Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Сербия: кыргыз балбандарынын жеңиши


21-августта Сербияда уландар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты улантылды. Мында эки балбан коло байгелүү болду.

21-августта Сербиянын Зренянин шаарында уландар арасында грек –рим күрөшүнөн дүйнө чемпионаты улантылды. Грек-рим күрөшү боюнча беш салмактагы таймаштарда Нузупбек Топчубаев, Калы Сулайманов, Эльмар Талантбек уулу, Адилет Токтобеков жана Бексултан Махмудов күч сынашты.
Жыйынтыгында 50 кило салмакта Нузупбек Топчубеков израилдик, сербиялык жана казакстандык балбандарды утуп, коло байгенин ээси болду.

Оор салмакта Бексултан Махмудов украиналык, америкалык атаандаштарын жеңип, жарым финалда сербиялык Бобан Зивановичке аз упай менен алдырып, баш байгеге талапкер болбой калды. Коло медал үчүн таймашта Бексултан венгриялык Ференц Алмасини утуп, дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

63 кило салмакта Адилет Токтобеков коло байге үчүн таймашта утулуп, бешинчи орун менен чектелди. Калы Сулайманов жетинчи орунга илинди.
21-августта грек-рим күрөшү боюнча дагы 4 балбан өлкө намысын коргоп жатат. Алар Нурбек Максатбеков, Баяман Эрназаров, Бурге Бейшалиев жана Самат Чоңаралиев алгачкы таймаштарда америкалык, венгриялык, азербайжандык балбандар менен күч сынашканы турат.

Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Кулболду Исаев бул төрт жигиттин экөөнө үмүт артып турганын "Азаттыкка" маалымдады. Сербиядагы дүйнө биринчилиги кыздар жана уландар арасындагы эркин күрөш боюнча дагы уланып, 25-августта жыйынтыкталат.

Кытайдагы Азия оюндарында

Кытайдын Нанкин шаарында жаштар арасындагы Азия оюндары өтүүдө. 21-августта Нанкинден делегециянын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызынын билдиргенине караганда, кыргыз спортчулары ок атуу, оор жана жеңил атлетика, таэквондо таймаштарында күч сынашты.

Жөө күлүк Ксения Прокопьева 400 метр аралыкка алдын ала жарышууда өз тобунда үчүнчү болгон. Бул көрсөткүч анын финалдык таймашка катышуусуна шарт түзгөн. Бирок, баш байге үчүн жарышта 7-орун менен чектелди.
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Станислав Карнаухов жаштар арасындагы Азия оюндарынын финалдык тобуна кошулду.

Алдын ала мыктыларды иргеп алуу мелдештеринде Карнаухов өз тобунда биринчи болуп келди. Ал 50 метрлик аралыкты 24,12 секундда сүзүп өткөн. Финалдык сууда сүзүү жарыштары 22-августта болот.

21-августта Нанкиндеги Азия оюндарында оор атлетчи Курсант Төлөнов, жөө күлүк Тунукбек Алмазбеков, мерген Дмитрий Гутник жана таэквондо- WTF мушкери Искендер Осмонов сынашууда.

10 метр аралыкка тапанча атууда Дмитрий Гутник 27-орунга илинип, байгелүү орунга талапкер боло албады.

Эске салсак, жаштар арасындагы Азия оюндарында спорттун 16 түрүнөн 45 өлкөнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан спорттун алты түрүнөн 14 спортчу барган. Нанкин шаарында 14-августта башталган Азия оюндары 25-августта жыйынтыкталат.

Дзюдочулар Бразилияга дүйнө чемпионатына

21-августта кыргызстандык 4 дзюдочу дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Бразилиянын Рио-до-Жанейро шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу дзюдо федерациясынын баш катчысы Эмил Рыскулов кабарлады.
Дүйнө чемпионаты 26-августтан 1-сентябрга чейин өтмөкчү. Мелдешке Кыргызстандан Ислам Баялинов, Болот Токтогонов, Юрий Краковецкий, Чыңгыз Мамедов жөнөп кетишти. Аларды дзюдо федерациясынын президенти Ырысбек Мааткабылов баштап кетти. Алгач алар Эл аралык дзюдо федерациясынын жыйындарына катышып, кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG