Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:11

Жаш таланттардын мектеби


Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатта таланттуу балдар окушат.

Мектеп-интернатта республиканын ар кайсы аймактарынан келген жаш таланттар фортепиано, кыл аспаптар, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар менен кошо жалпы билим алышат.

4-класстын окуучусу Айтыкан Канатбек кызы фортепианодон билим алып, скрипканы да үйрөнүп жатат. Анын айтымында, музыкалык мектепке ата-энеси анын шык-жөндөмүн баамдап туруп алып келишкен. Азыр фортепиано үчүн жазылган майда этюддардан баштап, чакан музыкалык пьесаларды ойноого жетишкен.

3-класстын окуучусу Темиржан Кыдыралиев болсо скрипканы өз каалоосу менен тандап алган. Азыр окуу эрежеси боюнча жумасына үч жолу бир сааттан сабак өтүү менен кошо күнүгө бир сааттан машыгып, келечекте конкурстардын лауреаты болуу максатын койгон.

Скрипкадан сабак берген мугалим Жылдыз Касымова бул музыкалык мектептен таалим-тарбия алгандар башка балдардан айырмаланып турушарын белгилди.

- Музыкалык мектепке келип окуган балдардын башка балдардан айырмасы абдан чоң. Музыка өнөрүнө келген балдардын ички дүйнөсү таза, ачык, мээримдүү, боорукер болушат. Ошол үчүн ата-эне баланы музыкага бергенде туура иш кылдым деп ойлошу керек. Баланын кийинки жашоосуна музыка абдан жардамын берет деген ойдомун.

Жылдыз Касымованын айтымында, бул мектепке сезимтал, таланттуу балдар тандалып алынат. Быйыл жайында бир нече окуучу Италияга барып өнөрлөрүн тартуулап келишкен.

- Биздин кыргыз балдарды чет мамлекетке көп чакырышат. Себеби чет өлкөдө маданият, көркөм өнөрдү абдан жогору баалашат. Биз жайында Евробиримдиктин чакыруусу менен Италияга барып келдик. Ал жерде таланттуу балдарга мамиле такыр башка экен. Абдан сыйлашты. Музыкадан окуткан мугалимдердин маянасы да абдан жогору экен. Ошондуктан биздин бийлик маданиятка көңүл буруп, көтөрмөлөсө жакшы болот эле. Мисалы, биздин мектепте музыкалык аспаптардын эскилиги жеткен. Эгерде жаңы аспап болсо балдар да кызыгып машыгышмак.

Мына ушундай таланттарды тарбиялаган Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектептен тарбияланып билим алышкан жүздөгөн бүтүрүүчү өнөрпоздор учурда кыргыз музыка өнөрүн өркүндөтүп жатышса, ондогон музыканттар эл аралык сыйлыктардын лауреаттары болушкан. Бир даары чет өлкөдө мыкты оркестрлерде иштеп жүрүшөт.

Кыргызстан Эгемендик алгандан кийин аталган музыкалык мектепке көп көңүл бурулбай калганы жашыруун эмес. Атүгүл айрым чиновниктер бул жерди багар-көрөрү жок балдардын жатак мектеби деп ойлоп, турмуш шарты начар балдарды мектепке алгыла деп телефон чалышып, жогору жактан көрсөтмөлөр болгонун окуу жайдын жетекчиси Исрадин Аманбаев белгиледи.

- Кайра куруу мезгилинде биздин мектеп-интернатты багар-көрөөрү жок балдарды тарбиялоочу интернат деп түшүнүп алгандар бар экен. Мына ошол мааниде Орусияга иш издеп кетип жаткан ата-энелер балдарын ушул жакка таштап кете бериптир. Анын арасындагы балдардын угуусу начары да, шык-жөндөмү анча эмеси да кабыл алынып, окуу жайыбыздын аброю өтө төмөндөп кеткен. Мына ошолорду биз тазаладык. Учурда акыркыларын тазалап жатабыз. Мен келгенден бери ушул жагына абдан көңүл буруп, биринчи класска жөндөмдүү балдарды олуттуу сынак менен ала баштадык.

Исрадин Аманбаев жетекчи болуп келгенден бери ата-энелер менен кеңешип туруп интернатка биринчи, экинчи класстын окуучуларын жана мыкты окуган балдарды, конкурстарда лауреат болгон таланттууларды жаткырышат. Начар окугандарга жатаканадан орун бермек түгүл, окуудан чыгаруу маселеси дагы каралат экен.

Мурда ар бир баланын тамак-ашына 40 сомдон каралып келсе, эки жылдан бери 150 сомдон бөлүнөт.

Жаш таланттардын мекени делген мына ушул Абдыраев атындагы музыкалык-мектеп интернатта элүү жылга чукул мезгилде жүздөгөн балдар тарбияланып чыкса, учурда 450 бала окуйт. 240 бала интернатта жатат. Негизинен мектепке шыгы бар, таланттуу окуучуларды 7 жашынан баштап кабыл алышат.

Кыргыз ССРинин президиумунун 1965-жылдын 4-ноябрдагы токтомунун негизинде таланттуу балдарды окутуу үчүн республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты түзүлгөн.

1985-жылы Кыргыз ССРинин министрлер советинин токтому менен чыгаан композитор Мукаш Абдыраевдин ысымы ыйгарылган. Учурда мектепте жалпысынан жүз жетмишке чукул адам эмгектенет. Алардын жүз отуз беши мугалим.

Мектептин интернет сайты бул жерде.
XS
SM
MD
LG