Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Таластагы жатак мектептин талашы


Таластагы оорулуу балдардын жатак мектеби.
Таластагы оорулуу балдардын жатак мектеби.

Талас районундагы акыл-эси жетилбей калган балдардын жатак мектебине окуучуларды кабыл алууга жана кайра чыгарууга байланыштуу айрым ата-энелер менен мектеп жетекчилиги араздашып жатат.

Тараптар бири-бирин мыйзамсыз иштерге барып жатат деп айыпташууда.

Сегиз жаштагы Дастан 2013-жылы бир жума Кум-Арык айылындагы оорулуу балдарга ылайыкташкан облустук жардамчы мектеп-интернатка барып окуган. Ар бир суроого бир саам ойлонуп, анан жылмайып жооп берген кара-тору балакай азыр ал жака кайра баргысы келбейт. Муну ал интернатта достору жок экени жана үй-бүлөсүнө алыс болгону менен негиздейт:

Дастан
Дастан
- Мен ал интернатка баргым келбейт. Ал жакта балдар урушат. Чарчадым...

Чоңойгондо доктур болгусу келген Дастанды 2012-жылы ата-энеси өз айылындагы мектепке 1-класска берген. Оорусуна байланыштуу жергиликтүү социалдык коргоо башкармалыгында каттоодо тургандыктан, 2013-жылы анын үйүнө акыл-эси жетилбей калган балдардын жатак мектебинен мугалимдер келип, каттап кетишкен.

Дастан интернатта бир жумадай окугандан соң атасы Авасбек Низамов аны кайра өз айылындагы мектепке алып келип киргизген. Мунун чоо-жайын Авасбек мындайча түшүндүрдү:

- Баламды көрөйүн деп барсам, ал жердеги балдардын баары оорукчан экен. Сүйлөй албагандары, акыл-эси такыр эле өспөй калгандары жүрөт. Менин балам да оорукчан, бирок алардай эмес. Алты айлыгында баш сөөгүнө суу топтолуп ооруган. Жыл сайын башынан суу алдырып турабыз. Мен уулумду интернатта калтырууну каалаган жокмун. Класс жетекчисине айтсам, “директор менен сүйлөшүңүз”,- деп көнбөй койду. Директорунун фамилиясы Орозалиев экен. Ал кишиге айтсам, кайра мага догурунуп, “балаңды алып кетчү болсоң, сотко берем, бүт мүлкүңдү мамлекетке өткөртүп салам” деп айтты. Ага карабай, баламды алып баса бердим. Бир аптадан кийин эле прокуратурадан чакыруу келди. “Баласын алып кетип калды”,- деп биздин үстүбүздөн директор арызданыптыр...

Авасбек Низамов
Авасбек Низамов
Прокуратурага түшүнүк кат жазып берген Авасбек эми жатак мектептен баласынын документтерин ала албай убара. Дастандын апасы Гүлзат Уметалиева бир канча жолу интернатка барганы менен эч кандай жыйынтык боло электигин айтат:

- Документтерди такыр эле бербей жатат. Бул туура эмес. Балабызды каерде окутууну ата-эне болгон соң өзүбүз чечебиз да... Интернаттан жогору жака отчет беришкенде менин баламдын да тизмеси кетет. Уулум үчүн берилген гуманитардык жардамдар мугалимдерге же директорго тиет. Ошондуктан баламдын документин бербей жатат деп ойлдойм.

Дастан азыр айылындагы мектепке эле барып жүрөт.

Макалабыздын дагы бир каарманы ушул эле айылдын тургуну Анара Казакова.
Ал 2013-жылы таанышынан интернат тууралуу угуп, 10 жаштагы кызы Айперини алып барып, ал жерге жайгаштырып келген. Бирок интернат оорулуу балдарга ылайыкташканын үч күндөн соң билип, кызын кайра алып алган:

- Интернат тууралуу таанышымдан уккам. Ал мектепте колу жука үй-бүлөдөгүлөрдүн балдары акысыз окутулаарын айткан. Ишенип кызымды 28-августта интернатка алып барып, таштап келгем. Үч күндөн кийин барсам, ал жерде жалаң оорулуу балдар жүрөт. Коркуп кеттим. Кызымды алып чыгып келатсам, директору чакыртып, мени урушту. “Балаңарды интернатка киргизгенден чыгрганыңар тез экен, силерге көрсөтөм”, - деп айтты.

Анара кызын интернатка бергенде документтерин тапшырган эмес. Эч кандай келишимге да кол койбоптур. Ага карабай, интернат директору аны прокуратурага берип, “оорулуу кызын окуудан чыгарып алды” деп айыптаганын айтат:

- Прокуратурага берген арызында мени күнөөлөп, “кызын же мектепке, же интернатка жөнөтпөй атат” деп жазыптыр. Мектепте окуп жаткан кызымды антип айтканга кандай акысы бар? Деги эле менин кызымды өз интернатына зордоп окутууга ким уруксат берет ага? Ата-эне өзү билет да баласын каерде окутканды...

Анаранын кызы Айпери чын эле оорулуу эмес. Муну азыр ал окуп жаткан Жанчаров атындагы мектептин директору Динара Байгазиева да “Азаттыкка” тастыктайт:

- Эч жери оорубайт. Болгону колу жука үй-бүлөнүн кызы. Интернат тамак-ашын, кийим-кечесин камсыз кылат экен деп угуп эле, кызын ошол жака берип коюптур. Азыр өзүбүздүн мектепте жакшынакай эле окуп жүрөт.

Оорулуу балдардын интернатынын директоруна нааразы болуп жаткан ата-энелер Бакай-Ата районунда жашашат. Ал эми интернат Талас районунда.
Директор Кенжалы Орозалиев жогоруда аты аталган ата-энелерди тааныбай турганын билдирди:

Кенжалы Орозалиев
Кенжалы Орозалиев
- Ал болбогон сөз. Мен мындай фамилияларды эстей албай жатам. Эгер ата-эне баласын алып кетүүнү кааласа, кайра беребиз. Документти кайра алуу үчүн алар бизге “баласынын ден соолугу чың, күндүзгү мектепке барып окууга болот” деген тийиштүү медициналык тастыктаманы алып келиш керек.

“Мен мыйзамдуу жол менен гана иштейм” деген Орозалиев интернатка берилчү гуманитардык жардам же айлык акы окуучулардын санына көз каранды эместигин белгилейт.

Анын айтымында, эки жыл мурун балдарга орой мамиле жасаганы үчүн жумуштан бошотулган он чакты мугалим ушундай айла-амалдар менен аны жумуштан алууну көздөп жаткан болушу мүмкүн экен.

Бирок балдарына байланыштуу интернат жетекчилиги менен араздашып аткандар аларды директорго каршы тукурган да, көрсөтмө берген да эч ким болгон жок деп ишендиришүүдө.

Жергиликтүү байкоочулардын айткандарына караганда, бул өңдүү ызы-чуу Талас районундагы акыл-эси жетилбей калган балдар үчүн жатак мектептин айланасында байма-бай катталып келатат. Мурдараак мектеп директору менен ал жерден жумуштан алынган мугалимдер тобу жаңжалдашып жаткандыгы маалымдалган болчу.

XS
SM
MD
LG