Азия кубогу: Кыргызстан 1/8 финалда ойной турган болду
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда плей-оффко чыкты. Алар 16-январда "С" тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди.
Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түздү.
Бир аз убакыт мурда “D” тобундагы үчүнчү оюндар аяктады. Вьетнамдын футболчулары Йемен командасын 2-0 эсебинде утту жана голдордун айырмасы боюнча Кыргызстандан артта калды. Бул "E" жана "F" топторундагы акыркы оюндардын эсеби кандай аяктабасын, Кыргызстан 1/8 финалда ойноого укук алды дегенди түшүндүрөт.
Кыргызстан плей-оффтогу биринчи оюнун 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен ойнойт. Азыркы саатка карата 1/8 финалда ойной турган 16 команданын 12си аныкталып калды.
Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Азия Кубогунда 24 команда алты тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпалык баскычтын жыйынтыгында, ар бир тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 12 команда жана үчүнчү орунду ээлеген, эң мыкты оюн көрсөткөн төрт команда 1/8 финалына чыгат.
Кыргызстан-Филиппин оюну "Ак шумкардын" жеңиши менен аяктады
Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогунун Кыргызстан үчүн тайпалык оюндары аяктады. Акыркы матчта Кыргызстан Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңди.
Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Натыйжада Кыргызстан Азия чемпионатында алгачкы үч упайга ээ болду.
Жалпы оюндун жүрүшүндө кыргызстандыктар атаандашынын дарбазасына 21 жолу сокку узатып, анын тогузу таамай барса, үчөө голго айланды. Ал эми Филиппин 10 жолу дарбазага топ тепсе, анын үчөө дарбазага туура багытталып, бир тобу голго айланды.
Кыргызстандын үч оюнчусу сары айып кагазын алса, Филиппин төрт оюнчусуна калыс эрежени бузганы үчүн сары кагаз берди.
Кыргызстандын тайпадан чыгар-чыкпасы бүгүн, 16-январда Вьетнам-Йемен оюнунан соң билинет. Азырынча үч упай менен Кыргызстан тайпадан үчүнчү орун менен чыгууга өтө жакындады.
Азия кубогунун быйылкы эрежелерине ылайык, тайпадан үчүнчү орунду алган 4 командага 1/8 бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Бул жолдомо үчүнчү орунду жакшы көрсөткүч менен аяктаган командаларга берилет.