Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

Марбет эженин күүсү


Ыраң-көлдүк шайырлардын бири, Мургаб, Тажикстан. Аманат сүрөт.
Ыраң-көлдүк шайырлардын бири, Мургаб, Тажикстан. Аманат сүрөт.
Оштон Мургабга бараткан жолдо Бишкектен келаткан комузчу менен таанышып калдым.

Айдоочу чек арадагы бекетке биздин паспортторубузду алып кеткен эле. Ага шерик болуп отурган орто жаштардагы бою пасыраак кишинин алдында комуз бар болчу. Көрсө Мургабдын Ыраң-Көл айлындагы шайырлар тобунун өкүлү Курбанбай Раимжанов Бишкекте чоң комузчу Нурак Абдрахмановдун семинарынан кайтып келаткан экен.

"Бишкекте Нурак Абдрахмановдун эн белгиси менен комуз үйрөткөн семинарына барганбыз. Мен өзүм комузду тагаман угуп эле үйрөнгөм. Эн белгиси менен үйрөнгөн жеңил экен. Ыраң-Көл айлыбыздагы комузчулар ансамбли менен үйрөнүп жатабыз, кийин Бишкекте чоң концерт болот экен, ошого катышабыз", деди комузчу.

Курбанбай Раимжанов кыргыз-тажик чек арасында отуруп, комуз ойноп жаткандагы көрүнүш.
Курбанбай Раимжанов кыргыз-тажик чек арасында отуруп, комуз ойноп жаткандагы көрүнүш.
Курбанбай "Мицубисинин" алдыңкы орундугунда отурган бойдон, комузун алып чыгып, мургабдык Марбет эже деген комузчунун күүсүн ойноп берди.

Тарыхый мекенинен алыс калган сары-колдуктардын чыгармачылыгы менен ошентип, асман тиреген бийик тоонун кырында таанышып отурдук:

- Бул күүнү сары-колдук Марбет эже деген черткен экен. Анын окуясы мындай болгон экен, Кудайберген бай ажы деген өткөн бизде. Ошол бай ажы той берип, өзүнүн Чай сары деген тарыхта Миң дилде деп да жүрүшөт, Кашкардан келген Таш-Көк деген күлүк менен жарышып, Кудайберген бай ажынын күлүгү озуп келет экен, ошол эки тулпардын жарышканын черткен күү.

Марбет эженин күүсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:55 0:00
Түз линк
(Күүнү бул жерден тыңдаңыз)
Ал арада Мамасали кайтып келип, тажик чек арасын көздөй жөнөдүк. Курбанбайды кийин Мургабда Ат чабыш фестивалындагы концертте көрдүм.

Курбанбай менен айдоочу Мамасали Сатаров экөө Мургабдан 70 чакырымдай аралыктагы, Кытай менен чек арада, мурда советтик аскерлер турган, азыр Тажисктандын заставасы бар Ыраң-Көл айлынан экендигин, Мургабдагы ар кандай шаан-шөкөт аларсыз өтпөй турганын билдим.

Марбет эже качан жашап өткөн? Ал күүнү өзү чыгарганбы? Мургабчы кыргыздардын комуз репертуары ала-тоолуктардыкынан канчалык айырмаланат? Бул ирет мени кызыктырган суроолорго жооп ала алган жокмун.

Ыраң-Көлгө барганда Курбанбайдын шакирттеринин бирин көрдүм (эң жогорку сүрөттө), бирок шашпай отуруп сүйлөшүүгө мүмкүндүк болгон жок. Марбет эже да өз кезинде ушул кыздай сулуу жан болсо керек деп элестеттим.
XS
SM
MD
LG