Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Талас: үнөмдү үйрөткөн кымбатчылык


Көмүр. Бишкек
Көмүр. Бишкек

Электр энергиясы кымбаттаганы Таласта отундун баасы да көкөлөдү. Жергиликтүү сатуучулар коңшу Казакстандан келген көмүргө суроо-талап көп экенин айтышууда.

Электрдин кымбаттаганына байланыштуу Таласта көмүр алып, кыштын камын көргөндөр арбын. Бирок көмүрдү тонналап түшүрүп алуу баарынын эле капчыгына чак келбейт.

Беш-Булак айылынын тургуну Токтобек Кудайкулов бир тонна көмүр сатып алган. Ал ушунча көлөмдөгү отун менен былтыркы кыштан чыкканын айтып, быйыл да үнөмдөй турганын айтты:

- Токой чарбасы менен келишим түзүп, бир машине отунду 1500 сомго түшүрүп алдым. Биз көбүнчө көң менен чыгабыз, кез-кезде электр жылыткычын саябыз, көмүрдү өтө катуу суук болгондо жана жагабыз. 4300 сомго Кара-Кеченин көмүрүн сатып алдым, Шабыркүлдөн келген көмүрдүн тоннасы 5000-5200 сом экен. Мен үчүн бул өтө кымбат. Малы жок, жалаң электр жаккан коңшуларга кыйын болду.

Кудайкуловго окшоп отунду үнөмдөп кыштан чыгабыз дегендер аз эмес. Ак-Дөбө айылынын Ырысбү аттуу тургуну электр баасы кымбаттаганга байланыштуу темир меш сатып алган экен:

- Мурда тогуз бөлмөлүү үйдү свет менен жылытчубуз. Былтыр ай сайын 7-8 миң сомдон төлөп турдук. Быйыл эми 2600 сомго меш сатып алып, ашканага койдурдум. Эки бөлмөнү жылытканга күчү жетет. Аздан көмүр салып коём. Ушул эле жакшы экен.

“Түндүк электр” ишканасынын Талас филиалынын менеджери Шүкүрбек Осмонов электр энергиясы кымбаттагандан бери эл аны үнөмдөй баштаганын айтууда:

- Электр баасы 70 тыйын кезде эл көп колдончу. 1-августтан тарта 700 киловаттан ашыргандар 2 сом 16 тыйын төлөйт дегенден бери эл үнөмдөй баштады. Муну 2013-жылга караганда, 2015-жылы электр азыраак колдонулганынан байкоого болот. Суук түшсө кандай болот, азырынча айтуу кыйын. Бирок электр энергиясын колдонууну чектебейбиз. Авария же ремонт учурунда эле болбосо, калган учурда жарык өчпөйт.

Электрдин кымбатташы менен Таласта Казакстандын Шабыркүл көмүрүнө суроо-талап жогорулаган. Бирок “Мырзаш-Ата” көмүр базасынын жетекчиси Муктарбек Чойбековдун айтымында, бул көмүрдүн табы көпкө сакталбайт. Ошол себептүү сатуучулар аны башка көмүр менен аралаштырат.

- Казакстандан алган көмүрдүн сертификаты бар. Бирок ачык айтуу керек, Шабыркүлдүн өзү сатылбайт. Кара-Кече-Шабыркүл, Караганда-Шабыркүл кылып аралаштырабыз. Ошол аралашма 5000-5200 сомдон, Кара-Кеченин таза көмүрү 4300 сомдон сатылып жатат. Эки жылдан бери эл көмүрдү көп ала баштады. Былтыр ушу маалда 2000 тонна көмүр сатсак, быйыл 2500 тонна сатып койдук. Свет кымбат ошондуктан, эл көмүргө өтүп жатат, - деди Муктарбек Чойбеков.

Учурда Таласта карапайым эл эле эмес, мамлекеттик мекемелер да электрди үнөмдөй баштады. Облустук администрациянын Аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун маалымдашынча, бюджеттик 12 мекеме көмүр менен жылытууга өткөрүлгөн.

Былтыр Талас облусу боюнча 50 миң тонна көмүр керектелген, быйыл 50 миң 735 тонна жагылат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG