Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

"Азия чакырыгы" кубогун Макао утту


Кыргызстан менен Макао командаларынын таймашы. Бишкек, 2-март, 2014.
Кыргызстан менен Макао командаларынын таймашы. Бишкек, 2-март, 2014.

Бишкекте өткөн хоккей боюнча Азия чакырык кубогунун баш байгеси үчүн Кыргызстан жана Макао беттешти.

2-мартта Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогунун финалдык беттешүүлөрү болду. Коло байге үчүн Индия жана Сингапур өлкөлөрүнүн командалары күч сынашты. Жыйынтыгында 5:3 эсебинде сингапурлук хоккейчилер индиялыктарды утуп, үчүнчү орунду ээледи.

Баш байге үчүн Кыргызстандын курама командасы Макао өлкөсүнүн командасы менен беттешүүсү курч мүнөздө өттү. Эки команданын деңгээли бирдей болгондуктан 3-таймга чейин теңтайлашып, эсеп 4:4 болуп турду. Таймашуу курч өтүп жатканын спорт адиси Касымкул Оболбеков айтып, үчүнчү чечүүчү таймда тагдыр чечилээрин белгиледи.

Алгачкы күндөрү мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде Кыргызстандын тандалма командасы сингапурдук хоккейчилерди 6:3 эсебинде жеңип алган. Экинчи таймашууда Индияны дагы 6:3 эсеби менен уткан. Кыргызстандык хоккейчилер үчүнчү атаандашы Макаонун командасын дагы 3:1 эсеби менен жеңген. Ал эми жарым финалда кыргызстандыктар кайрадан Индия командасы менен ойноп, аларды дагы ири эсеп менен уткан.Экинчи жарым финалда Сингапур жана Макао командалары да беттешип, мында макаолуктар утуп, баш байгеге талапкердин бири болгон.

Шаардык муз айдыңына күйөрмандар арбын келип, финалдык беттешүү курч мүнөздө өттү. Жыйынтыгында бир упай айырма менен баш байгени Макао өлкөсүнүн хоккейчилери жеңип алышты.

Кыргызстандын тандалма командасынын капитаны Аман Эсен уулунун пикиринде, мындай ири турнирге алгач ирет катышкандыктан жарым финалда негизги оюнчулардын бири жаракат алып, финалда калыстар калыстык кылбай койду.Азия чакырык кубогун уткан Макао командасынын капитаны Хиу Сингдин айтымында, Бишкектеги турнирде кыргызстандык хоккейчилер жакшы оюн көрсөттү:

- Бишкектеги турнир курч таймашуулар менен айырмаланды. Кыргызстандын хоккей командасынын келечеги алдыда экенин көрсөттү. Бул ирет спорттук ийгилик биз тарапка ооп кетти. Бул турнир Азияда хоккей оюнунун өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Азия континентинде хоккей оюнун жайылтуу, өнүктүрүү максатында бул оюнду жогорку деңгээлде өткөрүүгө аракет кылышканын федерациянын президенти Анвар Оморканов “Азаттыкка” айтып, эл аралык хоккей федерациясынын өкүлдөрү жакшы баалаганын кошумчалады.

Бул Азия чакырык кубогуна филлипиндер да чакырылган. Алар белгисиз себептерден улам турнирге катышпай калышты. Мелдештин жеңүүчүсү Макао келерки жылы Азия кубогунда ойноого жолун ачты.

Хоккей: Бишкектеги эл аралык мелдеш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG