Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Ыр-пыры аралашкан шоу бизнес


Гүлжигит Сатыбековдун "Тико" аттуу ырына тартылган клиптен алынган сүрөт.
Гүлжигит Сатыбековдун "Тико" аттуу ырына тартылган клиптен алынган сүрөт.

“Азаттык+” бул жолу студияга башкалардан өзгөчөлөнгөн ырчыларды чакырып, алардын стили, ырлары жөнүндө сөз кылды.

Кыргыз эстрадасына жаңылык киргизейин деп аракет кылып башкалардан өзгөчөлөнгөн ырчыларыбыз бар. Бирок алардын стили сынга алынып, кызуу талкуу жаратып келет.

Бегиш, Баястан, Каспер рэп ырчылары. Алар “Эне тил” деген ырына белгилүү актрисаларды рэп ырдатып, клип тартышкан. Бул өз кезегинде интернетте талкууга алынган клиптердин катарын толуктады. Кыргыз рэпперлери клиптин кантип тартылганы жөнүндө жана кыргыз эстрадасында рэп жанры кандай өнүгүп жатканын айтып беришти. Ал эми клипке тартылган актриса Шайыр Касымалиева коомчулуктагы ар кандай суроолорго жооп берди.

Ыр-пыры аралашкан шоу бизнес (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:30 0:00

Эл артисти Курмангазы Азыкбаев азыркы ырчыларды өзгөчөлөнөм деп тилди, музыканы бузбоого чакырат. Ал эми акындар текстин сындап жаткан “Келин келгенский” деген ырдын автору Азамат Исмаилов бул кадамын тамаша иретинде түшүндүрдү. Алгач интернетте популярдуу болуп анан чоң сахнага аттанган Аяна Касымова чыгармачылыгын кантип баштаганын айтып берди.

Ыр-пыры аралашкан шоу бизнес (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:17 0:00


Эгемендикти алган алгачкы жылдары башкалардан өзгөчөлөнүп чыккан ырчы Мерген Турган ал мезгилди бүгүнкүгө салыштырып кеп салды. Кыргыз тилинде алгачкылардан поп-рок стилинде обон созгон The Dreamers тобу ырларын радиолор албай жатканын айтышты. Продюсер Тынчтыкбек Кожобековдун пикиринде, кыргыз ырчылары коомчулуктун катуу сынынан коркуп, башка дыңды бузууга көп батынбайт.

Ыр-пыры аралашкан шоу бизнес (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:27 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG