Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Кулатуу күрөшү боюнча чемпионат өттү


Бишкекте 7-апрелде набыт болгон 87 адамдын элесине арналган кулатуу күрөшүнөн өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кулатуу күрөшүнөн өлкөнүн 20-чемпионатында Ала-Тоо аймагынан сексенден ашуун балбан эки күн мөрөй талашты.

Мелдештин башкы калысы, Кулатуу федерациясынын вице-президенти Адамалы Осмоналиев быйылкы чемпионат 7-апрелде окко учкандардын элесине арналганын “Азаттыкка” айтты.

- Былтыр 7-апрелде Ала-Тоо аянтында кулатуу федерациясынын мүчөлөрү ыңкылапчы жигиттер менен кошо аралашып жүрдүк. Өз колубуз менен курман болгондорду ооруканаларга ташып, кан кечип жүрдүк. Бейкүнөө кеткен жигиттерди кантип унутабыз? Аларды ар жыл сайын эскерип, ушундай мелдеш өткөрүүнү салтка айландырабыз.

Чемпионатта жалпы командалык биринчиликти Дене тарбия академиясынын өкүлдөрү ээледи. Академиянын студенттери Азамат Барктабасов, Адил Садабаев, Канат Султан уулу, Руслан Эмилбек уулу, Мухамед Топказиев, Азамат Мураталиев жана Максат Абдылдаев өлкө чемпиондору аталды.

Кулатуу таймашы боюнча өлкө чемпиону болгон Академиянын өкүлү Адил Садабаев быйылкы жеңишин 7-апрелде набыт болгон баатырларды эскерүүгө арнаганын “Азаттыкка” билдирди.

Оор салмакта бишкектик Кадырбек Куштарбек уулу биринчи орунду камсыз кылды.

Кулатуу күрөшүнөн кыздардын таймашы кызыктуу өттү. Бишкектик Таалайбек кызы Ханзаада, Эшмамбет кызы Уркуя жана караколдук Эрмек Көкөева жигиттерден калышпай, шамдагайлыгы, өткүрлүгү менен айырмаланып, баш байгенин ээлери болушту.

Кулатуу күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугун 70 кг. салмакта беш ирет катары менен жеңген караколдук Эрмек Көкөеванын айтымында, дзю-до, самбо күрөшүнөн да кызыктуу бул спортко өкмөт, жергиликтүү жетекчилер анча көңүл бурулбай келгени өкүндүрөт.

Каражат аз, көңүл жетишсиз

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жылына бир мелдеш үчүн гана каражат бөлөт. Кулатуу күрөшүнүн эрежелерин, ыкмаларын баяндаган методикалык китеп каражаттын жоктугунан алты-жети жылдан бери чыкпай турат.

Машыктыруучулардын адистигин жогорулатуу боюнча семинар кеңешмелер 4-5 жылдан бери өткөрүлө элек. Эл аралык мелдештерди уюштурууга демөөрчүлөр табылбай улам кийинкиге калтырылып келүүдө.
Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанда кулатуу ийримдери иштеп жатат. Астанада ар жыл сайын өткөрүлүп жаткан чыгыш өнөрү фестивалына да кулатуу күрөшүнүн балбандары катышып жүрөт.

Бул спорт кыргыз элинин жашоо шартына, адеп-ахлагына, өзгөчөлүгүнө жараша иштелип чыккан. Кулатуу күрөшүнүн негиздөөчүсү - физика-математика илимдеринин кандидаты, кылыч чабышуу боюнча СССР спорт чебери, каратэ-до боюнча кара кур ээси Темир Турусбеков.

Кыргызстандын Кулатуу федерациясынын президенти Темир Турусбеков бул спорттун өзгөчөлүгү тууралуу буларды айтты:

- Кулатуу - кыргыз элинин күрөш, жоокердик кармаш өнөрү. Кулатуу күрөшүнүн башка чыгыш оюндары сыяктуу эле айырмаланган өз эрежелери, ыкмалары бар. Бул күрөштүн максаты – кыргыз жаштарын күрөштүн ушул түрүнө үйрөтүү менен алардын ден соолугун, ички рухий дүйнөсүн, адамкерчилигинин таза болушуна жетишүү.

Кулатуудагы түртүшүү, жылаан, найза, калтек ыкмаларына панкратион спорт түрүн да айкалыштырып, эр таймаш түрү боюнча мелдеш өткөрүп жатабыз.

Кыргыз жергесинин аймактарындагы айрым спорт мектептеринде кулатуу ийримдери иштеп жатат. Кулатуу федерациясынын вице-президенти Адамалы Осмоналиев айтымында, ал түгүл Канада өлкөсүндө да кулатуу ийрими ачылган. Бирок эки жылдан бери канадалыктардын атайын чакыруусу болсо да бул өлкөнүн элчилиги виза бербей, кулатуу достукка көпүрө боло албай турат.
XS
SM
MD
LG