Алар балдар үйүнө караштуу мүлк комплекстин жоюлушу менен кызыкчылыгы бар тараптарга менчиктештирилип кетет деп чочулашууда.
Сузак районунун Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплексинин алдына жүздөн ашык айылдыктар чогулду. Алар 2018-жылдын сентябрь айында жоюлган балдар үйүнүн базасында уюштурулган окуу комплексинин кайрадан жоюлушуна нааразы болуп жатышат.
Алардын бири - ата-энелер комитетинин төрайымы Минавар Айдарова.
- 2011-жылы Сафаровка айылындагы Базарбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин имараты жараксыз болуп калгандыктан жабылып, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнө кошулуп сабак өтүлүп келген, - деди ал. - 2018-жылы сентябрь айында интернат оптимизация болуп, эки мектеп бириктирилип, Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплекси болуп түзүлгөн. Балдар үйүнүн жатаканасынын базасында комплекстин алдында бала бакча да уюшулган. Биз, айылдыктар бул кабарды угуп, кубанган болчубуз. Аз убакыт өтпөй эле кайрадан комплексти жоюп, мектеп менен бала бакчаны өзүнчө бөлүү тууралуу Билим берүү министрлиги иш алып барып жатыптыр. Министрдин бул буйругу ата-энелерге туура келген жок. Бул боюнча бир топ жолу жыйналыш өткөрүп, министрдин өзүнө кайрылуу жибердик. Бир комплекске кош стандарттуу башкаруунун эмне зарылчылыгы бар?
“Кыргызстандагы интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну оптималдаштыруу жөнүндөгү” өкмөттүн токтомуна ылайык былтыр сентябрь айында Сузак районуна караштуу Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйү жоюлган. Бирок анын базасында Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбия комплекси уюштурулган.
Мында азыр 300дөй окуучу жана балдар бакчасында 100дөн ашык бөбөк тарбияланат. Былтыр интернат жоюлганда 20дай наристе башка балдар үйүнө которулган. Билим берүү министрлигинин декабрь айындагы буйругу менен окуу комплекси да жоюлгандыгы тууралуу кабар тургундарды дүрбөлөңгө салды.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Калыбек Ажыматов буларга токтолду:
- Буга Сузак районунун акими менен Багыш айылдык кеңешинин төрагасынын кыйыр түрдө таасири сезилип жатат. Анткени балдар үйүнүн карамагында 25,9 гектар сугат жер, 18,4 гектар кайракы жер, 36 гектар чөп орок, 34 гектар жайыт жер аянты, мал кармоочу сарай жана Кара-Алма токой чарбасынын ичинде эс алуу лагери бар. Мына ушул мүлккө көз артып жатышабы деп ойлойм. Анан дагы бир кызык жери - былтыр 11-декабрда окуу комплексине жаңы директор дайындоо тууралуу билим берүү жана илим министринин буйругу даярдалган. Эч кимдин сунушу жок эле бул жерге Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаровдун бир тууганы Кундуз Назарованы директорлукка дайындашкан. Назарованы эч ким тааныштырган эмес, ал өзү келип отуруп алган. Ата-энелер нааразы болгонунан улам 14-декабрда ал жумуштан алынды. Эми эки күндөн кийин аны ушул комплекстин карамагындагы бала бакчага башчы кылып алып келип жатышат. Бир комплекстин ичиндеги түзүмдү кантип бөлүштүрүштү? Маселе ошондо болуп жатат. Министрликтин башаламан чыгарган буйруктары элди нааразы кылды.
Чогулгандар менен Сузак районунун акими Эрмек Омошев жолугушту. Аким өзү тууралуу айтылып жаткан сөздүн баарын четке какты, бирок министрликтин буйругу аткарыла тургандыгын билдирди:
- Республикалык бюджеттен толугу менен камсыздалган ушул сыяктуу мектептердин директорлорун Билим берүү жана илим министрлиги жергиликтүү бийликтин сунуштамасы жок эле, макулдашпай туруп өзү бекитет. Министр кандай буйрук чыгарса, ал аткарылууга тийиш. 11-декабрда окуу комплекси жоюлуп, мектеп менен бала бакча өз алдынча болду. Эми аны аткаралы деп бала бакчага да өз алдынча башчы дайындадык. Ал эми силер айтып жаткан балдар үйүнүн мүлкү толугу менен мамлекеттин карамагында болот. Комплекс жоюлган соң алар айыл өкмөттүн балансына өтөт. Эс алуу жайы мектепте же райондук билим берүү бөлүмүндө калат. Бул жерге мени аралаштырып жатканыңар туура эмес.
Балдар үйүнүн мурдагы жетекчиси, окуу тарбиялык комплексти уюштуруучулардын бири Бегайым Маматова бир мекемеге эки жетекчини дайындоо мыйзамга туура келбестигин айтты:
- Балдар үйүн оптималдаштыруу аракеттери башталганда “анын ичиндеги бала бакчаны өзүнчө мекеме кылалы” десек, министрлик “туура эмес болот” деп койгон. Анан биз комплекстин уставын иштеп жатканда аны бириктиргенбиз. Эгерде азыркы окуу комплексинин уставы иштеп жаткан болсо, бала бакчага өзүнчө жетекчи дайындоо туура эмес. Алардын финансылык каражаттары, спорт залы, ашканасы да ушул мектеп менен бирге. Эгерде бала бакча болсо өзүнчө түзүмү жана уставы болушу керек. Бирок “11-декабрдагы министрликтин буйругу менен өзгөртүлүптүр” деп жатышат, кандай экени бизге беймаалым. Жаңы дайындалган бала бакча жетекчисинин да маяна алышына мыйзам жол бербейт. Муну кантип чечесиңер, билбейм. Мурдагы балдар үйүнүн жылдык бюджети 11 млн. сом болсо, ал кыскартылып отуруп бала бакча менен бирге 7 млн. сом болуп бекитилген. Эми ал маселелерди да кайрадан карап чыгып, бала бакча маселесин анан чечсе туура болмок.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева комплекс жоюлбагандыгын айтып, бул багытта кийинчерээк маалымат бере тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.
Ж. Бөкөнбаев атындагы Сузактагы балдар үйү 1922-1924-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө биринчи болуп “Ликбез” сабатсыздыкты жоюу мектеби болуп уюштурулган. 1933-жылы “Ф. Э. Дзержинский атындагы балдар үйү” болуп өзгөртүлүп, ал убакта ата-энелерин басмачылар өлтүргөн 90 жетим бала кабыл алынган.
Былтыр Баткендеги, Ысык-Көлдөгү жана Жалал-Абаддагы балдар үйлөрү жоюлуп, экинчи этапта дагы эки балдар үйүн оптималдаштыруу пландалууда. Максат - балдар үйүндө тарбияланган балдарды жакындарына кайтаруу, үй-бүлөдө бирдей камкордукта тарбияланууга шарт түзүү.