Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Балбандар Токиого бармай болду


Токио метросундагы олимпиада көрнөгү
Токио метросундагы олимпиада көрнөгү

8-сентябрда Аргентинада өтүп жаткан Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында 2020-жылкы олимпиадага күрөш кайрадан кирди.

Бул күндөрү Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте Эл аралык олимпиада комитетинин жыйыны өтүүдө. 2020-жылкы жайкы олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугун Токио шаары жеңип алды.

Олимпиаданы өткөрүүгө Испаниянын Мадрид,Түркиянын Стамбул жана Жапониянын борбору Токио шаарлары талапкер болушкан. Биринчи айлампада Мадрид жарыштан четтеп калды. Экинчи ирет добуш берүүдө Жапониянын баш калаасы Стамбулду жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов маалымдады.

Токио шаары бул ирет жайкы олимпиадалык оюндарды экинчи ирет өткөрмөк болду. 1964-жылы жапон борборунда өткөн 18-олимпиадалык оюндарга 94 өлкөнүн беш миңден ашуун спортчусу катышкан. Анда жалпы командалык эсепте СССРдин курама командасы биринчи орунду ээлеп, 30 алтын, 31 күмүш, 35 коло байге уткан. АКШ-экинчи, Германия-үчүнчү орундарды камсыз кылган. Бул Токио олимпиадасына кыргызстандык жөө күлүк Леонид Иванов катышып, 6-орунду ээлеген.

Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү
Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү
- Жапон калкы 2020-жылкы олимпиаданы жогорку деңгээлде өткөрөт, - дейт “Жапон-Кыргыз биримдиги” эл аралык коомунун жетекчиси Мелис Надыров.

Эл аралык олимпиада комитетинин Буэнос-Айрестеги жыйынында 2020-жылкы Токио олимпиадасынын жадыбалына грек-рим жана эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү кошулду.

- ЭОКтун чечими туура болду. 1900-жылкы Парижден бери олимпиаданын курамында келаткан күрөштү чыгарып салуу дүйнө коомчулугун дүрбөлөңгө салмак эле. Кыргыз балбандары үчүн олимпиадалык мүмкүнчүлүк дагы ачылды,- дейт грек-рим күрөш федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев.

- Чынында эле күрөш- дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү спорттун бир түрү. Эл аралык күрөш федерациясына 200дөн ашуун өлкө мүчө. Кыргызстанда күрөшкө кызыккан жаштар арбын. 2020-2024-жылкы олимпиадалык оюндарда кыргыз балбандары да ийгиликке жетип калышы мүмкүн,- дейт СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу, республикалык күрөш мектебинин жетекчиси Жеңиш Дөңбаев.

Быйыл февраль айында Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынында күрөштү олимпиадалык оюндардын курамынан чыгаруу сунушталган. Бул күрөштүн күйөрмандары азайганы менен түшүндүрүлгөн эле. ЭОКтун мындай чечимине дүйнөлүк күрөш күйөрмандары нааразычылыгын билдирип, Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэл Мартинеттини кызматтан алышкан. Күрөштүн эрежесин жаңыртып, Эл аралык күрөш федерациясынын президенти болуп сербиялык Ненад Лалович шайланып, иштиктүү аракеттер көрүлгөн.

Совет доорунда кыргызстандык бир дагы балбан олимпиадалык оюндарга катышкан эмес. Эгемендик алгандан бери кыргыз балбандары беш олимпиадалык оюндарга катышты. Жыйынтыгында 2008-жылы Бээжинде грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев күмүш байге, Руслан Түмөнбаев - коло байге утуп, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан.

Бээжин олимпиядасында күмүш байгеге татыган кыргыз балбаны Канат Бегалиев (оңдо)
Бээжин олимпиядасында күмүш байгеге татыган кыргыз балбаны Канат Бегалиев (оңдо)
Бул ирет күрөш менен олимпиадалык жадыбалга кирүү үчүн бейсбол жана сквош спорт түрлөрү атаандаш болушту. ЭОК мүчөлөрү күрөш үчүн 49 добуш берсе, бейсболго 24, сквошко 22 добуш берилди. Ошентип 2020-жылкы олимпиадалык оюндар спорттун 25 түрүнөн өткөрүлмөк болду.

10-сентябрда Аргентинадагы ЭОКтун жыйынында бул уюмдун жаңы президенти шайланат. ЭОКту 12 жыл жетектеген Жак Рогенин ордуна 6 талапкерден бирөө тандалат. Алардын катарында ЭОКтун вице-президенттери, пуэрториколук Ричард Каррион, германиялык Томас Бах, сингапурдук Сер Мьяинг Нг, олимпиада чемпиону, украиналык даңазалуу спортчу Сергей Бубка, тайвандык Чинг Куо Ву жана швейцариялык Денис Освальд бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG