Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстанда Универсиада оюндары өтүүдө


Бишкекте студенттердин Универсиада оюндары өтүп, айрым спорт түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Футболдон Супер кубокту Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы утту.

Учурда спорттун 15 түрүнөн студенттер арасында Универсиада оюндары өтүүдө. Чынында жаштардын ден соолугун чыңдоодо, сергек жашоо ыңгайын түзүүдө Универсиада мелдештеринин мааниси зор.

Студенттердин мелдештеринде Кыргызстанды эл аралык аренада тааныткан белгилүү спортчулары да бар. Былтыр Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн күмүш медалды Каныбек Жолчубеков уткан. Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Азат Койчукулов, Мурат Романов, Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов баштаган мыкты студент спортчулар чеберчилигин көрсөтүп жатышат.

Замирбек Ашырбаев
Универсиаданын айрым жеңүүчүлөр гана быйыл Кытайда өтө турган дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарына барышаарын өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов “Азаттыкка” айтып берди.

Студенттер арасында бокс боюнча өлкөнүн Универсиадасынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду.

Студенттердин рингдеги күч сынашуусуна Бишкектен жана Чүй облусу боюнча 10 окуу жайынан жүздөй боксчу катышты.

Булгаары мээлейчен студенттерден жеңүүчү деп төмөнкүлөр аталды: Асылбек Назаралиев (49 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Иса Жыргалбек уулу (60 кг), Эркин Болотбек уулу (64 кг), Руслан Омаров (69 кг), Нурсултан Осмонов (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг), Сергей Парейко (91 кг) жана Жакшылык Түлалиев (91 кг).

Орзубек Назаров - Азия бокс федерациясына мүчө

Алматыда бокс боюнча Азия конфедерациясынын жыйыны болуп, профессионалдык бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, кыргызстандык Орзубек Назаров бул уюмдун аткаруу комитетине мүчө болуп шайланды.

Мындан мурда бир дагы кыргызстандык бокс ишмери Азия конфедерациясына мүчө болгон эмес.

Каныбектин жолу болбоду

Каныбек Сагынбаев
Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, кыргызстандык Каныбек Сагынбаев Кишиневдо өткөн бильярддын «Эркин пирамида» түрү боюнча дүйнө Кубогуна катышты.

Тилекке каршы бул ирет Каныбектин жолу болбоду. Мелдешке Орусия, Кыргызстан, Украина, Молдова, Беларустан оюнчулар катышты.

Маалымат үчүн: дүйнөлүк Кубоктун биринчи этабы быйыл февралда Ростов-на-Донуда өтүп ага Каныбек Сагынбаев катышып, 17-орунду ээлеген. Экинчи этап Югорски шаарында болуп, бирок ага кыргызстандык спортчулар катыша алган эмес.

Супер кубок - "Нефтчиде"

Кант шаарында футболдон Супер кубок мелдеши өттү. Финалда баш байге үчүн Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы менен Бишкектин “Дордой” клубу беттешти. Алгач “дордойчулар” артыкчылык кылып, оюндун 18-мүнөтүндө эсепти Вадим Харченко ачты. Атаандаштары да намыстанып акыркы мүнөттө эсепти теңдей алышты. Кошумча убакытта гана “Нефтчи” командасынын чабуулчусу Евгений Пилипастин 11 метрлик айып тобу кочкораталыктарга жеңиш алып келди.

Жоокердик өнөрлөр бирикмеси

Кыргызстанда жоокердик өнөрлөрдүн бирикмеси түзүлдү. Ушул жаңы уюшулган бирикменин максаттары тууралуу уюмга жетекчиси болуп шайланган Алмаз Касенов “Азаттыкка” билдирди.

- Аталган уюм жоокердик өнөр спорттун бардык түрлөрүн бириктирип, тескеген орган болуп калмакчы. Мындай уюмдар Казакстанда, Орусияда жана башка мамлекеттерде уюшулган. Ошондой эле жоокердик өнөрдүн бардык түрүн өлкөдө жайылтуу, жаштарга үйрөтүү максаттарын аркалайт.

Спортчулардын кийин коопсуздук, тартип коргоо тармагында иштөөсүнө шарт түзүп, уюшкан кылмыштуу топтордун торуна түшүп калуусуна жол бербешине аракет кылабыз.

Учурда жоокердик өнөр кеңешине 4 федерация мүчө болуп кирди. Алар: панкратион, эрежесиз эр кармаш, кол менен согуу жана улуттук кулатуу күрөш уюмдары. Мындан сырткары дагы бир нече федерация мүчө болууга ниеттерин билдирди.

Иранда эрендер кармашы болот

Кыргызстандык тай-боксчулар Иранга барууга камылга көрүүдө. Ирандын Киш араласында 15-апрелде тай-бокс боюнча Азия чемпионаты башталат. Мында Кыргызстандын намысын эки жигит коргойт. Алар: Казакстан менен Кыргызстандын чемпиону Рустам Асанов жан тай-бокс боюнча Азия жана дүйнө чемпионаттарынын коло байге ээси Данияр Кашкараев даярдык көрүп жатышат.

"Аю" жаш балбандарды сынады

Cокулук районундагы “Аю” спорт ордосунда 7-апрелде курман болгондорду эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр мелдеши өттү. Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев эскерүүгө арналган мелдешке Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан жүздөн ашуун өспүрүм катышканын “Азаттыкка” айтты. Жалпы командалык биринчиликти Сокулук районунун өкүлдөрү ээледи.
XS
SM
MD
LG