Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Бокc: Кыргызстандын чемпиондору аныкталды


Спорт чеберлигине талапкер Жалал-Абад шаарынан келген Муптохиддин Азимов (солдо) жана Нарын облусунун намысын коргогон спорт чеберлигине талапкер Жаныбек уулу Дыйкан (оңдо).
Спорт чеберлигине талапкер Жалал-Абад шаарынан келген Муптохиддин Азимов (солдо) жана Нарын облусунун намысын коргогон спорт чеберлигине талапкер Жаныбек уулу Дыйкан (оңдо).

Бүгүн 31-октябрда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Мелдешке Кыргызстандын аймактарынан 100дөн ашуун мушкер катышып, баш байге үчүн күч сынашты.

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугу төрт күн бою Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Кыз-келиндер арасында үч салмакта, эркектер арасында 10 салмакта таймаштар өттү.

Быйылкы чемпиондуктун "Мыкты мушкери" наамынын ээси Медер Мамакеев 60 кг. салмакта күчүн сынады. Ал финалда Баткен облусунун биринчи номурдагы мушкери Акжол Сулайманбек уулу менен беттешип жеңишти колго алды. Медер өз сөзүндө алтын байгеге жетүү оңой болбогонун айтууда:

- Бул сапар алтын байгеге жетүү оңой болгон жок. Буга чейин Кыргызстандын чемпиондугунда төрт жолу чемпион болуп, үч жолу күмүш байгени тагынгам. Былтыр финалда атаандашым менен тең чыкканда жеңишти ага берип коюшкан. Бул жолу таза утуп, чемпиондук наамды кайтарып алууга болгон күчүмдү жумшадым. Эми эл аралык мелдештерде өлкө намысын татыктуу коргоп, жогорку даражадагы байгелерди алууга болгон аракетимди жумшайм.

Кыз-келиндер арасындагы беттештерде баш байге үчүн үч салмакта 10 катышуучу чыгып, 51 кг. салмакта алтын байгени чүйлүк Альбина Мамбетова утса, күмүш байгени бишкектик Айсалкын Жаныбекова тагынды. Коло байге бул салмакта ойнотулган жок.

60 кг. салмакта финалда бишкектик Үмүтай Айтиева жердеши Мамасадык кызы Алинаны жеңип, баш байгеге ээ болду. Чүйлүк Талапбек кызы Алтынай менен бишкектик Мээргүл Касымбекова 3-орундун ээси болушту.

75 кг. салмакта Ош шаарынын өкүлү Мамасалы кызы Мээрим Бишкек шаарынын намысын коргогон Виктория Бондареваны жеңип, алтын байгени энчисине алды. 3-орун үчүн байгелер бул салмактагы мушкер айымдарга берилген жок.

Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев өлкө чемпиондугуна кыздар арасында катышуучулардын аз болгондугун төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Элибиздин менталитетине жараша кыздар арасында бокс менен машыккандар аз. Олимпиада жана Азия оюндарында үч эле салмакта байге ойнотулат. Ага ылайыктап чемпиондукта кыз-келиндер арасында 51 кг., 60 кг., жана 75 кг. салмакта таймаштарды өткөрдүк. Тилекке каршы, бул спортко кызыкпай жатышат. Бирок келечекте спорттун бул түрүнө кызыккан кыз-келиндер көбөйөт деп үмүттөнөбүз. Учурда машыктыруучубуз бар. Аларга атайын машыгуу жайын ачып, эркектерге аралаштырбай машыктыруу аракетин көрүп жатабыз. Бул аракетибизден майнап чыкса, чыгаан мушкер айымдарды тарбиялап чыгабыз деп ойлойм.

Кыздар арасында 60 кг. салмакта күч сынашууга чыккан Алтынай Талапбек кызы бокс боюнча өлкө биринчилигине быйыл үч жолу катышып, быйыл үчүнчү жолу коло байгени тагынды. Ал бокс менен алгач жөн гана кызыкчылык үчүн машыгып, кийин мелдештерге катышып чеберчилигин арттырганын айтып берди.

- Алгач жөн гана машыккам. Кийин бул спорт мага абдан жагып калды. Башында ата-энем, бир туугандарым бокс менен машыгуума каршы болуп жүрүшкөн. Кийин бул спорттон көп жетишкендиктерге ээ болуп, жаман чөйрөлөргө аралашпай, түз жолдо жүргөнүмдү көрүп жолтоо болушкан жок. Бокс менен машыгуу ден соолукка абдан пайдалуу. Буюрса чеберчилигимди жогорулатып, Кыргызстандын чемпиондугунда алтын байгени утуп, өлкө намысын чет жерлерде коргоого аракет кылам.

Эркектер арасында 91 кг. салмактагы мушкерлер арасында финалда айыгышкан таймаш жүрдү. Алтын байге үчүн Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону Чыңгыз Борбашев менен Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси Сергей Паренко беттешип, үч мүнөттөн үч раундга созулган таймашта Чыңгыз Борбашев мөөрөйдү колго алды. Ал кайрадан өлкө чемпиону болуу менен бирге жоопкерчилик күчөгөнүн айтып, Олимпиада оюндарына катышуу башкы максат экенин билдирди.

- 2006-жылдан баштап ар кандай жылдарда алты жолу Кыргызстандын чемпиону болдум.Ортодо ден соолукка байланыштуу машыгууну токтотууга туура келди. Эми бул сапар кайрадан биринчи номурдагы мушкер болуп, чет жерлерде намыс талашууга түшүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Алдыда олимпиадага лицензия берүүчү Катарда өтө турган дүйнө чемпиондугу бар. Бул мелдешке татыктуу даярданып, Олимпиадада Кыргызстандын намысын татыктуу коргоого аракеттенем.

Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун жыйынтыгында эркектер арасында Рахманкул Аватов (49 кг.), Жаныбек Мусаев (52 кг.), Бек Камчыбеков (56 кг.), Медер Мамакеев (60 кг.), Олжобай уулу Тилек (64 кг.), Болотбек уулу Эркин (69 кг.), Ильяз Акматалиев (75 кг.), Адылбек уулу Эркин (81 кг.), Чыңгыз Борбашев (91 кг.) жана Мурат Өмүрканов (+91 кг.) алтын байгелерди тагынышты. Өлкө чемпиондугунун жыйынтыгы менен улуттук кураманын мүчөлөрү аныкталды. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов мелдеш күчтүү атаандаштыкта өткөнүн, баш байгеге негизги талапкерлер улуттук кураманын мүчөлөрү болгонун айтты:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Ачыгын айтканда, көпчүлүк салмактарда алтын байге үчүн улуттук кураманын мүчөлөрү таймашты. Улуттук кураманын мүчөлүгүнө жаңы кабыл алына турган мушкерлер аз болуп калды. Эми тандалган алдыңкы боксчулар үчүн алдыда бир нече жооптуу мелдештер бар. Ал турнирлерге катышып, байге ээси болуу үчүн татыктуу даярдануу керек.

Өлкө чемпиондугунун жыйынтыгында улуттук курамага кирген алдыңкы мушкерлер 2015-жылы боло турган азиялык, дүйнөлүк чемпиондуктарга жана бир катар эл аралык мелдештерге даярданышат. Азия чемпиондугу июль айында Таиландда, дүйнө чемпиондугу октябрда Катарда өтөт. Бул дүйнө биринчилигинде олимпиадага жолдомо ойнотулат.

Байге ээлери

Кыздар арасында:

51 кг.

  1. Альбина Мамбетова (Чүй);
  2. Айсалкын Жаныбекова (Бишкек);

60 кг.

  1. Үмүтай Айтиева (Бишкек);
  2. Мамасадык кызы Алина (Бишкек);
  3. Талапбек кызы Алтынай (Чүй обл);
  4. Мээргүл Касымбекова (Бишкек)

75 кг.

  1. Мамасали кызы Мээрим (Ош);
  2. Виктория Бондарева (Бишкек);

Эркектер арасында:

49 кг.

  1. Рахманкул Аватов (Чүй);
  2. Түркбай уулу Мирлан (Бишкек);
  3. Сергек уулу Ислам (Чүй), Кыялбек Назаралиев (Жалал-Абад);

52 кг.

  1. Жаныбек Мусаев (Бишкек);
  2. Абдувахоб уулу Канатбек (Бишкек);
  3. Жаныбек уулу Дыйкан (Нарын облусу), Муптохиддин Азимов (Жалал-Абад)

56 кг.

  1. Бек Камчыбеков (Жалал-Абад);
  2. Сирожиддин Абдуллаев (Жалал-Абад);
  3. Мирбек Шеров (Жалал-Абад), Бектур Өтөгөнов (Чүй );

60 кг.

1. Медер Мамакеев (Ысык-Көл);

2. Акжол Сулайманбек уулу (Баткен);

3. Темирлан Осмонов (Бишкек), Жакшылык Таалайбеков (Бишкек);

64 кг.

  1. Олжобай уулу Тилек (Бишкек);
  2. Ыктыяр Шабданбаев (Бишкек);
  3. Нурсултан Абдурасулов (Баткен), Жыргалбек уулу Иса (Нарын облусу);

69 кг.

  1. Болотбек уулу Эркин (Бишкек);
  2. Эркин Кочкоров (Ош);
  3. Бакыт Жигиталиев (Баткен), Ильяс Муканбетов (Бишкек);

75 кг.

1. Ильяз Акматалиев (Ош облусу);

2. Каныбек уулу Азамат (Ысык-Көл облусу);

3. Нурлан Карабашев (Баткен), Абду-Саид Масюмов (Бишкек);

81 кг.

  1. Адылбек уулу Эркин (Бишкек. Улуттук Гвардия);
  2. Александр Панарин (Бишкек);
  3. Кудайберди уулу Олжобай (Ош), Марат Абдыкалыков (Чүй);

91 кг.

  1. Чыңгыз Борбашев (Чүй);
  2. Паренко Сергей (Бишкек);
  3. Алим Киваза (Чүй), Талгат Турдуев (Ош);

+91 кг.

  1. Мурат Өмүрканов;
  2. Шермухаммад Хакимов (Ош облусу);
  3. Майсалбек Абдурасулов (Ош), Дастанбек Мамытов (Ош облусу).
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG