Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Таластык дыйкандар арманын айтты


Дыйкан Какан Бакирова
Дыйкан Какан Бакирова

Таластан келген элүү чакты дыйкан казак өкмөтүнөн темир жол чек арасын ачып, кызылчаларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

Дыйкандар Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине келишип, Маймак темир жол бекетиндеги бажы тосмону алып салууну талап кылышты. Ушундай эле талап менен өкмөт үйүнө барышты.

Дээрлик бир айдан бери таластык дыйкандар кызылчасын Чүйдөгү Кайыңды кант заводуна жеткире албай жатышат. Буга Казакстандын бажычылары кызылча жүктөлгөн вагондорду өткөрбөй жатканы себеп болууда. Облус бийлиги бул маселе эки өлкө жетекчилеринин деңгээлинде чечилээрин айтууда. Буга чейин Казакстан бажыканалары Кыргызстандын сүт азыктарына тыюу салган эле.

Мээнет талаада, дыйкан митингде

Таластан ат арытып келген дыйкандардын ондогон өкүлдөрү күн шашкеде Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулду. Алар Казакстандын Талас облусу менен чектеш темир жол бажы тосмону алып, кызылчаны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүү талабын коюшту. Алардын бири Үсөнбек Казаков буларды айтты:

- Аба ырайына жараша 30-40 процент кызылчабыз чыкпай калды. Бул өзү Германиядан келген кымбат урук экен. Уруктун чыкпаганынан биз ойдогудай түшүмдү ала албай калдык. Ал урукту завод бекер берген жок. Биз өзүбүздүн там-ташыбызды, дүкөнүбүздү, мүлкүбүздү кредитке койгонбуз. Бут чогулган продукциябызды Кайыңды кант заводуна тапшыралы десек, Маймак станциясынан ары өтпөй турат.

Элчиликтин өкүлү чыгып, элчинин атына расмий түрдө кат жазууну митингчилерге сунуштады. Бул маселени казак тарап караганга даяр экендигин билдирип, митингчилердин эки өкүлүн сүйлөшүүгө чакырды.

- Булар кыргыз өкмөтү казак өкмөтүнө чыксын деди. Бирок биз да колубуздан келгенди жасайбыз, бул маселе эки өкмөттүн ортосунда чечилиш керек деп элчинин кеңешчилери айтты.

Сүйлөшүүдөн чыккан нааразы тараптын өкүлдөрү жазылган катка дыйкандардын колун койдуруп, элчиликтин кызматкерине беришти. Сүйлөшүүгө катышкандар казак тарап бул маселени кыргыз өкмөтү менен бирге карап, чечүүгө аракеттенет деген сөзүн айтышты.

Кызылча чирий баштады

Дыйкандардын айтымында, эгер Казакстан бажы бекетин ачпаса, 10 миң тоннадай кызылча жакынкы арада чирип, дыйкандар да, завод да кирешеден кол жууйт. Казак элчилигинен кийин митингчилер Өкмөт үйү көздөй жөнөштү. Алардын бири Сатканаалы Бапышов кечке жуук өкмөттүн өкүлү менен жолугуп, акыркысы маселени туура түшүнүп, ишемби күнү казак тарап менен келишим түзүлө турганын айтты. "Жакынкы арада маселе чечилчүдөй болуп жатат, бирок эртең биз дагы бир жолу жолугушабыз го", - деп кошумчалады ал.

Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүүчү бөлүмүнүн башчысы Анара Бекбулиева бул маселе өкмөттө каралып жатканын жана жакынкы арада чечилерин "Азаттыкка" билдирди.

- Кайыңды кант заводунун башчысы Макеев азыр ошол жакта, Маймакта жүрөт, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп. Мындан сырткары өкмөт тарабынан да иш-аракеттер көрүлүп жатат. Бул эми чечиле турган маселе.

Ошону менен катар Беккулиева Кайыңды кант заводу 100 миң тоннадай кызылча алып, иштетип жатканын кошумчалады.

Кыргыз-казак чек арасындагы Маймак темир жол станциясына бажы тосмосун Казакстан 2-августта жаап, бирок өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра 24-октябрда ачканы маалымдалган.

Бирок "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы иш жүзүндө Маймак бажы бекети казак тараптан жабык экенин өз көзү менен көргөн. Буга чейин Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарына тыюу салганы эле.


Таластык дыйкандар Казакстанга нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

XS
SM
MD
LG