен Ксения Файсханова марага биринчи келди.

Тоскоолдук менен чуркоодо бишкектик Алена Кавешникова баш байгеге арзыды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG