Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Олимпиадалык филателия


Ушундай макала жазууга чыгынбай жүргөм. Сочи олимпиадасына күбө болуп жүрүп, бул жакта спорт музейине кирип калып, жазууга аргасыз болдум. Балким кыргыз спорт күйөрмандары үчүн олимпиадалык почта маркасын чогултуу түшүнө да кирелек көрүнүш болушу мүмкүн. Балким ушул макаланы окугандан кийин айрымдар ойлонуп калышаар. Олимпиа оюндарынын маркасын чогултуу өзүнчө бир ышкы, хобби болуп саналат. Марка чогулткандар филателисттер деп аталат. Муну атайын адат кылып, аны чогултуп жүргөн күйөрмандар дүйнө жүзүндө арбын. Маркалар дагы олимпиаданын тарыхын, санжырасын баяндайт. Олимпиа оюндарынын символикасы, каада-салтынын бири десек да жарашат. Айрым маркаларда олимпиада чемпиондордун сүрөттөрү да түшүрүлүп, кайсы оюндарда жеңип чыккандары да баяндалат. Олимпиада спорт түрлөрүн, жеңиштерди чагылдырган сүрөттөр менен дагы шөкөттөлөт. Дүйнөлүк мелдештин тарыхын, андагы көз ирмемдерди чагылдырган керемет картиналарды да почта маркаларынан көрүүгө болот.

Кээ бир коллекционерлер атайын бир теманы тандап алышып, артынан кубалап, керектүү марканы таап алмайынча жаны тынбай, акчанын көзүнө карабай сатып алышат. Кийин ошол марканын баасы жүз эсе жогорулап, баркы-наркы өсөт. Кыргызча айтканда, эң байыркы почта маркаларынын баасы бир жылкыдан ашса ашат, бирок кем болбойт. Дүйнө жүзүндө мындай маркалар 1896-жылы Афины шаарында башталган алгачкы олимпиадалык оюндардын урматына чыгарылган. Биринчи оюндарды уюштуруу учурунда Грекия каржылык каатчылыкты баштан кечирип жаткандыктан, өкмөт башчысы мелдешти өткөрүүдөн баш тартууну сунуштаган. Эл аралык олимпиада комитети Грекиянын падышасына кайрылып, оюндарды өткөрүүнү колдоо үчүн атайын фонд уюштурган.

Калктан чогулган кайрымдуулук каражаты жетпей калгандыктан, Грекиянын филателисттер ассоциациясынын жетекчиси Деметрис Сакорафос олимпиаданы колдоо максатында баасы башка почта маркалардан бир аз жогору турган атайын олимп маркаларын чыгаруу демилгесин көтөргөн. Муну массалык маалымат каражаттары чуулдатып, эл жана өкмөт колдоого алган. 1895-жылы 15-июлда Грекиянын парламенти атайын олимпиадалык почта маркасын чыгаруу чечимин кабыл алышкан. Ошентип 1896-жылдын 6-апрелинде Олимпиа оюндарынын маркаларын алгач ирет гректер чыгарып, бул жагынан дагы тарыхта калган. Ал маркаларда байыркы доордогу Грекиядагы олимпиадалык оюндар чагылдырылган. Ошондой эле алгачкы олимпиада оюндарына дагы арналган.

Мурда олимпиада оюндарын өткөргөн өлкө гана почта маркасын чыгарууга укуктуу болсо 1924-жылы Уругвай менен Коста Рика бул шартты бузуп, олимпиаданын урматына өздөрү коммерциялык максатта маркаларды чыгарган. Андан кийин бул демилгени Франция дагы колго алган. Учурда бардык өлкөлөрдө олимпиадалык оюндарга арналган маркалар чыгууда. Алтүгүл Экинчи Дүйнөлүк согушта өтпөй калган, 1940-1944-жылдардагы олимпиадалардын урматына дагы почта маркалары чыгарылган. Маркалар атайын коллекционердин досторуна, туугандарына жөнөтүлүп, качан, кайдан, кайсы жылы почта аркылуу барганын таскыктаган штамп басылганы менен да баалуу болуп саналат. Маркаларды башкаларга же башка аймактагы почтага барып өз дарегине жөнөткөндөр да болгон, андайлар азыр дагы бар. Анан дагы атайын олимпиадалык оюндардын урматына атайын шөкөттөлгөн почта конверттери да чыгарылат. Мисалы, 1976-жылы эле 60 миңден ашуун марка чыгарылган. Совет доорунда мындай марка 1957-жылы биринчи ирет Мельбурндагы жайкы олимпиаданын урматына арналып чыгарылган.

1980-жылкы Москвада өткөн XXII Жайкы олимпиаданын урматына эң көп, ар түрдүү почта маркалары чыккан
1980-жылкы Москвада өткөн XXII Жайкы олимпиаданын урматына эң көп, ар түрдүү почта маркалары чыккан


Орусия өз алдынча держава болгону 1992-жылы Франциянын Альбервиль шаарында өткөн кышкы олимпадага карата биринчи маркасын чыгарган.

Эми мен Сочидеги спорт музейинен тартып алган, ушул тапта өтүп жаткан XXII Кышкы олимпиадага арналган почта маркалары менен таанышып коюңуздар. Кыргызстандык күйөрмандардан ким олимпиада маркаларын чогултуп жүрсө, «Азаттык» аркылуу кабарлашып, тарых үчүн тактап койсок дурус болоор эле.

Менде дагы ар түрдүү олимпиадалык маркалар бар, бирок адат кылып чогулткан эмес элем. Ушуну менен сегиз олимпиадага катышып, күбө болуп жатам. Мен катышкан бардык олимпиаданын маркалары бар. Өзүм болсо негизинен олимпиадалык значок (төш белги) чогултам. Коллекциям миңге жетейин деп калды. Бул тууралуу баяным эмки жолу болсун...
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG