Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Футбол: Жаңы конуштардын “Жаңылануу” мелдеши


Мелдештин жүрүшүнөн, 15-апрель.
Мелдештин жүрүшүнөн, 15-апрель.

15-апрелде Бишкекте “Эреп” бейөкмөт уюму жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү долбоору жаңы конуштардын футболдук мелдешин жыйынтыктады.

АКШ жаңы конуштардагы жаштардын футбол таймаштарына катышуусуна колдоо көрсөткөнүн USAIDдин өткөөл мезгилдеги демилгелер программасынын өкүлү Эшли Моретц “Азаттыкка” айтып берди.

- Бул долбоор USAID аркылуу каржылаган көптөгөн долбоорлордун бири. Чынында футболго бардык жаштар кызыгат. Ошондуктан 48 жаңы конуштардан футбол таймашына катышуу үчүн 16 команда тандалып алынды. Жаштар активдүүлүгүн көрсөтүп, спорт-достукка, ынтымакка данакер болду. Мындан кийин дагы жаңы конуштарда маданий-спорттук иш-чараларды өткөрүү долбоорун карап көрөбүз. Жакында Бишкекте жаштар үчүн күлкү фестивалын, КВН жана марафондук жарыш өткөрөбүз.

Финалга жолдомо үчүн 16 команда 8 күн өз ара мелдешип, мыктылары иргелди. Баш байге үчүн “Ак өргө”, “Эне-Cай”, “Келечек” жана “Ак босого” командалары талапкер болду. Жаштар жаңы конуштарда футболдук аянчалар жоктугун, бирок катарында “Марадона” , “Пеле” атыккан шыктуу жигиттер бардыгын “Азаттыкка” айтып беришти.

“Ак босого” конушунун “Ак жол” командасынын чабуулчусу Адилет Абдылдаев Испаниянын “Барселона” командасынын күйөрманы экенин айтып, келечекте футболдон кыргыз жигиттери дагы таанылат деген тилекте.

Жаңы конуштарда “Жаңылануу” долбоорун ишке ашырып жаткан “Эреп” бейөкмөт уюмунун жететекчиси Мирзат Аджиев айрым конуштарда жаштар кайдыгер болуп, демилгелер колдоого алынбай жатканын айтты.

“Ашар” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сапар Мырзакулов да "көр-тирликтин айынан айрым конуштагы жаштар спорттук мелдештерге катышпай, ден соолугуна маани бербей жатат " - деди.

Баш байге үчүн “Келечек” жана “Ак босого” конуштарынын командалары мөрөй талашты. Жыйынтыгында 3:1 эсеби менен “Келечек” командасы биринчи орунду ээледи. Жеңишке жеткен жаштар жаңы конуштардын тандалма командасын түзүп, Бишкек шаарынын биринчилигинде ойносок деген тилектерин “Азаттыкка” билдиришти.

Күмүш байге “fкбосоголуктарга” ыйгарылды.

Үчүнчү орун үчүн таймашуу курч мүнөздө өттү. “Ак өргө” менен “Эне-Cай” командалары негизги убакытта 2:2 эсебинде тең чыгып, пенальти тебүү менен “энесайлыктар” коло байгелүү болушту.

Футболдук мелдештин катышуучулары “Эреп” бейөкмөт уюмунун спорттук жарманкесине катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Спорттук жана фитнесс уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү жаштарга спорт менен машыгуунун зарылдыгын айтып, көрсөтмөлүү оюндарды аткарышты.

Алтын, күмүш жана коло медаль тагынган жаштар өздөрүн Марадона, Пеле, Рональдо сыяктуу сезишип, жаркын маанайда кубанычтуу кайтып баратышты.
XS
SM
MD
LG