Учурда "С" тайпасында Кытай менен Түштүк Корея командаларынын алтыдан упайы бар. Ал эми Кыргызстан менен Филиппинде упай жок. Андыктан Филлипин курама командасы үчүн да бул беттеш өтө маанилүү.
Бүгүн "С" тайпасындагы эки команда Филиппин менен Кыргызстандын мелдештеги тагдыры чечилет. Бул оюндагы жеңген команда кийинки баскычка чыкса, жеңилгени мелдештен четтейт.
Кыргызстан жана Филиппин курама командаларынын оюну 16-январда, Бириккен Араб Эмирлигинин Дубайдагы "Рашид" стадионунда өткөнү турат. 15-январда футбол боюнча улуттук курама команда аталган стадиондо машыгуусун өткөрдү. Ага 23 футболчу катышты.